Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Коронавирустан кыргыздар кырылып калбайбы? Ушул жагын ойлойлу!”

“Коронавирустан кыргыздар кырылып калбайбы? Ушул жагын ойлойлу!”

28-февраль, 10:52
1 984 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Социалдык тармактарда Кытайдан тараган коронавирус боюнча талкуу болгон кыска тасма тарады. Дүйнөлүк жарандарды ойго салган эл аралык диалогдо  төмөндөгүдөй да сөздөр айтылган: 

“Чындыкты айтуу абдан зарыл. Азыр коммунисттик партия Батыш ММКларын кантип көзөмөлдөөнү билет. Чет өлкөлүктөр бул оору боюнча чындыкты билишин алар каалашпайт. Башкача айтканда, сиз компартияга олуттуу карасаңыз, сизге “560 киши каза болду, ооруну жуктургандар 50-60 миң” деп айтышат. Бирок карантиндеги адамдардын санын 180 миң (!) деп айтышты, мунун баары жалган. Мисалы, каза болгондор 500-600 эмес, Ухандагы крематорийлердин санын билсеңиз, өлгөндөрдүн катышы билинет. Крематорийлердин саны жалпы 49, алар 17 күндөн бери күнү-түнү 24 саат тынбай иштешүүдө, күнүнө 1200 сөөктү өрттөшөт. Бул Уханда гана, эми алар башка шаарда да иштеп баштады. Азыр Кытайдагы карантинге алынгандардын жалпы саны 250 миллион адамдан ашат, алардын 1,5 миллиону ооруну жуктуруп алгандыгы тастыкталган. Крематорийленген (өрттөлгөн) сөөктөрдүн саны 50 миң. Ошондуктан Кытайдын компартиясы Батыш дүйнөсү бул окуя жөнүндө билүүсүн каалабай, ички 86% басма сөздү көзөмөлдөп, жашырууда” деген сөздөр козголгон. 

Кооптуу дарт күн санап күч алып баратат. Дүйнөнүн 26 өлкөсүнө жайылганы айтылууда. Чабал, эптеген медицинасы бар биздин өлкө дарттын алдын алуу чараларын күчөтүп, өтө сак болгонго серепчилер элге чакырык ташташты.


Калдарбек АБДРАМАНОВ, башкы кардиохирург:

-- Менин баамымда, биздин өкмөт ушул кырсыкка башынан эле көңүлкош, тагыраагы, кенебестик мамиле кылгандай. Экинчиден, “эшегине жараша тушагы” дегендей, биздин медицинанын акыбалы, эшейген экономикабыз мындай алааматка такыр даяр эмес экенин көрсөттү. Үчүнчүдөн, окуяга терең маани берип, убагында чек араларды жаап, кирди-чыктыны токтото албадык. Бул маселеде жакынкы күндөрдө гана бир аз аракеттер башталганы байкалууда. Тилекке каршы, кеч болуп калган жокпу? Бир айда, тагыраагы, коронавирус башталгандан бери бир жарым миң адам чет элден кирсе, алардын үчтөн бири кытай жарандары экен. Өтө өкүнүчтүүсү, “алар шарттуу түрдө көзөмөлдө болууда” дегенибиз менен алар ээн-эркин эле жүрүшкөнүн айтышууда. Ошол эле учурда ал жарандарды бош койбой, катуу изоляцияга алышыбыз керек эле. Менин айтарым, дагы да кеч эмес, буга чоң маани берип, четтен киргендерди такыр токтотуп, келип калгандарды толук изоляцияга алыш керек! Окуянын жаман жагына айланып кетүүсүнө каршы чара көрүп, мамлекеттик мекемелер даяр болуп, эл-журтту да сактанууга чакыралы!

Кээ бир адамдар көроокат маселелерин көтөрүп, “ишибиз токтоду, кириш-чыгыш алака токтоду” ж.б. деп чыгышы мүмкүн. Бирок, биз андай тиричилик маселелерине маани бербей, жалпы элдин тагдырын ойлошубуз керек. Кытайда 250 миллион эл кооптуу шартта, 50 миллиондой эли вирус жуктуруп, ошону менен күрөшүүдө. А биз болгону 6 миллион бир ууч элбиз. Чара көрчү акыбалыбыз айтпаса да түшүнүктүү. Ошондуктан курсактын, дүнүйөнүн маселеси эмес, тирүү калабызбы, кырылып калбайбызбы (?) ошону ойлонушубуз зарыл! Элибиз токтоолук менен биримдикте болуп, колдон келген аракетти жасап, бул алааматка даяр болушун каалайм. Жараткандан бул кырсыкты кыргыз элинен ары айлантып өткөрүшүн тилейм. Жараткан да “сактанганды сактайм” дегенин унутпайлы!


Алмаз ТАЖЫБАЙ, серепчи:

-- “Коронавирус санитардык эрежелерди колдонбогондуктан жана жаныбарларды тамакка колдонушуп, анан ал этти термикалык жактан туура бышырбагандан пайда болду” деп серепчилер айтып жатышат. Айтор, оору жайылып кетти. Эми Италия, Иран жана башка өлкөлөрдө да мындай коркунучтар пайда болду. Жүрөктүн үшүн алган бул вирус эртерээк басылса экен. Бирок, жөнү жок чуру-чуу түшүү дагы кажетсиз. Акылды жыйнап, санитардык норманы кармашыбыз керек.  

Ар бир адамдын ичинде толтура вирустар бар. Вирустардан 100% сактаныш кыйын, ал бир заматта, аз убакыт ичинде эле жугуп калат. Беткаптан (маска) кире албаса, вирус көздүн ичинен кирип кетет. Эт ж.б. тамак-аш  жакшы бышырылбаса да кооптуу.

Кыргыздар андан кыйын ооруларга да чабылып келе жатабыз. Мисалы, элибиз мал менен оокат кылат, ошолордон далай жугуштуу, айыкпас дарттарга кабылып, каза болгондор канча?! Бул жөнөкөй гана гигиена, санитардык, ветеринардык нормаларды сактабагандыктан кабылган оорулар. Жакшы бышырылбаган шишкебек ж.б. тез бышырылуучу тамактар менен канча адамдар азыктанып жатат? Кафе-ресторандардагы тамак-аш ойдогудай бышырылып жатабы? Ким кепилдик бере алат? Биз кытайлар менен байланышуудан эле эмес, ушундай жагдайлардан да сактанганыбыз оң. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер