Дастан Сарыгулов: “Кыргыз элинин келечеги бүдөмүк болуп турат”
-- Дастан ага, эгемендикте эмне таптык?
-- Биз 30 жыл бою кимдин көзү менен гана келечекке караган жокпуз. Жыйынтыгын бүгүн көрүп турабыз. “Жеке менчик же базар экономикасы жыргатат” деп отуруп, 30 жылды жоготтук. Ушуга байланыштуу бир нерсени айткым келет: адам жакшы көргөн кесибин, сүйгөн жарын, жумушту, жашаган жерин өзү тандайт. Бирок, ошол адам бу дүйнөгө кытай болуп же кыргыз болуп келеби – ал Жараткандын тандоосу. Ар бир пенде улуттук касиети менен жашаганда гана бактылуу болот. Биз кимди гана туурап, кимди гана ээрчиген жокпуз? Эгер келечекке жол табабыз десек, ата-бабалардын басып өткөн тарыхый тажрыйбасына таянышыбыз керек. Нары-бери уруна берип, элди кыйнаган болбойт.
-- Анан кандай тыянак чыгарсак болот?
-- Кыргыз элинин келечеги бүдөмүк болуп турат. Бирок, антейин десең, адамзаттын келечеги да бүдөмүк. Табияттын баары ыксыз талкаланууда. Коронавирус илдети да жөн жерден чыккан жок. Демек, жер жүзүндөгү болгон мамлекеттик түзүлүш, мамлекеттик башкаруу, коомдук-саясый жүрүштөр өзүн актабай калды. “Ушундан кантип чыксак болот?” деген маселе ар бирибизди терең ойго салууда. Мындай учурда биздин ата-бабалар ийри отуруп, түз кеңешип, курултайга жапатырмак келип, ойлорун ортого салып, тыянак чыгарып келишкен. Анын натыйжасы, жемиши болбой койгон эмес. Дагы бир жолу айтам, биз ошо ата-бабалардын басып өткөн даңазалуу тарыхый тажрыйбасына таянышыбыз керек!
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити