Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Менин үйүм 2021-2026” программасы ишке кирет

“Менин үйүм 2021-2026” программасы ишке кирет

27-июль, 12:48
2 355 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Министрлер кабинети “Менин үйүм 2021-2026” жаңы турак жай программасын бекитти. Түзүлүп жаткан программанын катышуучуларынын тизмесине мурунку өкмөттүн «Жеткиликтүү турак жай 2015–2020» программасындагылар киргизилген. Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын басма сөз катчысы Жылдыз Бекбаеванын билдиришинче, жаңы программада турак жай алуунун шарттары бир топ жеңилдейт. 

Жылдык пайыздык ченди 4%га чейин төмөндөтүү 

“Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасына ылайык мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан бериле турган ипотекалык насыянын шарттары бир топ жеңилдейт. Программаны ишке ашыруунун негизги багыттары – бул жылдык пайыздык ченди 4%га чейин төмөндөтүү аркылуу мамлекеттик ипотекалык насыялоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле кийин сатып алуу менен ижара механизмин өнүктүрүү, баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу аркылуу мамлекеттик ипотекалык турак жай насыялоо секторуна каражаттарды тартуу, өлкөнүн жарандарын үй менен камсыз кылуу үчүн өздүк турак жай фондун түзүү жана мамлекеттик ипотекалык турак жай насыялоо секторуна инвестицияларды тартуу боюнча эл аралык донорлор менен иштөө.

Турак жай алуу бардык жарандарга жеткиликтүү болот

Мамлекеттик турак жай программасына буга чейин негизинен бюджеттик мекемелердин кызматкерлери гана катышса, мындан ары мамлекеттик турак жайды каржылоо механизмдери өлкөнүн бардык жарандарына бирдей шартта жеткиликтүү болот. Ипотекалык насыялар жана ижаралык төлөмдөр боюнча ай сайын төлөмдөрдү кыскартуу максатында бюджеттик эмес каражаттарды тартуу шарттарына ылайык, ижара жана ипотека насыясынын мөөнөтү 25 жылга чейин узартылат. Ошондой эле дүйнөдө кеңири колдонулуп жаткан исламдык принциптер боюнча турак жай каржылоонун альтернативдүү механизмдери каралды. Жакынкы 5-6 жылда МИК мамлекеттик ипотекалык насыялоо секторуна кеминде 30 миллиард сом тартууну жана 800 миң чарчы метр арзан турак жай менен камсыз кылууну пландаштырууда. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер