Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Оору көп катталган мектеп же окуу жай убактылуу жабылат

Оору көп катталган мектеп же окуу жай убактылуу жабылат

24-сентябрь, 14:44
1 408 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эгер мектептерде же жогорку окуу жайларында коронавирус көп каттала баштай турган болсо, убактылуу жабуу чарасы көрүлөт. Бул тууралуу 24-сентябрда «Биринчи радионун» эфиринде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, быйыл июль айына туура келген экинчи толкунда балдар арасында COVID-19 болгондор көбүрөөк катталды:

“Эгер бир класста 2-3 бала ооруп кала турган болсо, ошол класс жабылат. Эгер эпидемиологиялык кырдаалга жараша ооругандар көбөйсө, мектепти же жогорку окуу жайын жабабыз”.

Кыргызстанда дээрлик эки жыл жабык турган мамлекеттик окуу жайларынын баары 15-сентябрда кадимки тартипте иштей башташты.

Министр окуу башталгандан бери окуучулар арасында коронавирус катталбаганын билдирди.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер