Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Фейктер боюнча мыйзамды жокко чыгаруу зарылдыгы айтылды

Фейктер боюнча мыйзамды жокко чыгаруу зарылдыгы айтылды

15-февраль, 17:23
624 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Интернеттеги фейктерден коргоо тууралуу мыйзамды жокко чыгаруу демилгеси бүгүн, 15-февралда Бишкекте өткөн «Адам укугу менен эркиндигинин бүгүнкү абалы» талкуусунда айтылды.

«Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова бул мыйзам иштөөгө жөндөмү жок экенин белгилеп, Жогорку Кеңешти аны жокко чыгарууга чакырды.

«Иш жүзүндө азыр бул мыйзам иштебей жатат жана анын качандыр бир иштеп кетерине көзүм жетпейт. Өлкө үчүн репутациялык тобокелчиликтер жагынан алып караганда да, бул мыйзамды жокко чыгарып эле койгон жакшы. Аны ишке ашыруу механизмдери да жок».

Талаш жараткан “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын Жогорку Кеңештин буга чейинки чакырылышы 2021-жылдын июль айында кабыл алган. Анын авторлорунун бири депутат Айнура Осмонова “эң башкы максат – адамдар социалдык түйүндөргө өз аты менен кириш керек, жалган маалымат тараткандарга каршы арыздануу үчүн жол ачуу. Фейк болуп отуруп алып туура эмес маалыматтарды таратууну токтотуш керек” деп айткан.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер