Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Салымбеков кытайга 50 миң бет кап бергенче, өлкөгө коронавирустун аппаратын албайбы?

Салымбеков кытайга 50 миң бет кап бергенче, өлкөгө коронавирустун аппаратын албайбы?

04-февраль, 23:19
826 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кызык. Кытайдагы каптап аткан коронавируска каршы Аскар Салымбеков жардам иретинде 50 миң бет кап берерин Фейсбуктагы баракчасына жазыптыр. Бул өзү күлкү келерлик жорук. 1,5 миллиард калкы бар кылкылдаган элге мындай белеги шоона эшеби? “Атың чыкпаса жер өрттө” дегендей эле го... 

Аскар Салымбеков алдыртан “камкор” болуп, “жыт сезип” аткан жокпу? Кытайдан кирип-чыккан жүктөрдүн баары “Дордойго” келет эмеспи. Андан көрө ушул жагынан баш оорутпайбы? Өткөндө Камчыбек Жолдошбаев: “Дордой”, “Мадина” базарларын убактылуу жабыш керек” деп бекер айтпагандыр. Себеби, коңшу өлкөдөн кирип-чыккандардын баары аталган базарларда быкылдап жүрүшөт... 

Учурда бизде олуттуу көйгөй турат. Кыргызстанда коронавирусту аныктаган медициналык аппарат жок экен. Аскар Салымбеков андай эле патриот болсо, өзүбүздүн элге күйсө, мына ушул жагынан жардам бербейби? Учурда аэропорттон, чек арадан кирип чыккандарды тийешелүү деңгээлде текшерүү жок да, туурабы? Ал эми “50 миң бет кап берем” дегени жөн гана популизм, курулай пиар катары кабылданууда. Биринчи өз элин ойлобойбу?..

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер