Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Руслан Казакбаевдин дилгир жүргүзгөн дипломатиялык ишмердүүлүгү

Руслан Казакбаевдин дилгир жүргүзгөн дипломатиялык ишмердүүлүгү

20-август, 11:33
1 633 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жалаң эле Борбор Азиянын постсоветтик республикаларын эмес, Россия, Кытай, Индия сыяктуу дүйнөлүк геосаясатка таасирин тийгизген карылуу мамлекеттерди да “эртеңки күн кандай болот?” деп санааркатып, сестентип жаткан “Талибан” террористик кыймылынын Афганистанды басып кирип, бийликти толук колуна алышы политологдордун, эксперттердин, аналитиктердин эсин эңгиреткен аптадагы жаңылыктардын сапбашында боло турган саясый-аскердик окуяга айланды. Октябрь окуяларынан кийин ооп барып оңолгон Кыргызстан кошуна өлкөлөр менен бирдикте согушчан кыймыл басып алган Афганистандан жарандарын чыгарып, аларды кароосуз калтырбай кам көрүп жатканы тышкы иштер министрлигинин маалыматынан дайын болду.

Ушундай коогалуу учурда Руслан Казакбаев жетектеген тышкы иштер министрлиги кошуна мамлекеттер, алыскы-жакынкы чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын элчиликтери, генералдык консулдуктары жана башка өкүлчүлүктөрү менен тынымсыз байланышып, алардан алынган маалыматтар, эл аралык кабарлар аналитикалык электен өткөрүлүп, анализделип, синтезделип, жалпылаштырылып, түзүлгөн кырдаалга саясый баа берилип, жагдайга жараша көрүлө турган чаралар боюнча сунуштар камдалып, атайын маалыматтар даярдалат. Ар кандай кыйын учурларда акыл калчап, туура чечим кабыл алып, сабырдуулугу, дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү чебер жүргүзгөндүгү менен айырмаланган министр Руслан Казакбаев оорлошуп бараткан эл аралык жагдайды эске алып, өлкөбүздүн, алыста мигрант болуп жүргөн жарандардын да камын ойлоп, стратегиялык өнөктөш өлкө Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эң биринчи күн тартибинде күйүп турган аймактагы коопсуздук көйгөйүн, Афганистандагы аскердик-саясый  жагдайды талкуулап, андан соң соода-экономикалык, маданий-гуманитардык багытта кол коюлган келишимдерди жүзөгө ашыруу жолдорун сүйлөшүү менен бирге В.Жириновскийди баш кылып, Россиянын саясатчыларынын шайтанын козгоп, чара көрүүнү талап кылдырган “Технопарк” көңүл ачуу борборунда “Телибай тентектин” орус кызына кол көтөргөн окуясы да талкууланып, мындай майда тентектик кокустук экенин, негизинен Кыргызстанда орус элине, маданиятына карата сый, достук мамиле бар экенин, орус тили расмий тил катары мыйзамдаштырылып, коомдук турмуштун баардык чөйрөсүндө кеңири колдонуларын белгилөө менен Руслан Казакбаев Россиядагы кыргыз мигранттарынын күн тартибинде турган укуктук көйгөйлөрүн чечүү, аларга эмгектениши үчүн жакшы шарттарды түзүү тууралуу маселени да талкуулаган. 

 Жан тынымын билбей, бир мүнөтүн да текке кетирбеген министр Руслан Казакбаев Кыргызстан тарабынан жемиштүү жүргүзүлүп жаткан көп векторлуу эл аралык саясаттын негизинде Азербайжандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оруджевди кабыл алып, башка маанилүү маселелер менен катар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык өкмөттөр аралык комиссиянын ишин 2021-жылдын күз айларында өткөрүү талкууланган. Андан кийин Казакстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Рапыл Жошыбаевди кабыл алып, бул жолугушууда эки өлкөнүн ортосунда соода-логистикалык борборлорду куруу, соода-экономикалык, инвестициялык кызматташууну дагы бекемдөө маселесин талкуулап, ошону менен бирге эки өлкөнүн ортосундагы чек ара тосотторунда жарандардын жана жүк ташуучу транспорттун катташуусуна кедерги болгон тоскоолдуктарды азайтуу маселесин Р.Казакбаев кабыргасынан койгон, казак элчиси бул көйгөйдү өкмөтү менен сүйлөшүп, тез арада чечип берерин белгилеген.

 Соңку мезгилде Афганистанда түзүлгөн кооптуу абалды тыкыр көзөмөлгө алып турган тышкы иштер министрлиги билдирүү тараткан, анда биз менен тарыхый, маданий байланышы бар бул өлкөдөгү абал эртерээк турукташып, мамлекеттик башкаруу институттары укуктук талаада жөнгө салынып, жарандардын укугу улутуна, тутунган динине карабастан корголоруна, ошондой эле улуттук азчылыкка кирген Улуу Памирдеги этникалык кыргыздардын да укугу корголот (!) деген ишенимин, өлкө кризистик жагдайдан чыгып, каршылашкан тараптар сүйлөшүү жолу менен мунасага келишип, стабилдүүлүк орношуна тилектештик ниетин билдирген. Ушинтип өлкөбүздүн, элибиздин кызыкчылыгын коргоп, терең билимин, бай тажрыйбасын жумшап, мамлекетибиздин соода-экономикалык байланыштарын бекемдеп, эл аралык аброюн көтөрүү үчүн жанын таштап, күнү-түнү иштеп жаткан министр Руслан Казакбаевдин дилгир жүргүзгөн дипломатиялык ишмердүүлүгү өзгөчө сөз кылууга арзыйт.


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер