Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бекболот Арзибаев: “Нурбек, Айбек Осмоновдор 130 миллион сом боюнча качан жооп беришет?”

Бекболот Арзибаев: “Нурбек, Айбек Осмоновдор 130 миллион сом боюнча качан жооп беришет?”

04-июль, 21:21
1 239 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ош шаардык кеңешинин депутаты Бекболот мырза олуттуу маселе көтөрүп, ири коррупциянын желаргысын айтып атса да, тийешелүү органдар эмнеге реакция кылышпайт? Ал бул боюнча президент Садыр Жапаровго, УКМК төргасы Камчыбек Ташиевге да кайрылууда. “Бармак басты, көз кысты” уланып келсе, акыры акыйкат тергөө болушу керек да. Чуулгандуу иштин 5 жылдан бери создугуп келишинде эмне мандем бар? Таңгалдыра турган жагдай жаралууда. Эл карап турат да...  


-- Башта Ак-Буураны жашылдандыруу боюнча каржылык келишпестик болгонбу? 5 жыл мурда козголгон кылмыш иштери эмне себептен аягына чыкпай жатат?

-- Мен ар бир сессияда 2020-жылы Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү, оңдоп-түзөө үчүн 300 миллион сомго жакын акча каражаты бөлүнүп, бирок ушул күнгө чейин аягына чыкпай жатканы боюнча маселе көтөрүп келе жатам. Бул Ош шаарынын тарыхында казынадан эң ири акча каражаты коротулган чоң долбоор болгон. Тендер өткөрүлүп, жалпы суммасы 260 миллион сомдон ашуун акча каражатына тендерди уткан компания аныкталат. Кызыктын баары ошол уткан компания жумушту баштагандан кийин ачыкталып жатпайбы. Бул эң ири чоң сумманы мен буга чейин айтып келген ага-ини Нурбек, Айбек Осмоновдор утуп алганы белгилүү болот. 2020-жылдын башында, быссымылда дегенде эле Ош шаарыбыздын казынасынан 130 миллион сомго жакын каражатты бөлүп, Нурбек, Айбек Осмоновдорго тийешелүү болгон компаниянын колуна карматып коюшат. Калган каражаты келишим боюнча жумуштун 60-70 пайызы бүткөндөн кийин бөлүнүп бериле турган болгон. Бирок, арадан 5 жыл убакыт өтсө дагы Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү жумушу 5-10 пайыз гана аткарылып, ошол бойдон ара жолдо жатат талкаланып. Көзөмөл кылган эч ким жок.

-- А эмне үчүн күч органдары ушунча убакыттан бери чечкиндүү аракеттерди жасабай келишет? Же алар да аралашып, “табакташ” болуп калышканбы?

-- Мен бул боюнча Ош шаардык кеңешинин сессияларында бир нече ирет маселе көтөрүп, айтып келе жатам. Тилекке каршы, “укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголду деп гана жооп беришет. Башка ынанымдуу деле жооп алалбайсың. Мени өкүндүргөнү: 5 жыл мурун шаарыбыздын казынасынан бөлүнүп берилген 130 миллион сом каражат максатсыз пайдаланганы ачык-айкын көрүнүп турса деле, кылмыш ишин козгодук деп тим болгон күч органдарынын ишмердүүлүгү дагы чоң күмөндөрдү жарата баштады. Себеби, 4-5 жылдан бери козголду деген кылмыш иштери эмне себептен ушул күнгө чейин аягына чыкпай жатат? 

-- Жаңы жетекчилерге кайрыла алдыңызбы?

-- Бул боюнча Ош шаарынын мэри Жеңишбек Шермаматовичке дагы кайрылып, “шаарыбыздын казынасынан 130 миллион сомго жакын бөлүнүп берилген акча каражатынын сурагы боюнча тактап иликтеп чыгып, тийешелүү жетекчилердин жумушу боюнча укуктук баа берилиши керек” деп айтып, маалымат бердим. Мени таңкалдырганы: Жеңишбек Шермаматовичтин жанында жүргөн мурунку тийешелүү жетекчилердин эч кимиси ушул Ак-Буура дарыясынын жээгине бөлүнгөн акча каражаты боюнча эч кандай маалымат беришкен эмес экен. Ош шаарыбыздын казынасынан 130 миллион сомго жакын акча каражатты бөлүп бергенден кийин ошол убактагы Ош шаардык мэриясынын тийешелүү жетекчилер эмнени көзөмөл кылып жүрүштү? Мындай ири сумманы сугунтууга жол берип коюштубу? 

-- Соңку сөзүңүз?

-- Урматтуу президентибиз Жапаров Садыр Нургожоевич, УКМК төрөгасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич, сиздерден суранат элем, биздин Ош шаарынын жогору жактагы тийешелүү жетекчилерин дыкат текшертүү үчүн тапшырма бериңиздер. Буга чейин Ош шаарыбызга мамлекетибиздин казынасынан бөлүнүп берилген акча каражаттары, 100 гектарлап сатылып кеткен мыйзамсыз жер тилкелери боюнча Ош шаарынын мурунку мэрлерин, алардын тапшырмасын аткарган тийешелүү жетекчилердин ишмердүүлүгүн дыкат иликтеп, мыйзам алдында, карапайым элдин көзүнчө жооп бере турган күн келет деп эсептейм.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер