Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Атыр Абдрахматова: “Оор жана өтө оор кылмыш боюнча соттолгондор депутат болбосун”

Атыр Абдрахматова: “Оор жана өтө оор кылмыш боюнча соттолгондор депутат болбосун”

12-июль, 15:46
1 787 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Атыр айым, жакында эле президент Садыр Жапаров өзүнүн сайтына шайлоо боюнча тийешелүү мыйзам долбоорун жайгаштырып, коомдук талкууга койду. Ушул боюнча сиздин оюңуз?

-- Өзүңүздөр билгендей, күзүндө Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. Шайлоо боюнча мыйзам долбоорду президент Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөткөн экен. Ошондуктан өзүмдүн сунуштарымды расмий түрдө эл өкүлдөрүнө жөнөтөм. “Шайлоо мыйзамдары кандай өтүш керек? Кандай өзгөрүүлөр болушу керек?” деген таризде. 

-- Ошолордун орчундууларына токтолсоңуз?

-- Сөз башында айтып кетейин, сунуштарым бир нече блоктон турат. 

Биринчи блок – чет өлкөдөгү кыргызстандыктар үчүн:

1. Кыргызстандыктардын жыш жашаган жерлеринде шайлоо тилкелерин ачуу. 

2. Саясый партиялар Жогорку Кенештин депутаттыгына талапкерлер катары кеминде эки мигрантты көрсөтүүгө милдеттүү. Алардын бири алгачкы 25тин катарында болушу керек.

3. Жарандын консулдук каттоого киргенине (убактылуу же туруктуу) карабастан, чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын тизмелерине киргизүү.

Экинчи блок – саясый элитанын жаңылануусу жана теңдик принцибинин бекемделиши деп аталат:

1. Кыргыз Республикасынын ар бир жараны эки мөөнөттөн ашык эмес Жогорку Кенештин депутаты боло алат.

2. Оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон жаран соттолгондугу мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынгандыгына карабастан, Жогорку Кеңештин депутаты боло албайт.

Үчүнчү блок – жарандарды маалымдоону жакшыртуу:

1. Үгүт иштери талапкер, саясый партиялардан талапкерлердин тизмеси көрсөтүлгөн учурдан башталыш керек.

2. Жеке медиа жана интернет басылмаларга талапкерлердин, саясый партиялардын ортосунда дебаттарды өткөрүүгө уруксат берүү. Дебаттарды өткөрүүнүн баасы жана тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы менен макулдашылат.

3. Эгерде президент, Жогорку Кенештин депутаты талапкер болсо, анда баардык жалпыга маалымдоо каражаттарына алардын иш сапарларын шайлоо мезгилинде чагылдырууга тыюу салынат.

Төртүнчү блок – добуш берүү процессин өркүндөтүү:

1. Кошумча шайлоо участоктор түзүлбөш керек. Анткени шайлоочулардын тизмелери менен манипуляциялардын көпчүлүгү жана добуш берүү процессиндеги мыйзам бузуулар ошол жерде көп болгон, боло берет.

2. БШК добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча протоколдордун сканерленген нускамаларын шайлоо участкасында жыйынтык чыгаргандан кийин 24 сааттын ичинде өзүнүн веб-сайтына жарыялоого милдеттүү. Бул сунуш баардык кызыкдар адамдар үчүн маалыматтарды дагы бир жолу текшерип, жыйынтыктар менен макул болбогон учурда арыздарды берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү үчүн зарыл.

3. БШК санариптештирүү эрежелеринде жана жол-жоболорунда талап кылынгандай, добуш берген шайлоочулардын тизмесин машинада окула турган форматта жарыялоого милдеттүү.

4. Автоматтык же стационардык урналардын жанында болууга так тыюу салуу.

5. Автоматтык же стационардык урна шайлоо участкасында болгон ар бир адамдан 3 метрден ашык аралыкта жайгаштырылышы керек.

6. Автоматтык урна иштебей калган учурда 15 мүнөттүн ичинде алмаштырылышы керек.

7. Коомдук байкоочулар добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча даттануу укугуна ээ болушу керек.

-- Атыр айым, жогорудагы сиздин сунуштарыңыз Жогорку Кеңеш тарабынан эске алынабы, кандай деп ойлойсуз? 

-- “Депутат болуу мөөнөтүн чектөөнү, оор жана өтө оор кылмыш боюнча соттолгондор депутат болбосун” деген чектөөгө макул болушпайт. Себеби 80% бийликчил адамдар ыргыйт, жаңылануу болот. Алар жылуу ордун бергенге, муун алмашууга, заман өзгөртүүгө даяр эмес. 

-- Кайсы сунушуңуз жактырылат, барбы?

-- Мигранттардын укугун кеңейтүү, алардын арасынан талапкер көрсөтүү – өтүшү мүмкүн деп ишенем. Анан шайлоо процессин жакшыртуу боюнча сунуштар өтүш керек.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер