Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Саясатчы Равшан Жээнбековдун укугу бузулууда”

“Саясатчы Равшан Жээнбековдун укугу бузулууда”

26-ноябрь, 13:24
1 341 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

24-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында камактагы оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбековду шайлоого катыштыруу талабы менен акция өткөрүштү. Акциянын катышуучулары БШК талапкердин үгүт ишин жүргүзүү укугун коргобой жатканын айтып, Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекованын отставкасын талап кылышты. Равшан Жээнбеков талапкер катары катталды, бирок үгүт иштерин жүргүзүүгө, дебаттарга катышууга тыюу салынууда. Талапкердин укугу тууралуу укук коргоочуларга суроо узаттык. 

Медербек Саидов, жарандык активист:

-- Равшан Жээнбеков бул бийликке оппозиция боло турган, демократиялык багытты көздөгөн күчтүү саясатчы. Албетте, анын эл менен жолугушуусуна жана үгүт иштеринин жүрүшүнө тыюу салуу менен анын конституциялык укуктарын бузуп жатат. Равшан Жээнбековду талапкер катары каттагандан кийин башка талапкерлер сыяктуу эле бирдей шарттарды түзүп бериши керек эле деп ойлойм.

Рита Карасартова, укук коргоочу:

-- Равшан Жээнбеков канча жылдан бери демократиялык көз карашты айтып келет. Аны жөн эле айтпастан, “кантип аткарса болот?” деген саясатчылардын бири. Ошон үчүн бүгүнкү күндө бул эки жактын эле согушу. “Биз ачык, эркин, эгемен өлкө болобузбу, же бир киши айткандын баарын “хоп, майли!” деп деп аткарып турган өлкө болобузбу?” деген эки идеянын ортосунда турабыз. Эркин, көз карандысыз, ой эркиндиги, сөз эркиндиги, митингге чыга турган эркиндиктерди камтыган, демократиялык жолду тандаган багытты Равшан мырза алдыга жылдырып келет. 

Равшан “парламентаризм, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, бүт демократия бир колго топтолот деген туура эмес” деген идеяны айтып, ал үчүн күрөшүп келе жаткан дасыккан саясатчы. Ошон үчүн Бишкек шаарынын Ленин районунда жашаган шайлоочуларын Равшан мырза эч качан өкүндүрбөйт. Албетте, укугу бузулду. Бул тең укуктуу шайлоо болбостугун көрсөтүп турат.

Динара Ошурахунова, укук коргоочу:

-- Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер катары Равшан Жээнбековду каттагандан кийин, сот ага ыңгайлуу мүмкүнчүлүктү түзүп бериши керек эле. Равшан Жээнбеков азыркы учурда түрмөдө отурат. Үгүт иштерин жүргүзгөнгө, тең шарт түзүп бергенге Борбордук шайлоо комиссиясы чечим чыгаргандан кийин сот аткаруу керек эле. Тилекке каршы, сот БШКнын чечимине каршы. Алар каршы болгондон улам Равшан Жээнбековго шарт түзгөндөн баш тартты. Албетте, талапкер катары ага шарт, мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн жок. Укугу бузулууда. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер