Алтын кымбат, көрсөткүч төмөн: Кумтөр кайда баратат, эртеңи кандай болот?


Тоокен тармагына жана Кумтөр кенине кененирээк токтоло турган болсок, быйыл жыл жыйынтыгы менен бюджетке 50 миллиард сомдон кем эмес каражат түшөт деген маалыматтар бар. Бул, албетте, абдан жакшы көрсөткүч.
Эң негизгиси, Кыргызстандагы эң ири инвестиция болуп эсептелген долбоорлордун бири дал ушул Кумтөр алтын кени. Ошондой эле Талды-Булак, Жерүй сыяктуу алтын кендери да ири салым кошуп жатканын белгилеп кетүү керек.
Бирок жалпы масштабда алып караганда, өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ, элге кеңири белгилүү, экономикалык көрсөткүчтөрү так көрүнүп турган долбоор – бул Кумтөр.
Эми Кумтөрдүн сандык көрсөткүчтөрүнө токтоло кетели.
2024-жылдын жыйынтыгында жалпы киреше 80 миллиард сомду түздү. План боюнча 55 миллиард сом болушу керек эле, демек план 25 миллиард сомго ашыкча аткарылды.
Таза киреше 36 миллиард сом болду.
Бюджетке төлөнгөн салыктар менен милдеттүү төлөмдөрдүн көлөмү 16 миллиард сомдон ашты.
Жыл аягына чейин дагы кошумча 19 миллиард сомго жакын каражат түшөт деп күтүлүүдө.
Бул көрсөткүчтөр абдан жакшы натыйжа экенин ачык көрсөтүп турат.
Ошол эле учурда адистер арасында мындай пикирлер да айтылат: эгерде ички процесстер туура жөнгө салынса, көйгөйлөр ачык айтылып, өз убагында чечилсе, Кумтөр мындан да көп пайда алып келиши мүмкүн.
Тарыхына кайрылсак, Centerra Gold компаниясы Кыргызстанга бул долбоорду өткөрүп берип жатканда ГКЗнын балансында 180 тонна алтын бар экенин көрсөткөн. Алардын долбоору боюнча 2032-жылга чейин жылына 17 тонна алтын өндүрүү каралган.
Бирок иш жүзүндө биринчи жылы кандайдыр бир себептер менен болжолдуу 17 тонна өндүрүлгөнү менен кийинки жылдары көрсөткүчтөр төмөндөй баштаган:
Бир эки жылдан кийин – 15 тонна, андан соң – 14 тонна, акыркы жылдарга жакын калганда – 12,5 тонна деңгээлине чейин түшүп калган.
Мындайча айтканда, болжолдуу түрдө 11 тоннадан ашыгыраак алтын өндүрүлөт деген дагы маалыматтар болуп жатат. Бул көрсөткүч менен жылды жыйынтыктасак, быйылкы жылдын планы да толбой калышы мүмкүн.
Бул көрүнүш адистердин арасында көп талкуу жаратат. Айрымдар муну табигый процесс десе, башкалар мында башкаруу, технология жана стратегия маселелери бар экенин айтышат.
Бирок азыркы учурда Кумтөрдө иштеп жаткан адистер, рудниктеги жетекчилер колунан келгендин баарын жасап, пландарды аткарууга аракет кылып жатышканын танууга болбойт. Алар долбоордо көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрдү камсыз кылуу үчүн үзгүлтүксүз иштеп жатышат.
Ошол эле учурда бизде, адистер арасында, Кумтөргө барып, жеринде көрүп, адистер менен түз сүйлөшүп, көйгөйлөрдү ачык талкуулап, сунуштарды берип, биргелешип чечүү зарыл деген пикирлер да бар.
Мен ал жердеги адистердин кесипкөйлүгүнө, эмгекчилдигине эч кандай шек келтирбейм. Алар өз ишин мыкты билген, ошол жерде күн-түн дебей иштеп жаткан адамдар.
Бирок суроолор да бар. Эмне себептен мурдагыдай көрсөткүчтөр сакталбай калды? Эмне үчүн айрым пландар толук ачылып, коомго так түшүндүрүлбөй жатат?
Биз быйыл Бишкекте жетекчилик менен жолугуп, план түзүп, ассоциациянын адистери менен бирге Кумтөргө барып, жеринде кеңешме өткөрүп, реалдуу абалды көрүп, маселелерди чогуу талдап, сунуштарды берели деген ой-тилектерди айтканбыз. Тилекке каршы, айрым себептерден улам бул демилгелер толук ишке ашпай калды.
Мисалы, биз буга чейинки көрсөткүчтөрдү, көйгөйлөрдү башкармалыктын кеңешмесинде отуруп карап, өзүбүздүн сунуштарыбызды айтып, биргелешкен форматта иштеп келген болсок, тилекке каршы, бул жылы такыр мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн жок.
Эми бул көрүнүштү божомолдоп айтып жатабыз. Себеби Кумтөр кенин Бишкек кеңсесинде отурган жетекчилердин өздөрүнүн ой-пикириби, бирок биз башка маалыматтардын негизинде мындай жыйынтыкка келдик.
Бул түздөн-түз «Кыргыз-Алтын» ачык акционердик коомунун жетекчилиги тарабынан ушундай көрсөтмөлөр берилгендей таасир калтырат. Кумтөр кениндеги маалыматтар сыртка чыкпасын деген ой-пикир жаралып, түз маалыматтар берилбей, коомчулукка жана бизге окшогон адистерге байланыш толугу менен үзүлүп калганын билгизет.
Мен көрсөткүчтөрдүн жылдан-жылга түшүп жатканына гана токтолуп кеттим. Азыркы учурда алтын өндүрүмдүүлүгүнүн өздүк наркы 3100 долларга чыгып калды. Бул өтө чоң көрсөткүч. Мындайча айтканда, чоң каражаттар жумшалып жатканын билдирет.
Мисалы, мындан бир нече жыл мурун өздүк нарк 1200 доллардын тегерегинде болсо, азыр бул көрсөткүч 3120 долларга чейин чыккан. Азыркы учурда бир унция алтындын баасы 4300 доллардан кем эмес болуп жатат. Бул деген жумшалып жаткан чыгымдар жабылып, андан тышкары таза кирешелер да көрүнүктүү болуп жатканын билдирет.
Эгерде алтындын биржадагы баасы 3000 доллардан төмөн түшүп кала турган болсо, бул долбоор кирешенин эмес, чыгашанын үстүндө иштеп калат деген коркунуч бар.
Андан сырткары, вскрыша жүргүзүү учурунда мөңгүлөрдү алып, башкача айтканда, өзгөчө жерлерге жайгаштыруу маселелери да бар. Бул боюнча экологиялык жагдайлар жаралышы мүмкүн. Себеби алтын өндүрүүчү блоктордон алынган муздарды борбордук отвалга же вскрышный породалар жайгаштырылган отвалдарга төгүүдө, ал жердеги оор металлдар муз эриген учурда сууга кошулуп кетүү коркунучун жаратат.
Ошондуктан бул иштер экологиялык жактан катуу көзөмөлгө алынышы керек деген ойду билдирет.
Мен билген маалыматтар боюнча алынган кен калдыктары, анын ичинде борбордук отвалдарга ташталып жатат. Айрыкча мени кооптонткон жагдай, ири көлөмдөгү муздардын, мөңгүлөрдүн борбордук отвалга жайгаштырылып жатканы.
Себеби бул аймактагы айрым породаларда оор металлдар бар. Алар эрип, суулар менен кошо Кумтөрдүн суусуна кошулуп кетүү коркунучу бар. Бул жагдай мени олуттуу тынчсыздандырат.
Менин оюмча, эгерде бул калдыктарды жана мөңгү массаларын башка, коопсузураак участокко, экологиялык жактан зыян келтирбеген жерге жайгаштырса, кырдаалды турукташтырууга мүмкүн болмок.
Мен буларды жөн жерден айтып жаткан жокмун. Бул – менин өзүм барып, өз көзүм менен көргөн фактыларга, байкоолорго жана алынган маалыматтарга негизделген пикир.
Ал эми быйылкы жылы кандай иштер жүргүзүлүп жатканы боюнча так айта албайм. Көйгөйдүн масштабына жараша аракеттер жетишсиз болуп жатат деген пикирдемин.
Андан сырткары, бүгүнкү күндө иштетилип жаткан 21, 22, 23-рудной блоктор бар. Алардын корлору 2028-жылы ачык жол менен иштетүүгө ылайыкталган запастар түгөнөрүн көрсөтүп турат.
Демек, биз кошумча жаңы кендерди табышыбыз шарт. Бул багытта кандай иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы да чоң суроо.
Эгерде биз бул маселелерди бүгүн чечпесек, 2028-жылдары ошол жерде иштеп жаткан миңдеген адамдар, чоң жүк ташуучу транспорттор, бургулоочу станоктор бош калып калат. Аларды кайсы объектилерге жайгаштырабыз? Жумуштан бошогон адамдардын тагдыры эмне болот? Мындай көйгөйлүү маселелер да бар.
Азыркы учурда адистердин жакшы иш-аракеттеринин негизинде жер астында иштетиле турган алтын запастары ишке киргизилди. Бирок жер астындагы өндүрүш ачык ыкмага салыштырмалуу көлөмү жагынан аз болот. Көлөм азайган сайын экономикага кошкон салымы да төмөндөйт.
Мурунку планга киргизилген иш-чаралардын негизинде ушул жылдын жарым жылдыгынан кийин жылдын аягына чейин 1,5 тонна алтын алына турган болсо, биз билген маалыматтарга ылайык болгону 100 кг дан ашык эле алтын алыныптыр. Бул деген жер астында иштете турган алтынды иштетүү шаттары өтө оор болоорун көлөмү аз болоорун дагы бир жолу билгизет. Эмне себептен мындай себептерине көнүл бурушубуз керек?
Эгерде ачык жол менен иштетиле турган кендер 2028-жылы эле түгөнө турган болсо, жер астындагы өндүрүшкө кошумча алтын берчү жаңы запастарды азыртан табуу, чалгындоо иштерин жүргүзүү зарыл.
Алтындын баасы өсүп турган учурда бул иштерди тездетип аткарсак, экономикабызга чоң салым кошмокпуз.
Андан сырткары, хвостохранилищада жайгашкан 110 тоннадай алтын бар. Бул алтынды иштетүү маселеси көптөн бери көтөрүлүп келет. Ал жердеги алтынды өндүрүп алса болот деген пикирлер бар. Бирок бул жерде эки суроо жаралат: Анын бөлүп алуу коэффициенти канча болот? Колдонулуучу технология экологияга кандай таасир этет?
Дүйнөлүк практикада коэффициент 30–40% болушу мүмкүн деген маалыматтар бар. Ошондой эле бул процессте чоң көлөмдө көмүр же солярка колдонулушу мүмкүн. Алар миңдеген, он миңдеген тоннага жетиши ыктымал.
Эгерде ошол күйүүчү майлар колдонулуп, хвостохранилищадан алтын бөлүнүп алынса, экологиялык маселе кандай болот? Бул суроолор сөзсүз алдын ала чечилиши шарт.
Анткени бул маселелер алтындын бир унциясына кеткен өздүк наркка түздөн-түз таасир этет. Азыркы учурда рудниктеги өздүк нарк 3120 доллар болуп жатса, ага кошумча чыгымдар кошулуп 4000 доллардан ашып кетсе, бул долбоор кирешелүү эмес, чыгашалуу долбоорго айланып калышы мүмкүн.
Алтындын бир унциясына кеткен өздүк наркы 3120 доллар болуп жаткан чакта, мисалы, ошол эле учурда Жер-Үй алтын кенинде бир унциянын өздүк наркы болгону 1800 долларды түзөт. Анда эмнеге бир унция алтындын наркы 3120 долларга чейин өсүп кетти? Бул эмнеден улам болууда? Мүмкүн, финансылык-экономикалык көрсөткүчтөргө кошумча чыгымдар кошулуп жатабы? Эгер ошондой болсо, ошол кошумча каражаттар боюнча кийинки макалаларда өзүнчө токтолуп кетсек болот.
Кумтөр кенинде ЗИФте алтынды бөлүп алуу коэффициенти акыркы жылдары 70 пайыздын тегерегинде эле болуп келүүдө. Ал эми Жерүй алтын кенинде бул көрсөткүч 91,7 пайызды түзөт. Анда эмне себептен Кумтөрдөгү алтынды бөлүп алуу коэффициенти жылдан-жылга төмөндөп келе жатат?
Долбоор боюнча бул көрсөткүч 83 пайыздан кем болбошу керек эле. Бирок, тилекке каршы, айрым учурларда 70 пайызга, ал тургай 60 пайызга чейин түшүп кетип жатат деген сөздөр айтылууда.
Ушул сыяктуу маселелерди Кумтөрдүн жетекчилиги менен ачык талкуулап, пикир алмашсак деген оюбуз болгон. Тилекке каршы, ал ой ишке ашпай калды. Буга эмне себептен «Кыргыз-Алтын» ачык акционердик коому тоскоолдук жаратып жатканы бизге түшүнүксүз.
Биз бүгүнкү күндө адистик сунуштарыбызды берип, жардам көрсөтүүгө гана даяр экенибизди билдиребиз. Бул туура түшүнүлсө жакшы болмок.
Балким, «Кыргыз-Алтын» өз эмгегин чоң деп эсептеп, кирешелерди өз эмгеги катары көрүшү мүмкүн. Бирок биринчи кезекте мындай көрсөткүчтөр алтындын дүйнөлүк баасынын өсүшү менен байланыштуу экенин ачык айтыш керек.
Ал эми өндүрүмдүүлүк эмне үчүн жылдан-жылга азайып жатканы, жогоруда айтылган көйгөйлөр эмне себептен жаралып жатканы боюнча реалдуу иш-аракеттер жасалышы керек. Тилекке каршы, азырынча андай кадамдар байкалбай жатат.
Биз Кумтөр долбооруна жардам берүүгө даярбыз.
Дүйшөн Камчыбеков, Тоокенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы










