Артур Медетбеков, генерал: “УКТга каршы күрөш комплекстүү түрдө жүргөндө, мындан да чоң жетишкендиктер болмок”


-- Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү, аларга катыштыгы бар адамдар кармалып бүтпөй атат. Негизи УКТны түп-тамырынан жоготуу мүмкүн эмеспи?
-- Бүгүнкү күндө укук коргоо органдары, өзгөчө Улуттук коопсуздук кызматы уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөштү жарыялап, акыркы жылдары өтө орчундуу, таасирдүү көп иш аракеттерди жасашты. Кыргызстанда белгилүү болгон УКТ башчыларын жана аларга жан тарткан мүчөлөрүн кармап, катуу сокку урду. Бирок, УКТ мүчөлөрүнө каршы күрөш комплекстүү түрдө жүргөндө, мындан да чоң жетишкендиктерди бермек. Ошон үчүн күрөштү комплекстүү түрдө ишке ашырууга аракет жасаш керек.
-- Мисалы?
-- Мисалы, уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөштө жеке эле ага мүчө болгондорду кармоо менен чектелбестен, алар менен чырмалышып, байланышкан чиновниктерди дагы кармап, кылмыштуу ишке аралашкандарын таап, жазалаш керек. Анткени, кылмыштуу топторго кызмат кылгандардын эң коркунучтуусу: ак көйнөк кийип, галстук тагынып, кээ бир мамлекеттик органдарда орто же башкы жетекчилик кызматына чейин жетип, тымызын аларга колдоо көрсөткөндөрү, укук коргоо органдарында иштеп, даражалуу кызматтарга чейин өскөндөрү да бар. Ошон үчүн алардын уюшкан кылмыштуу топ менен байланышта болгон мезгилдерин, иш аракеттерин аныктап, массалык маалымат каражаттарына жазып, жоопко тартса, мамлекеттик кызматтан тазалоо иштери болмок.
-- Уюшкан кылмыштуу топ менен күрөш түрмөдө дагы жүрүшү керекпи?
-- Албетте, түрмөнүн ичинде эле эмес, түрмөдө иштеп, түшүнүк менен жашаган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышкан кызматкерлерди да таап, жоопко тартуу зарыл. УКТга каршы күрөштү күчөтмөйүн наркомафияны, наркотра́фикти жоюу кыйын. Анткени, наркотрафиктин негизги уюштуруучулары жана аны ишке ашыргандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү болушат. Укук коргоо органдарынын кээ бир ыплас кызматкерлери финансылык кызыкчылыктан улам ушундай иштерге аралашып кетишет. Ошон үчүн наркотрафикке колкабыш кылган кызматкерди жазаламайын, мындай иштерди токтотуу кыйын. Эң башкысы, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө мыйзамдуулукту туу тутуу зарыл. Мыйзам чегинде иш болбосо, негативдер жаралып кетиши мүмкүн.
"Азия Ньюс" гезити











