Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Жумагулов, саясат талдоочу: “Партиялык система менен сыймыктана албай калдык”

Бакыт Жумагулов, саясат талдоочу: “Партиялык система менен сыймыктана албай калдык”

02-март, 16:31
966 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бактыбек мырза, талкууга коюлган шайлоо мыйзамы боюнча түрдүү кептер айтылууда. Бири мактаса, бири сындашты. Ошондо партиялык система өзүн актабай калдыбы?

-- Партиялык системаны калыптандырууда биз сыймыктана турган жыйынтыктарга жетишкен жокпуз. Коомдук-саясый уюмдар эч качан бийлик менен элдин ортосундагы көпүрөгө айлана алган жок. Биздин эсибизде калган “Алга Кыргызстан”, “Ак жол” партиялары такыр башка кызыкчылыктарды көздөштү. Бул партиялар бийликте турганда, алар үчүн ар дайым административдик ресурс иштеп, саясый коррупция гүлдөдү. Ошол эле топко өзүн өзгөртүүгө аракет кылган, бирок бир адамдын жана анын үй-бүлөсүнүн партиясы болуп калган КСДП да бар. 2020-жылдагы окуялар мындай көрүнүштөрдүн чеги болду. “Мекеним Кыргызстан”, “Биримдик” жана “Кыргызстан”, ошол кездеги бийликке жакын саясый партиялар шайлоонун жыйынтыгы менен парламентти толук көзөмөлгө, бийликти толук колго алышкан. Бирок, толкуган элдин шайлоодогу добуштун жыйынтыгын жокко чыгарышын талап кылганы – бийликтин алмашуусу менен бүттү. Кыскасы, партиялык кризис ушул мыйзамдын жазылышына себеп болду. 

Буга чейинки шайлоого киргизүүгө аракет кылган пропорционалдык система элдин кызыкчылыгына туура келбегендиктен, максатына жеткен эмес. Шайлоо алдында партиялардын тизмесиндеги “беш” же “ондук” орундар кадимкидей эле сатылчу. Ошондуктан, бул система коом тарабынан ишенимге ээ болбой, жокко чыкты.

-- Азыркы талкууга коюлган шайлоо мыйзамында талапкерлерге адилеттүү шарттар түзүлүп, депутаттарды шайлоочуларга жакын кыла алабы?

-- Көп мандаттуу округдарга өтүү депутаттар менен шайлоочулардын ортосундагы байланышты бекемдейт. Бул, албетте, маанилүү жагдай. Ал эми чындап эле жарандардын ишенимине ээ болгон жана ар кайсы аймактарда көрүнүктүү өкүлдөрү бар саясый партиялар ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүктөрүн жоготушпайт. Мындай атаандаштык ар бир райондон үчтөн чыныгы татыктуу талапкерди аныктоого мүмкүндүк берет. Аталган мыйзам долбоору келечекте татыктуу парламентти түзүүдө маанилүү роль ойнойт. Бул өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Баардык маселелерди дароо чече албашыбыз мүмкүн, бирок бул партияларды, талапкерлерди эл менен активдүү, жоопкерчиликтүү иштөөгө үндөйт. Ким идеологиялык көз караштан мыктыраак, компетенттүү программаны сунуштаса, анын мүмкүнчүлүктөрү жогору болот. Бул олуттуу саясый реформалар аркылуу биз шайлоолордо мындан ары “капчыгы калыңдардын” таймашы болбой турган абалга келебиз. Негизинен демилге туура жана келечектүү. Партиялардын талапкерлерине жана өзүн өзү көрсөткөндөргө бирдей шарт түзгөн адилеттүү мамиле болот деп ойлойм.

-- Ошондо 30 округга бөлүнсө эле депутаттар менен элдин байланышы бекемделеби?

-- Талапкерлер 30 округдан чыга турган болсо, келечектеги Жогорку Кеңештин депутаттарынын байланышы бекемделет. Ар бир округда үчтөн депутат болот. Бул мыйзамдын дагы бир артыкчылыгы – аялзатына дагы өзгөчө көңүл бурулуп жатат. 30 округдан 30 аял депутат келет” деген норма да кирүүдө. Аялдар көбүрөөк шайланса, коомдук маселелерге жетишерлик маани берилет деген да пикирлер бар.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер