Кенесарынын өлүмү


(Уландысы. Башы гезиттин өткөн санында)
Биринчи согуш. Кенесары алгач 1845-жылы күздө азыркы Луговое темир жол бекети тушту жердеген кушчу Бүргө баатырдын уулу Калча бий эгин бастырып жатканда айылы менен чаап, өзүн 200 жигити менен туткундап кетет. Адольф Янушкевичтин жогоруда аталган күндөлүгүнүн 67-бетинде: “Долетела до нас весть о походе Кенесары на дикокаменных киргизов; слышно, что уничтожил 700 юрт, при этом не обошлось без жестокости, будто бы привязывали беременных женщин к кереге и вспарывали им животы. Наши киргизы говорят, что Кенесары поступал, как дикий зверь”.
Экинчи согуш. Алгачкы ийгилигине шыктана түшкөн Кенесары көп өтпөй Кара-Балтадан тартып Мерке, Олуя-Атага чейин солтонун жайыл уругунун конуштарына Жалпак-Төбө тараптан кирип, Акыр-Төбөдөн кол салат. Бирок, бул ирет эки тараптын күчү бирдей болгондуктан, Кене хандын колу айкашта жеңишке жетише албай, артка кайтат. (Б.Солтоноев. Кызыл кыргыз тарыхы. 1-китеп. 202-бет, З.Закиров. Кыргыз санжырасы. 129-бет).
Үчүнчү согуш. 1845-жылдан 1846-жылга караган кышта болгон бул окуя туурасында 1985-жылы Кайырма айылынын тургуну Зарлык байкеден жана 2007-жылы ошол эле айылдын тургуну Гүлиса ападан жазылып алынган санжырадагы баяндамасын бир-эки сөз менен айта кетейин. Кенесары кыргыздарды күн жылууда жеңе албай калгандан кийин, эми суукта жер тоңуп, ар ким өз үйүндө согумдун этине чоң тоюп алып оттун терегинде жатканда кол салууну ойлоп, мыкты жабдылган көп аскерин түнкүсүн жиберет. Ал кезде Чүй өрөөнүнүн төмөн жагы баштан-аяк адам өтө алгыс саз, камыш болгондуктан, камышты аралап келаткан көп колдун дабышын жакын айылдын элдери туюп калышат. Тезинен Чынгыш баатырдын айланасына чогулушуп, шамалдын өңүтүнө карата өрт коюп жиберишет да, өрттөн кача турган жагына Жамангара башында турган жигиттерден тозот коюп даяр турушкан. Өрттөн качып, алдыда келе жаткан султан Карабайды Жамангара сайып түшүргөн. Ал эми архивдик материалда Султан Сугур Кангазиндин жаз айында билдирүүсүндө мындайча айтылат: “Во время пребывания Джалмамбета в аулах Кинесары, (1846-жылдын жазына чейин жүргөн) последний посылал на дикокаменных киргизов (кара-киргиз) прошлой зимой две тысячи человек на баранту, но последовала сильная неудача, так что воротилась только половина, а прочие убиты, в том числе султан Карабай и прочие султаны, по именем мне неизвестные. (Национально-освободительная борьба казакского народа под предводительством Кенесары Касымова, сборник документов. 459-стр. РК БМАФ. 4. оп. д. 2378. 136-137-б.).
Кезектеги ийгиликсиз чабуулдарынан кийин аскер башчыларын “күчтүү мамлекети жок беш-он болуп көчүп жүргөн кыргыздарды жеңе албайсыңар деп урушту” (А.Кенесариндин эскерүүсүндө. 22-бет). Кыязы адегенде кыргызды анча этибар албай келсе керек, эми эсине келип, азыр көптөрдүн бүйүрүн кызытып, талаш-тартыштарды жүргүзүп келаткан катын ошондо жазат.
Биринчиден, Кенесары кыргызга жардам сурап келген эмес. Айрымдар ойлогондой Кенесары макоо болгон эмес, кыргыз кошула калса эле “орусту Оролду ашыра коём” дегендей. Ал орустун күч кубатын, аскерин, курал-жарагын беш колдой билген. Ошондуктан Сары-Аркадан бери есаул Нюхалов баштаган 125 солдатка каршылык көрсөтө албай качып келаткан. Кенесарынын “оруска каршы согушалы” деп кыргыздан жардам сураган каты казак туугандардын ойлоп чыгарганы боюнча эле ооздон-оозго өтүп, аны айрым биздин тарыхчылар колдонуп жүрүшөт. Ал эми документ түрүндө жазылып калган бир гана А.Кенесариндин айтуусунда жазылган Смирновдун 1889-жылы Ташкенттен чыккан “Султаны Кенесары и Сыздык” деген баяндамасында: «Цель моего прихода сюда не враждовать и проливать кровь, а соединить силы киргизов и кара-киргизов в одно, отделить их от Коканда и вообще освободить от притеснений кокандцев (кыргыздар ошол учурда Кенесарысыз эле Коконго карабай турганы документтерде бар. – К.Ж.). Между тем случились некоторые нежелательные дела. Теперь на все, происшедшее между нами, я объявляю салават и прощаю ваше неразумие. Что я не питаю злобы, можете видеть из того, что я выпускаю на свободу невредимыми Халча-бия и его двести джигитов. По получении этого письма удалите из сердца опасения и сомнения и явитесь ко мне, чтобы соблюсти обряды покорности и тем достичь высокой степени счастия, после чего вы возвратитесь домой. Если же это предложение не придется вам по сердцу и вы не откажетесь от вражды, то отвечайте сами за свою судьбу. Предупреждаю, если хоть заплачет малый ребенок, то грех будет на вас».
Өзүңүздөр күбө болгондой, бул катта орус туурасында бир сөз жок. Албетте, кыргыздан терс жооп алат. Санжыра боюнча кыргыздар “Ормон Кенесарыдан он жаш улуу болгондуктан хан Ормон болсун” деп жооп жазышкан имиш. Кенесары эми эмне кылат? Артынан орустар кысып келатат. “Жети сууга келген орус аскерлеринен чочулаган (болгону Нюхаловдун 125 солдаты – Ж.К.) хан Кене май айынын башында Иле өрөөнүнөн Көксууга көчүп, Султан Суюкка караштуу уйсундардын арасындагы Майтөбө жана Курункей-Жайлоодон орун алат”. (Т.Өмүрбеков. Жантай жана Жангарач. Казакстан Республикасынын БМА ф. 274. оп. 1. д. 1902. 37-бет). Ал Иленин төрүнө көчүп барууга орус отрядынан коркуп батына алган эмес. (аталган китеп, ф. 374 оп.1, д. 2902. 187).
1846-жылы күздө “орустар келатат” деген каңшаарды угуп, Кенесары бүт айылы менен шашылыш Иленин сол жээгине өтө качканда, ат, төөлөрүн агызып көп чыгымдарга учураган. Ал чыгымдарын толукташ үчүн бейпил орок оруп, түшүм жыйнап жаткан кыргыз айылдарын чабат.
Байкасаңыздар, орустар Кенесарыны туш-тушунан тосуп, кыргыз чегине мажбурлап айдап кирип атат. Эгерде мажбур болбосо, балким Кенесары кыргызга келбей эле Иленин төрүнөн орун алып, андан ары Кытайга кирип кетмекпи?..
А.Кенесариндин эскерүүсүндө кытай бийлиги менен сүйлөшүп келүүгө Кудаймендени Кулжага жиберет. Бирок кытай бийлиги Кудаймендени бир ай коноктоп, эч жооп айтпастан узатып коюшкан. Балким, Кенесары “мага кулдук уруп келгиле, мен хан болом” деген амбициясын таштап, жөн гана башпаанек сурап келсе, кыргыздар конуш бериши мүмкүн эле. Ошондо Кенесары өзүнүн төрөлөрү менен кеңешип, кыргыздарды биротоло тукум курут кылып, жерин ээлеп алууну чечишет. Бул туурасында төмөндөгү документтер тастыктайт: Передовые люди Большой орды: Бейт-бий, Сыпатай, Тайчибек, Худайберген датха, Саурык, Белькожа и Медеу-бий сказали: «Соберем ополчение от всех киргизов и очистим совершенно эти места от кара-киргизов». ( А.Кенесарин. Султаны Кенесары и Сыздык. 23-бет).
Согуштарды изилдеген тарыхчы, публицист, край таануучу, администратор, канцеляриянын чиновниги Н.А.Середа: «Дико-каменные киргизы-племя воинственное, Кенесары направил всю свою энергию на то, чтобы уничтожит самостоятельность племени дико-каменных киргизов. Храбрость этих киргизов и пересеченная местность представляли слишком много затруднений для Кенесары. Он обьявил, что намерен с корнем истребить род каменных киргизов. И двинулся далее, предав мучительной смерти приехавших к нему посланников. (Середа Н.А. «Бунт киргизского султана Кенисары Касимова» //Вестник Европы, 1871 г. №8, 689-с.).
Ошол эле китепте “Верный своему обещанию Кенисары с редкой жестокостью принялся истреблять дикокаменных киргизов. Покоряя аулы непокорных он ознаменовал путь свой небывалыми примерами варварства. После занятия какого-либо неприятельского аула, Кенесары приказывал разводить костры, ставил на них в котлах воду, когда вода начинала кипеть, тогда по приказанию хана плененные с их семействами приводились к кострам, со связанными руками и на их глазах жены и дети их, будучи связанными по рукам и ногам были бросаемы “теленгутами” (род гвардии при хане) в котлы и варились там. По окончании этой пытки плененных мужчин, измученных зрелишными страданиями близких их к сердцу людей, ставили в шеренгу и предавали жестокой смерти. (Середа Н.А. «Бунт киргизского султана Кенисары Касимова. Вестник Европы, 1871 г. №8, 689-бет).
Чүй өрөөнүн өзүнүн туруктуу турагына айландырууну көздөп, бул аймактагы Иткечүү чебин кокондуктардан тартып алып, аны чыңдап, кайрадан курууга киришкен (Т.Өмүрбеков. Жантай жана Жангарач. Казакстан Республикасынын БМА. - Ф. 374, оп. 1, д., д. 2909, 203-барактын арты).
Төртүнчү согуш. Ошентип, кыргыздан терс жооп алганына кыжырданган Кенесары элчиликке барган 15 адамдын бирин тирүү калтырып, жол баштатып, калганын мууздатып, аскерин өзү баштап жөнөйт. 1846-жылы март айынын аяк ченинде азыркы Мыкан айылы менен Новопокровка (Мазарлуу Карасуу) айылынын ортосунда үч күнгө созулган, эл арасында “кенесарычыларды Мыкандын кара сазына тыгып салган согуш” деген ат менен кеңири белгилүү. Бул туурасында көптөгөн уламыштар, тамашалуу ыр, анекдот да бар. Тарыхый документтерде болсо, казак элинин коомдук ишмери, “Алаш” партиясынын негиздөөчүсү Алихан Букейханов минтип жазат: “К полудню кара-киргизы дружным натиском опрокинули войско султана Кенесары Касымова, при чем загородили последнему путь к отступлению. Разбитый султан Кенесары Касымов по необходимости стал отходит на восток, к речке Кара-Суу. Не зная, что Кара-Суу, благодаря илистому, болотистому дну, проходима только в некоторых местах, отступающие, теснимые со всех сторон, бросились в нее. Сотни кенесары касымовцев, засасываемые предательской рекой, потонули под ударами наседающих кара-киргизов. Но, погибая, они выручили своего любимца, султана Кенесары Касымова: жертвуя собой они спасли султана, перебрасывая его с одной тонущей лошади на другую. В довершение всего ночью ударил страшный мороз. Многие из оставшихся в живых кенесары-касымовцев, не имея теплой одежды, замерзли. Потеряв почти все войско, султан Кенесары Касымов покинул Пишпекский уезд. Прошло около года. Вокруг султана Кенесары Касымова опять сгрупировалось около двадцати тысяч казаков Аулеатинского, Чимкентского, Сырдарьинского уездов”. . (К.Степняк. Материалы к истории султана Кенесары Касымова. Омск, 1847).
Уламыш боюнча Кенесары аскерин экиге бөлүп, өзү баштаган кол Кордой аркылуу келсе, экинчи топ Кара-Балта жактан кирген имиш. Ал экинчи топ капчыгайга камалып кырылып калганын А.Янушкевичтин күндөлүгүнүн 110-бетинде: “Кенесарынын колу жакындап келип калганын эшиткен кыргыздар аларды тоспой ичти карай коё бериптир, бир терең капчыгайды бойлоп, тушунан өтө бергенде кыргыздар курчап алып кырып салыптыр. Кенесарынын колунун миңге жакыны өлүп, 2000 сарбазы 5 султаны колго түшүптүр” деп жазат.
Ошол эле күндөлүктүн 268-бетинде “1846-жылдын 4-июлунда алган кабарда өлгөнү менен 1500 сарбазынан 2 замбиреги жана 500дөй кыздарынан айрылган. Анын колго түшкөн адамдарынын саналуулары гана кайтарылып, калгандары ташкенттиктерге сатылып жиберилген” дейт. Кенесарычылардын өлгөнү өлүп, качканы качып кеткенден кийин кыргыздар туу тиккен жерин (азыркыча штабын) чабат. Эркекче кийинип алып чарба иштеринде жүргөн 500 кыз ошол жерде болгон.
1846-жылкы Оренбург чек ара комиссиясынын отчетунда “что султан Кенесары, сделавши набег на киргизов, (так называемых дикокаменных), потерпел от них сильное поражение; что, скопище его разбиты и рассеяны и что сам он в беспорядочном бегстве потерял оружие и верхнюю одежду, будто бы найденные на месте побоища...” (Нац. освобод. борьба казак. нар. 468-бет. ЦГА РК. ф.4.оп.1, д.4957, л.6).
1846 году 2 мая что он, Касымов, от дикокаменных киргизов был при нападении разбит, где и убито с его стороны до нескольких сот человек. От которых он, силой победителей принужден был удалиться волости большой орды. (442-б.ЦГАРК. ф.374оп.1 д. 2902).
Бешинчи согуш. Эзелтеден эле кыргыз-казак чеги Иле дарыясы менен чектелерин XVIII кылымдын экинчи жарымында орус (И.Андреев) жана кытай изилдөөчүлөрү (Сичуй Яолюэ) бир нече ирет жазып кетишкен. Ал кезде Иленин эки тарабында тең эле кыргыздын солто уруусу менен сарбагыштардын бир бөлүгү туруктуу жашашкан. Эрте жаздагы Мыкандын сазындагы кыргындан кийин Кенесары саналуу гана жоокерлери менен качып кутулуп, Балхаш көлүнүн жээгиндеги Камоо деген жарым аралда жашынып, кайрадан жаңы күч топтоп жаткан. Бул туурасында “По достоверным же сведениям, Кенесары действительно был разбит и разграблен дикокаменными киргизами в то время, когда пришел к ним и оттуда удалился к киргизам Большой орды, между коими кочует теперь на Каратау, где пронырством и хитрстью успел склонить большую часть в свою пользу” (Т.Ө. – Жантай жана Жангарач. Казакстан Республикасынын БМА Ф. 374, оп.1, д. 2920. 47-б.).
Есаул Нюхаловдун 1846-жылы 27-августа Батыш-Сибирь генерал-губернаторуна жазган катында “Кенесары 4 миң аскери менен Иле дарыясынан өтүп, кыргыздардын сарбагыш жана солто урууларын талап-тоногон жана олжолуу кайткан” (Т.Ө. – 18-б. КР БМА ф. 374. оп.1. д. 2902, 105-б, 113-б.).
Алтынчы согуш. Кенесары кыргыз айылдарына дагы бир жортуулун 1846-жылдын август айынын аяк ченинде уюштурган. Бул ирет анын 3 миң аскери Чүйдүн башындагы айылдарга бүлүк салган. (Т.Ө. – Жантай жана Жангарач. РК БМА ф. 4.оп. 1. д. 2378, 137-бет).
Жетинчи согуш. Ошол жылдын декабрь айынын башына карата Кенесарыга Улуу Жүз казактарынын көп сандаган чымыр, жаныш, сары уйсун жана сейкым уруу-уруктары кошулуп, ага караштуу калктын саны 20 миң түтүнгө жетет. Кошумча күчкө ээ болуп эрдемсиген хан Кене эми Ысык-Көлдүн күнгөйүндөгү Ала-Тоонун батыш тарабынан жана Ак-Өлөңдөн тартып Кемин, Чүйдүн башына чейинки кыргыз кыштоолоруна чапкын уюштурат.
Бул жолу Боронбай баштаган бугулар кенесарычыларга каршы турушат. Аларга Жантай баштаган тынайлар жардамга келишип, чоң жеңишке жетишишкен. Бул туурасында көп жылдар бою Кыргыз улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондунда иштеп, фондго түшкөн кол жазмалардын бирин калтырбай окуп чыккан (өзүнүн айтымында) профессор Сапарбек Закировдун “Кыргыз санжырасы” китебинин 132-беттеринде: “Биз көп кол менен келбесек, солто менен сарбагыштын күчү жетпейт эле, өткөн жылдагыдай аларды чаап кетет эле деп, бугунун манабы Боронбай жүрдү” дейт.
1847-жылы 9-майда Жантайдын Батыш-Сибирь генерал-губернаторуна жазган каты: “В прошлом году мы с помошью божей, вооружаясь под предводительством султана Боке умертвили их 4000 человек”. (Национально-освободительная борьба казакского народа под предводительством Кенесары Касымова. Сборник документов. 459-бет. Казак Республикасынын борбордук мамлекеттик архиви. Ф. 374.оп. 1, д. 1921, 44-бет).
Сегизинчи согуш. 1847-жылдын апрель айынын орто чендеринде чечүүчү согушта Кенесары жыйырма миң аскери менен келип, ташталканы чыккан. Бул чечүүчү согуш туурасында архивдик материалдар көп. Эми алардын баарын жазып отурбай бирөөнү эле мисал келтире кетейин. 1847-жылы 13-апрелдеги билдирүүдө: "Кенесары в марте выступил 20 тысячным отрядом но при стычке кыргызовцы захватили его, брата Наурузбая, племянника Худайменде, Ержана, а скопища его все разбили”. (Казак Республикасынын борбордук мамлекеттик архиви. Ф. 374 оп.д. 1770.л.5.об.).
(Уландысы бар)
Кадырбек Жекшелаев, тарых изилдөөчү
"Азия Ньюс" гезити











