Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстанда быйыл 158-159 миңге чукул бала 1-класска барат

Кыргызстанда быйыл 158-159 миңге чукул бала 1-класска барат

13-сентябрь, 17:19
1 204 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул тууралуу 13-сентябрда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, мектеп босогосун биринчи аттаган балдардын так саны 20-сентябрдан кийин анык болот.

Бишкек шаарында 16 миң 863 бала электрондук тизме аркылуу 1-класска катталган. Ош шаарында 2,5 миңге жакын. Нарын, Талас, Кара-Балта шаарларында миңден ашуун, Жалал-Абад шаарында 3 миңге жакын, Кара-Суу шаарында 865, Токмок шаарында эки миңге жакын бала мектеп босогосун аттайт.

2020-жылы республика боюнча 156 миң бала алгачкы жолу мектепке барган.

Республика боюнча мектептер 15-сентябрдан тартып кадимки тартипте иштей баштайт. Бала бакчаларды ачуу маселеси жайгашкан районундагы эпидемиологиялык кырдаалга жараша чечилет.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер