Темир Сариев илимпозго жүз миң сом сыйлык ыйгарды
КР мурунку премьер-министри Темир Сариевдин катышуусунда улуттук илимдер академиясында (УИА) чоң жыйын болду. “Тарыхты билбесең келечекке жол таба албайсың” деген кыргыздын накыл кебин эске алып, эки жылдан бери Темир Аргембаевичтин демилгеси, каржылоосу менен Кыргызстан жана кыргыздардын тарыхын изилдеген окумуштуулар арасында сынак уюштуруп келет.
Быйылкы сынактын темасы кыргыз мамлекеттүүлүгүн тарыхын изилдөөгө арнаган. Илимпоз, окумуштуулар, анын ичинде улуттук илимдер академиясынын тарых институтунун ага илимий кызматкери, тарых илиминин кандидаты Темиркул Асанов “Кыргыздардын оң канат, сол канат этносаясый түзүлүшү – мамлекеттик бирикменин формасы катары” аттуу эмгеги, ушул эле институттун башкы илимий кызматкери, тарых илиминин доктору, профессор Акылбек Жуманалиевдин “Кыргыздардын көчмөн коомундагы мамлекеттүүлүктүн проблемалары (“Орхон-Енисей тексттеринин негизинде”) аттуу эмгеги жана К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин кафедра башчысы Дөөлөтбек Сапаралиевдин “Кыргыз мамлекеттүүлүгү жөнүндө тарыхый баяндамалар тиркеми” аттуу эмгектер сынакка келип түшкөн. Окумуштуу, академиктерден турган абройлуу комиссия Темир Асановдун “Кыргыздардын оң канат, сол канат этносаясый түзүлүшү – мамлекеттик бирикменин формасы катары” деп аталган изилдөөсүн жеңүүчү деп тапты. Темир Асановго 100 000 сом сыйлыкты Темир Сариев өзү тапшырып атып, илимий иштерин дагы да улантуусун каалап кетти.
Ошону менен катар 2021-жылы окумуштуулар арасында Жунгар хандыгынын учурундагы кыргыздардын тарыхы боюнча сынак жарыялады. Кийинки жылы окумуштуулар жана жаш илимпоздорго өзүнчө сынак жарыялап, илимий иши мыкты деп табылган жаш илимпозго 50 000 сом сыйлык берерин кошумчалады Темир Сариев.
Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ
Aryba.kg