Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Махабат Мавлянова: “Мыкаачы эркектерге каршы мыйзамдар менен күрөшө албайбыз”

Махабат Мавлянова: “Мыкаачы эркектерге каршы мыйзамдар менен күрөшө албайбыз”

19-июнь, 23:32
443 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Сузактагы окуядан соң Жогорку Кеңеште козголуу болдубу? Үй-бүлөсүнө кордук көрсөтүп, өрттөп, сабап, ж.б. зордук-зомбулук жасагандарга жаңы мыйзам долбоорлору барбы?

-- Сузактагы окуя абдан оор тийди. Коомду силкинткен кыргыз аялдарынын зомбулуктан жабыр тартып, жонуна дөңгөлөк илингени кейиштүү элес. Мындай көрүнүштөр ачыкка чыкпайт, бирок көп үй-бүлөлөрдө кездешет. Кыргыз аялзатынын бекемдигинен, чыдамкайлыгынан сыртка чыкпай, акырында ден соолуктарынан ажырап, түрдүү ооруга чалдыгып, азап тартышат. Социалдык тармак болгон үчүн бул үй-бүлө окуясы жайылып кетти. Бул жердеги көрүнүш аялзатына болгон жүрөк титиреткен мыкаачылык мамиле болду. Мыйзамдар менен элди, коомду, эркектерди өзгөртө албайбыз. Коомчулук өзү аракет жасап, уюмдар, айылдык кеңештер, активисттер, абройлуу адамдар таасирин тийгизип күрөшпөсө, майзам менен коркутуп күрөшө албайбыз. 

Зордук-зомбулук боюнча учурда маселе каралган жок. Буга чейин каралган. Жоруктар кодексинде кандай жазалар бар? Арыз берген кат болсо, ошонун негизи менен мыйзамда каралат. Жазалары айтылат. 

 -- Ачыкка чыкпаган маселелерде кандай жардам керек, балким психолог кеңешиби?

-- Бир үй-бүлөнүн сыры жок дегенде кошуналарына, жакын адамдарына маалым болот да. Зомбулук болчу үй-бүлөнү билгендер кайдыгер карабай жардам бериши керек. Ар бир айыл өкмөт милдет катары моюндарына алып, туура багытта иш алып баруулары зарыл. Кошуна-колоң, дос-курбу, тууган болобу, үй-бүлө мүчөлөрүнө карата системалык түрдө ырайымсыз мамиле жасалып жатса, унчукпай басып кетпей, аксакал, айыл башчылары, коңшу-колоң чогулуп барып, ал жаранды акылга чакырып иш алпарса, көп жамандыктын алдын алабыз.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер