Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Камила Талиева, ЖК депутаты: “Министр Руслан Мукамбетов кадыр-барктуу инсан экен”

Камила Талиева, ЖК депутаты: “Министр Руслан Мукамбетов кадыр-барктуу инсан экен”

26-май, 01:03
710 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Камила Абдыразаковна, бүгүн Жогорку Кеңеш Руслан Мукамбетовдун талапкерлигин коргоо министрлигине бир добуштан колдоду. Жаңы министр жөнүндө сизде кандай таасир калды? 

-- Мен ал кишинин резюмесин карап чыктым. Өзүнүн кесипкөйлүгү менен өмүр бою аскер кызматында иштеп жүргөн экен. Ошол кызматтык тажрыйбасына баам салып, мен жаңы министрдин билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурарын байкадым. Советтер союзу тарагандан кийин аскердик окуу жайлар эски методология, эски стиль менен эле келаткан. Такыр өзгөрүү болгон эмес. Мен чек ара макамы бар Баткен облусунун тургундарынын, элдин сунуш-пикирлерин жеткирдим. Жаштарыбыздын кайсы бир бөлүгү аскер кызматкери болууга кызыкдар. Анүчүн алар аскердик орто жана жогорку окуу жайларды окушу керек болот. Азыр Дайыр Асанов атындагы окуу жайга эле Кыргызстандын булуң-бурчунан келип окуп атышпайбы. Биз аскердик окуу жайларды көбөйтүшүбүз керек. Министр өзү да пландарын айтты, орто окуу жайларын ачып баштоо пландарым бар деди. Бул өтө маанилүү. 

Аныгында, Руслан Мукамбетов адам катары да абдан токтоо, стабилдүү, коллективде кадыр-баркы бар инсан экен. Анан кесипкөйлүгүн, адилеттүүлүгүн айтышты. Мен ошону угуп туруп, добуш бердим. Экинчиден, профессионал да. Өмүр бою бир тармакта келатат. Аскердик жогору окуу жайын бүткөндөн бери эч жакка кылчайбастан, кыйналып турган учурда дагы өзүнүн кесибин таштабаптыр. Министрдин орун басары, башкы штабдын башчысы болуп иштеп атат. Принципиалдуу, анан адилеттүү кишилердин мамлекетке зыяны тийбейт. 

 -- Сиздин пикириңиз боюнча “дедовщина” маселесин кантип чечсе болот?

-Билим берүү тармагын реформалоо боюнча мен жалпы айттым. Азыр XXI кылым, мамиле дагы өзгөрүшү керек. Тартип, дисциплина деген бар. Аскердик тартипке көңүл буруу да билим берүү тармагынын бир бөлүгү. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер