Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шайырбек Маматокторов: «Парламентте оппозиция каршылык көрсөтө албайт»

Шайырбек Маматокторов: «Парламентте оппозиция каршылык көрсөтө албайт»

11-декабрь, 16:54
1 562 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Болжолдуу түрдө кимдер депутаттык мандаттарды алышары белгилүү болуп калды. Эл кандай парламентти тандады?

-- Алдын ала эсептөөлөр боюнча алты партия келе турган болуп калды. Эл өзүнө ылайык парламентти тандады. Кимдерди тандады? Биринчиден, бир мандаттуу округдардан олигархтарды, ишкерлерди, байларды, бийликке ыктаган талапкерлерди шайлашты. Буга бийликти күнөөлөгөн деле туура эмес, эл өзү ушундайга көнүп калыптыр. «Массалык акча таратуулар болгон жок» дегенибиз менен ал талапкерлер ошол жактагыларды эбак эле сатып алып коюшкан. Мындай нерсе шайлоого чейин көп жылдар бою эле жасалып келген. Шайлоочулар жергиликтүү байларга карыз болуп калгандай көрүнөт. Ошондуктан азыркы парламент шайлоочунун деңгээлине жараша тандалды. 

-- Депутаттардын сапаты, сабаттуулугу канчалык?

-- Депутаттардын сапаты бул ирет так көрүнө турган феномен сымалындай. Анткени, биз аларды эки түрдүү ыкма менен тандадык. Эгер жакшылап карай турган болсок, бир мандаттуу округдан келе турган депутаттар менен преференциалдык система аркылуу тандалгандардын айырмасы асман менен жердей. Себеби, преференциалдык шайлоодо элге жаккан, коомчулуктун чындап купулуна толгон адамдарга бүт өлкөдөн добуш беришип, бир топ адилеттүү тандалды. Жалгыз мандаттуулар туурасында жогоруда айткандай, баягы эле конъюнктурага ылайык, колунда административдик күчү, акчасы барлар шайланды. Алар өзүнүн округундагы элине жардам беримиш этип, ошолорду көндүрүп алган. Мындан улам депутаттардын деңгээли эки түрдүү болуп калат. Анын айырмасын биринчи жарым жылдыкта эле байкайсыздар. Менин жеке пикиримде, биз толугу менен преференциалдык шайлоо системасына өтүшүбүз керек. Мында байлар бүт мамлекетти сатып ала алышпай, Жогорку Кеңешке татыктуулар келишет. 

-- Бийликке ыктаган партиялардан көбүрөөк депутаттар келе тургандай болуп калды. Мындай кырдаалда оппозициянын ролу кандай болот? Азчылыкты түзгөн оппозиция күчүн көрсөтө алабы?

-- Азыркы келе турган депутаттардын 36 мандаты же 99 пайызы бийлик тарапка ыктаган адамдар болот. Ал эми партиялык тизме менен келгендер, бийликке тийешелүү 3 партиядан башкасы 16-17 мандатты алып, бир оппозициялык күч катары иш алып барса утат. Анткен менен булардын ичинен дагы бийликке ыктап кетсе, 10-12 депутат реалдуу оппозициялык маанадайда калышы мүмкүн. Ал эми 90 мандаттын ичинен 12 адам эмне кыла алат? Кайдагы оппозициялык күч, кайдагы каршылык көрсөтүү болот? Азыр конституциялык көпчүлүк 60 мандатты түзөт. Демек, 60 мандаттан ашыкча болгон бийликчил тарап оппозициялык күчтөргө эч кандай мүмкүнчүлүк бербейт да. Алсыздык ушунда...


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер