Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » БШК: Аялдар 43 айылдык кеңешке, 13 айыл өкмөтүнө башчы болушту

БШК: Аялдар 43 айылдык кеңешке, 13 айыл өкмөтүнө башчы болушту

15-июнь, 18:14
1 000 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда соңку шайлоолордон кийин айылдык кеңешке жетекчи болгон аялдар кыйла көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн 15-июнда Бишкекте аялдардын шайлоо укуктарына арналган “Мен лидер аялмын” жыйынында сүйлөп жатып, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди:

43 айылдык кеңешке аялдар төрайым болушту. Буга чейинки шайлоодо 18 болчу. Мындан тышкары, азыр өлкө боюнча айыл өкмөттөрүнө башчы жана шаарларга мэр шайлоо өтүп жатат. Тилекке каршы, азырынча мэр айымдар шайлана элек. Ал эми айыл өкмөттөрүнө 13 аял башчы болушту, мурда алар да кыйла аз болчу”.

Бишкекте 15-июнда жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын алдыдагы максаттарын талкуулаган жыйын өттү. Иш-чарага Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, коомдук ишмер, аялдарды колдоо борборунун жетекчиси Роза Айтматова, президенттин жубайы Айгүл Жапарова жана активист аялдар катышты.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер