Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кемел Ашыралиев: “Акылбек Жапаров иш жүзүндө Арслан Малиевге караганда кыйла билимдүү”

Кемел Ашыралиев: “Акылбек Жапаров иш жүзүндө Арслан Малиевге караганда кыйла билимдүү”

29-май, 21:48
1 610 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кемел ага, мен сизге суроону кабыргасынан эле коёюн. Арслан Малиев парламенттин трибунасынан Кумтөр кенинин кирешесинен Нарын облусуна дагы акча бөлүүгө каршы чыкты. Ал буга байланыштуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду сындап, анын кызматтан кетишин талап кылды. Ушул боюнча эмне дейт элеңиз?

-- Буга чейин президент Садыр Жапаров Нарында жергиликтүү тургундар менен жолукканда облусту өнүктүрүү фонду түзүлүп, ага жыл сайын Кумтөр кенинен жылдык дүң пайдасынын 0,6% бөлүнүп турарын билдирген. А министрлер кабинетинин төрагасы 24-майда Кумтөрдүн кирешесинен Нарын облусун өнүктүрүүгө акча берүү тууралуу чечимге кол койгон. Менимче, өкмөттүн бул чечими абдан туура. Садыр Жапаров бул маселени мурун депутат болуп жүргөндө эле көтөргөн болчу. Кийин президент болгондон кийин Нарын облусунун эли өтө татаал шартта күн кечире турганын сезсе керек, анан өкмөткө туура тапшырма берди да. Ал эми Арслан Малиевге келсек, аны кагылып-согулуп калды, пайгамбар жашынан өттү, эстүү жигит (!) деп жүргөм, жаңылыпмын, бул дале “чийки” бойдон экен. Ал Нарындын өтө катаал жашоо шартын, санжыра-тарыхын билбейт окшойт. Көл менен Нарын киндиктеш эл экенин пайгамбар жашынан ашкан адам сүрүштүрө жүрсө жакшы болмок жана ошондой эле бийик трибунада эл өкүлү катары сүйлөй турган сөзү терең, бир эле Көл элин эмес, чектеш болгон, тоо, суусу, жери бир болгон Нарынга эзели барбачудай айткан кептерин мен туура көрбөдүм. Мына мен Нарындын суугунда тоңуп, катаал шартында 30 жылдай иштедим. Эгер Малиев ошол жерде 5 жыл иштей турган болсо, жанагы үрпөйгөн чачы түшүп калмак. Нарындын кыйынчылыгын билбегенден кийин ошо да депутатпы? Ооба, Кыргызстан боюнча эки облустун кыйынчылыктары бар. Алардын бири Нарын, экинчиси Баткен. Салыштырмалуу Баткендин климаттык шарты жылуу. Жер-жемиштер өз убагында бышат. Болгону чек ара маселеси опурталдуу болуп турат. Ал эми Нарында чыдаган адамдар гана чыдайт. Ошон үчүн Нарын облусуна өкмөт, президент жана бийликтин баардык бутактары аяр мамиле кылып, көңүл чордондорунан эч качан чыгарбоосу керек. “Жаман айтпай жакшы жок” дегендей, эгер Кумтөрдөн уулуу зат сактаган жерден калпыстык кетсе, эң ириде Нарын жери, эли жабыркайт. 

-- “Акылбек Жапаров отставкага кетсин!” деп ийди. Буга эмне дейт элеңиз?

-- Э-эй, Акылбек Жапаров иш жүзүндө Аррслан Малиевге караганда бир нече эсе билимдүү. Акылбек Жапаровдун ордуна кыйынчылык убакта иштеп көрсүнчү, ал чимкиригин тарта албай калмак. Жөн эле отуруп алып, “депутатмын” деп оозуна келгенди сүйлөгөндү токтотуш керек. Акылбек Жапаров макро-микроэкономиканы билген мыкты адистин бирөө. Андай таланттуу, тажрыйбалуу эч ким жок.     


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер