Чуулгандуу качанаак Эмил Жамгырчиев шайлоодон эмнеге баш тартты?


Парламентке депутат болууну кыялданган талапкерлердин ичинен эң көп сын-пикирлер Эмил Жамгырчиевге “жаап” жатты эле, акыры артка кетенчиктеп, шайлоого катышуудан баш тартты. Күч органдарынын билермандары коомдук абалды байкап, “чүлүктөнгөн” неменин арызын алдырып коюштубу? Ар кандай версиялар болушу мүмкүн. Бирок Эмил Жамгырчев өзү билдиргендей, “үй-бүлөлүк шартка байланыштуу” эмес го?
Эске салсак, анын Өзбекстандык кримавторитет Салимбайга жазган каты, жансоога сураганы, бийликтегилерди жазалатууга батынганы, анан кылмыш иши козголгондо Жогорку Кеңештин терезесинен секире качып, шаар аралай безгени, кийин Тилекмат Куреновдун паспортун Дубайдан “согуп” кетүүгө шектелгени, кыскасы, аз өмүрүндө тирукмуштай окуяларга кириптер болгону ачыкталып, кеңири айтылды. Мурда козголгон кылмыш иштерине да чекит коюла элек экен. Мындай шартта көмүскөдөн соодалашканбы? Албетте, Эмил Жамгырчиев бийликке таянса, кедергисин тийгизип, тескери сөз дагы ырбап кетмек да, туурабы? Анан оңдой-берди болбой, коомчулук козуй баштаганда, жек көрүүлөр арбыганда, “тизгинин тартып” коюшту окшойт. Саясый оюндан тээп салгандай образ жаралды...
Азыр коомчулук деле таза, арты булганбаган, билимдүү, тажрыйбалуу адамдардын депутат болуусун эңсеп турат. Тилекке каршы, амбициясы ашынгандар, чуулгандуулар атсалышууга арбын чыгып алышты. Мындай шартта ИИМ, УКМК, БШК дыкат анализге алышы шарт. Мурдагы булганычтарды мыйзамга жараша четтетүү зарыл. Эл өкүлү болууга умтулгандар электен өтүшүп, анан барып шайлоочулардын тандоосуна алынса...
"Азия Ньюс" гезити











