Рано Акматова: “Эненин көз карашы – баланын ички дүйнөсүнүн күзгүсү”


Баланы туура тарбиялоого багыт берген педагог жана жаш балдар психологу Рано Акматова менен баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.
-- Рано, энелердин үлгүсүнөн кеп баштасак...
-- Бала тарбиясында эненин үнү ал добуш гана эмес, балага жеткен сезим, мамиле жана туюм. “Биздин энебиз бакырган эмес” деген сөздүн артында чоң таалим жатат: анткени ал апа сезимин көзөмөлдөгөн, жүрөгү менен үлгү көрсөткөн, балага кулак төшөгөн да...
-- Азыркы заманда андай эне болуу мүмкүнбү?
-- Мүмкүн. Бул маселеде апа балдарга кыйкыргандан мурун өзүн тарбиялашы керек. Үндү бийик чыгарган жерде тарбия болбойт. Ал учурда көбүнчө коркунуч иштейт. Бала апасынын үнүнөн тарбия албастан, андан качууну үйрөнөт. “Эмне үчүн урушту?” дебейт. “Кантип качам...” деп ойлонот.
Бакыруу – убактылуу жеңиш жана узак мөөнөттүү жоготуу. Апа чарчаганда, корккондо, стресс болгондо биринчи жабыр тарткан нерсе – үн. Үнү катуулап баратканда бала менен сүйлөшүүнү жылдырып турушу керек. Себеби, ачуулануу денеде орто эсеп менен 14 мүнөт активдүү жашайт. Дал ушул кыска аралыкта апалар көп учурда маселенин өзүн эмес, баланы урушуп, сынга алып алышат. Андыктан ошол толкунда балага жакындабай, үнүн басаңдатып, терең дем алуу – жоопкерчиликтүү чечимге барышы керек.
-- Андай учурда кантип алаксыйт?
-- Эне алгач өзү менен диалог курушу керек: Мен чарчадымбы? Азыр реакция менен сүйлөсөмбү же жоопкерчилик маанилүүбү?.. Өтө ачууланып баратканда онго чейин санап, бети-колду жуусак же көзгө көрүнгөн буюмдарды үнүбүздү чыгарып аттарын атасак, кыйла тынчтандырат. Эне өз эмоциясына ээлик кылганда гана баласына да эмоцияны башкарууну үйрөтөт. Ар күнү туура дем алуу көнүгүүлөрүн жасап, чарчаганда эс алып, “мен азыр эмоция менен сүйлөймбү, акыл-эс мененби?” деп өзүнөн сурап турушу керек.
Эне баланын аракетин анын инсандыгынан ажыратып баалаганы оң. “Сен акылдуусуң, бирок кылган ишиң туура эмес”. Ушундай өңүттөгү сөздөр баланын ички өзөгүн бекемдейт, ал эми катуу сөздөр өзөктү чайпалтат. Бакырып жаткан эне учурдагы кыйынчылыкты гана көрөт.
Бата тилөө – баланын кемчилигинен мүмкүнчүлүк издеп, тарбиядан алкоо түптөгөн эне. Мисалы, бала таарынтып койсо, “сага ачууланып жатам, бирок мен сени жакшы көрөм” деп айтууга үйрөнүш керек. Окуудан артта калса, “сен жөндөмсүз эмессиң, жөн гана азыр жардам керек болуп жатат” деп колдоо көрсөтүшү абзел.
Бала энесинин үнүнөн дүйнөнү сезет. Эгер айлана ач-айкырыкка бөлөнсө, бала чочулап чоңоёт. Эгер эненин үнүндө үмүт, ишеним, сүйүү жаралса, бала дүйнөгө канат байлайт. Бакырган эмес, бата тилеген эне болуу – бул күчтүүлүктүн, акылдуулуктун белгиси!
-- Наристенин сезимдерин байытуу үчүн энелер эмне кылышы шарт?
-- Баланын кыялы – бул жөн эле ой жүгүртүү эмес, ал жашоонун сценарийи. Кичинекей өспүрүм жашоону кандай элестетсе, ошондой жашайт. Кыял канчалык бай болсо, келечекке болгон ишеними ошончолук күчтүү болот. Демек, эненин ролу – баланын ички дүйнөсүнө боёк кошуу, чектелбеген ойлорго эшик ачуу.
Көп эне реалдуулукка салып, “жок, андай болбойт, башкача ойлобо” деп токтотуп коёт. Бул баланын кыялын сындырууга кирет. Эгер бала “мен асмандагы үйдө жашайм” десе, кандай сонун идея! “Ал үйдө эмне бар экен?” деп суроону улантып, кыялдандыруу туура.
Кыял – бул жөн эле фантазия эмес, баланын руханий кеңейүүсү. Жомок – кыялдардын мектеби. Күн сайын жомок угузуп, андагы каармандар тууралуу бала менен сүйлөшүү – баланын ой дүйнөсүн тереңдетет. Жомок – бала үчүн чоңдор дүйнөсүн түшүнүүнүн коопсуз жолу. “Бул жомоктогу баатыр эмнеси менен сага окшош? Эгер сен ошол каарман болсоң, эмне кылмаксың?” деген суроолор аркылуу анын өзүн таанып, байланыш түзүшүнө шарт түзөлү. Кээде бала: “Эмне үчүн булут ак? Суу эмнеге агат?” деп тынбай сурайт. “Болду, тынчтанчы” дебеш керек. “Сен кантип ойлойсуң? Кандайча элестеттиң?” деп суроону кайталаса болот. Баланын кыялы көбүнчө суроо-жооп табуудан дагы, ой жүгүртүп образ түзүүдө кеңейтилет. Телефон көп караган бала ойлоно албай, кыялдануудан аксап калышы мүмкүн. Себеби, жөн гана карап отурат да, ал жакта баары берилет: түс, үн, эмоция, түрдүү образдар. А жомок айтып бергенде, китеп окуганда, каарманды, окуяларды элестетет, үн, эмоция, образдарды өзү кыялданып кошот. А кыялы бай бала – жандуу образ түзгөн, ролго кирген, өз фантазиясын жашап көрөт да. Анан дагы драмалык оюндар да байытат...
Кээде бала өзүнүн ойлорун айта албай калат, же “эмне деп ойлойсуң?” дегенде ийинин куушурат. Чынында бул нерсе анын кыялы токтотулганын же шылдыңдалганын билдирет. Эне кыялданганы жакшы. Бийик ойлогон адам чоң нерсеге жетет. “Мен сенин ойлоруңду угууга дайым даярмын” деп турушу керек.
-- “Кыялданганды билбеген адам өзүнө кол салышы мүмкүн” дешет, ошол чынбы?
-- Ошондой десек дагы болот. Мага бир 16 жашар кызды консультацияга алып келишкен, үч жолу суицидге барган экен. Ал кыз менен иштешип жатып, чоңойгондогу жашоосун элестете албастыгын, кыялдануусу жоктугун билдим. “Чоңойгон жашоомдо сатылган, кордолгон кыздар, согуш, зомбулуктарды гана элестете алам” дейт. “Аларды Тик-Токтон көргөм, ошондуктан жашабай эле коёюн дедим” дейт. Жыйынтыгында, кыз менен эч ким сүйлөшпөгөнү, өмүрү бир дагы жомок укпаганы, анысы аз келгенсип зомбулукка кабылганы билинди.
-- Балага кыялданууну үйрөтүш үчүн эмне кылыш керек?
-- Эненин көз карашы – баланын ички дүйнөсүнүн күзгүсү. Шыктандыруу аркылуу бала кыялданат. Эгер эне угуп, кубаттаса, өспүрүм канат байлайт. Бала “апам мени угат” деп ишенгенде гана жашоонун эшиктери ачылат...
-- Азыр ар бир ата-эне баласын телефондон коргой албай убара. Андан алаксытыш үчүн эмне кылышы керек?
-- Телефон бүгүнкү күндө баланын тынчытуучу дарысына айланып баратат. “Балам ыйлабасын деп алаксытам. Тамак жедирүү, уктатуу, көчөгө чыкпай коюшу үчүн телефон берем” дешет. Мындай кыла берсек, баланын тынчтыгы эле эмес, акылы, тил байлыгы, сезимдери, көз карашы ушул экрандын ичинде камалып калат. Телефонду азыр ата-энелер душманындай көрүп жатышат. Ал бизге душман эмес, бирок дос дагы эмес, жөн гана колдонуучу буюм катары карашыбыз керек.
Ата-эне көбүнчө “телефонун алып койдук” дейт. Бирок аны тартып алуу менен боштук пайда болот. Ал боштукка эч нерсе сунушталбаса, бала кайра экранды талап кыла берет. Аны алаксытуу эмес, телефонду алмаштыруу керек:
-- телефон ордуна жомок – бирок бир эле окуу эмес, ролго бөлүнүп ойноо;
-- телефон ордуна оюн – бирок бир эле оюнчук эмес, кошо ойноо;
-- телефон ордуна диалог – бирок бир эле сурап коюу эмес, чогуу кыялдануу.
Эне баланы өнүктүрүшү үчүн күн тартибинде убакыт бөлсө, бала автоматтык түрдө экрандан башка дүйнөнүн бар экенин түшүнө баштайт. А биз альтернатива бербей эле тыюу сала берсек, жыйынтыкка жетишпейбиз.
Көп ата-эне “жакшы окусаң, телефон берем” дейт. Бул – балада телефон өтө баалуу нерсе деген түшүнүктү бекемдеп коёт. Эгер апасы көңүл буруп отурса, бала эч качан телефонду биринчи тандабайт. Балага жандуу байланыш, эмоция, көңүл, элес керек. Ал сезими тоюп жатса, бала телефонду зарылдык катары эмес, курал катары гана кабыл алат. Эгер балага күнүгө күлкү, диалог, оюн, кучак, жомок жетсе – ал экранга көз каранды болбойт.
Баланы телефондон коргоо – бул тыюу эмес, мамилени кайра түзүү. Телефонду эмес, бала менен болгон байланышты күчөтүңүз. Жадагалса 20 мүнөт жандуу өткөрүлгөн убакыт – 3 сааттык экрандан кымбат эмеспи.
-- Эне баласынын шоктугун кантип токтотуп, эмне кылса, туура жолго салууга багыт берет?
-- Бала шок болуп жатса, ал жөн гана бузулуп бараткан жок, ал чечиле элек муктаждыгын кыймыл менен билдирүүдө. Кээде шоктук – бул “мени уккулачы!” деп жардам сураган белги. Көп энелер “мен айткандай бол” деп башташат. Бирок шок бала буйрукка эмес, байланышка көнөт. Эреже иштеши үчүн ал сүйүү менен айтылышы керек. Шоктук – сиздин душманыңыз эмес, ал балада чечиле элек энергия, багыт албаган күч. Ошон үчүн аны басуу эмес, багыттоо керек. Бала “мен күчтүүмүн, мага ишенишет, керекмин” дегенде тескери энергия пайдалуу болуп калат. Бала өзүнүн баалуулугун сезбегенде дагы шоктук күчөп кетет. Ошон үчүн эне: “Мен үчүн кымбатсың, сени менен сыймыктанам” деген сөздөрдү тартуулашы зарыл. Бала ката кетирсе, урушпай, кыйын учурдан кийин сүйлөшүү керек.
-- Эне эмоциясын башкара албаган учурда эмне болот?
-- Эмоциясын башкара албаган учурда балдарга жооп ордуна жаза берет. Күйүмдүүлүк ордуна кыйкырат эмеспи. Сабыр ордуна коркутуу иштейт. А бирок баланын жүрөгү мындайды кабыл албайт да. Эне өзү үлгү болгондо гана бала өзүн башкарганды үйрөнөт. Ошондуктан маселени чечиш үчүн эне өзүн колго алганы оң.
-- Баланы тыйыш керекпи же эркиндик берүү маанилүүбү?
-- Бала тарбиясы тыюу менен эркиндиктин ортосундагы жипке окшош. Эгер жип өтө тартылса, үзүлөт. Эгер бош болсо, башаламан болуп калат. Баланы тең салмакта өстүрүү – бул “баарын уруксат кыл” же “дээрлик тыюу сал” дегендик эмес, баалуу эркиндик менен коопсуз чекти айкалыштыра билүү.
Тыюу – бул коркутуу эмес, коопсуздукту түшүндүрүү. Балага “болбойт” деген сөз керек. Бирок ал сөз коркутуп коюу үчүн эмес, коопсуздукту, жоопкерчиликти, чекти көрсөтүү үчүн айтылганы туура. Мисалы, “мешке тийбе!” деп кыйкырбай, “меш ысык, ал сени күйгүзөт” деп себебин түшүндүрүү зарыл.
Эгер коркутуу менен айтылса, “мен туура эмесмин” деген жыйынтыкка алып келет. Эгер тыюунун себеби туура түшүндүрүлсө, “менин коопсуздугумду ойлоп жатышат” деп кабыл алат.
Ал эми эркиндик тууралуу айтсам, эркиндик – бул каалаганын кылууга уруксат дегендик эмес. Эркиндик – балага тандоо берүү, чечим кабыл алууга үйрөтүү. Бирок тандоо ар дайым чектүү болушу керек:
-- “кайсы көйнөктү кийесиң?” деген тандоо эркиндик;
-- “кийгиси келбей жатат, ошондуктан кийбей эле койсун” деген чексиздик.
Чексиз эркиндик балада башаламандык жаратып, “мага эч ким багыт бербейт” деген кооптонууга алып барат. Ошондуктан, баланы жаш курагына жараша тыюу да, эркиндик да өзгөрүп турушу шарт. Демек, эне чек коюучу эмес, багыт берүүчү болгону туура. Ошондо гана баары өз нугунда кетет. Ашыкча маселе, түшүнбөстүк жаралбайт...
"Азия Ньюс" гезити











