Эсенгул Исаков, экс-депутат: “Союз убагында беш айда автоунааны оңдогонду үйрөнүп, айдоочулук күбөлүк да алчубуз”


-- Эсенгул агай, айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн бир жыл эки ай окуу демилгеси көтөрүлгөнү туурабы? Бул аракеттер акча жасоого айланып кетпейби? 2026-жылдан баштап мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр жараксыз абалга келсе, мунун артында кандай кызыкчылыктар болушу мүмкүн?
-- Бул мөөнөттү эмненин негизинде бекиткенинен маалыматым жок. Бирок бир жыл эки ай деген өтө эле көп убакыт. Союз убагында армияга кетерде беш ай ДОСААФ мектебинде айдоочулук окууну бүтүрчү элек. Ал жерде аскер тартибинде окуп, автоунаанын (грузовой) баардык агрегаттарын жаттап, практика жүзүндө оңдогонду да үйрөнчүбүз жана профессионалдык айдоочу күбөлүгүнө ээ болгонбуз. Ал эми бүгүнкү күндө айдоочулук күбөлүктү алууга үч ай ичинде жол эрежесин, айдоочунун этикасын үйрөнүүгө абдан эле жетиштүү болот.
"Азия Ньюс" гезити











