Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кеңешбек Айтикеев, серепчи: “Курманбек Бакиев менен Сапар Исаков качып жүрө беришсин”

Кеңешбек Айтикеев, серепчи: “Курманбек Бакиев менен Сапар Исаков качып жүрө беришсин”

17-март, 14:13
1 113 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Президент “камабасаңар Курманбек Бакиев менен Сапар Исаковду өткөрүп берели” деген маселе көтөрүлгөнүн айтты. Ячейкадагы акча, алтындарды кимдер алганын айтып бериш үчүн Курманбек Бакиевди, тарых музейи жана ТЭЦти модернизациялоо боюнча кеткен каражатты кимдер кантип бөлүштүргөнүн билүү үчүн Сапар Исаковду алып келсек, алардын оңой акталышына жол ачылып кетпейби?

-- Президенттин “камабасаңар Курманбек Бакиев менен Сапар Исаковду өткөрүп берели” деген маселе көтөрүп жатканы боюнча менин оюм такыр башка.

Ячейкадагы акчабы же ТЭЦ, тарых музейи боюнча коротулган каражаттарды себеп кылып, Курманбек Бакиев менен Сапар Исаковду жоопко тартпай, өлкөгө алып келүүнүн өлкө үчүн пайдасынан зыяны көп болот. Анткени, ячейкадагы акчалар, ТЭЦ, тарых музейдеги коррупциялык иштердин “жомоктору” айтылып жүрүп, бүгүнкү күндө маанилүүлүгүн жоготкон. Ошон үчүн аны көтөрүп, Курманбек Бакиев менен Сапар Исаковдун өлкөгө келиши үчүн жол ачабыз деген жаңылыштык. 

-- Эл аларды кечире албайбы?

-- Эл аларды кечире албайт, Курманбек Бакиев менен Сапар Исаковдун өлкөгө жасаган кыянаттыгын эл эстен чыгара элек. Анткени, ошондой элес калтырышкан.

-- Курманбек Бакиевдин, Сапар Исаковдун келиши менен өлкөдө абал оорлошуп, нааразычылык көбөйүп кетеби? 

-- Эң кызыгы, өз оюн ачык айтып койгондор камалып түрмөдө жатышса, анан оор кылмыш кылып өлкөдөн качып, чыгып кеткендерге жеңилдик берип кармабай эркин коё бериши – өлкөнүн мыйзамына да, адам укугуна да туура келбейт. Келишсе сөзсүз жоопко тартылууга тийиш.

Негизгиси, Курманбек Бакиев менен Сапар Исаковдун элге келбей ошол чет өлкөдө жашашы түрмөгө түшкөндөн да оор жаза. Ошондуктан кайдагы ячейкадагы акчаны же ТЭЦ, тарых музейдеги коррупциялык иштерди бетке кармап өлкөгө алып келгенге караганда, алар сыртта эле качып жүрө беришсин. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер