“Турпатын арча менен аластаган, Туптунук, таза жүрөк айылдыкмын...”


Азыркы мезгилде адабияттын абалы кандай? Проза, поэзия, драматургия ж.б. жанрларда кимдер келатат? Кызыккан окурман барбы? Өткөн кылымдын 1960-жылдарынан тарта адабият майданына не деген авторлор келди? Кыргыз адабиятын гүлдөткөн мезгил болду. Не деген акын-жазуучулар, драматургдар, сынчы ж.б. көркөм адабиятка салым кошуучуларды тааныдык, алар дүбүртүн алыска угузуп, окурмандарга даңазалап турушчу. Учурда басмакана да көбөйдү. Ким эмне жазып атканына окурман деле кызыкпайт, көңүлү түшүп, иши жок. Бул көрүнүштөн да арыларбыз...
Жакында Бакыт Орозбаев деген акындын «Көз ирмемдеги ырлар» жыйнагы «Китеп kg» басмасынан жарыкка чыгыптыр. Мурда-кийин айрым ырларын окуп, ичимден үмүт кылып, жылуу сезимде калган элем. Ал эми бул китептеги ырлар автордун ыр жазуу кудурети жетилип, бышып тургандагы чыгармалар экен. Адаттагыдай эле жыйнакта лирикалык, философиялык, атуулдук (патриоттук) ырлар орун алган. Андагы ырларда мекендин кооздугу, аны сүйө билүү, айыл турмушун жаңы боёк менен бере алгандыгы кубандырат. Баа жеткис салыштыруулар сезимге бүлүк салып, көңүлүңдү сергитет. Автордун поэзия айдыңында такшалып калганынан кабар берет. Мисалы, «Туулган жериме» деген ырга токтололу:
Толтосундай ыйык туткан тумардын,
Тоого чыгып, эс алганга кумармын.
Жашыл арча, ороп турган аскаңда
Жан эргитет ышкырыгы улардын.
Суусун ичсең кумарланып канбайсың,
Эс алгандан тажабайсың, танбайсың.
Падышалар паана кылчу Папанды,
Жомоктон да жолуктура албайсың, - деген саптар Папан айылынын кооздугун ырга салып, делебени козгоп турганы менен айырмаланат. Айылда жашаган жөнөкөй, көңүлү тунук, таза адамдардын мүнөзүн чебердик менен ырга салганы суктантып турат.
Тулкума сиңирип бүт кайың жытын,
Турамын «бренд» кылып айыл жытын.
Турпатын арча менен аластаган,
Туптунук, таза жүрөк айылдыкмын, - деп айыл адамдарын көкөлөтө ырга айлантып, даңктап келет. Анткени, кыргыздын уюткулуу өмүр турмушу айылда эмеспи.
«Көз ирмемдеги» аттуу китептин автору Бакыт Орозбаев поэзия айдыңында такшалып, калеми ойду жеткирүүдө чоң сүрөткерлик ыкма менен жазылган ырлары да окурманды сергитип, көңүлгө нур төгөт. Бул накта таланттын жетилүүсү. Анда «Ыр менен ойгоносуң» деген саптарына көңүл буралы:
Көкмөк чөп. Диванда эмес жерде эле уктайм,
Көшүлүп көлөкөдө эргип уктайм.
Бакалар бажалардай бакылдашса,
Баардыгы эстен чыгып сергип уктайм.
Дык салып чыгыш жакты жарык жандап,
Өзүңдү ызы-чуудан алыс кармап,
Далыга кайырмакты илип алып,
Отурган кандай сонун балык кармап... Чын эле көз ирмемде калган табигаттын кооз сүрөтү тартылып турат.
Ал эми лирикалык ырлардагы жалындуу саптар арбын экени окурманды тамшантпай койбойт. «Жамгыр» деген ырында жашоого кумар кылып, махабат күйүтүн күчөтүп, бушайман болгон сезимди акырын айтып тизмектейт.
Жамгыр
Чече албадым тагдырдын жандырмагын,
Чексиз сүйүп, жүрөктү калбырладың.
Жылуулукту сезчү элем дал өзүңдөн
Жыты келчү жыттасам тандыр нандын.
Бекем кармап бел бооңдон, белдемчиңден,
Бетиңден өөп, сүйөм деп чын дилимден.
Сүртүп алып кеткемин моюнума
Эриниңди боёгон эндигиңден.
Каткырыгың чагылган, нөшөр күлкүң,
Кара булут, жамгыр жаап, көшөрдү күн.
“Жарк” деп асман, сен дагы бир “жарк” этип,
Жандүйнөмдү эриткен нөшөрлүү түн.
Өчпөй калган бир сезим түгөнгүрүң,
Өгөйлөнтүп жашоомдо жүрөм бүгүн.
Караңгы түн. Сен жоксуң. Карайм көктү,
Жамгыр жаашы нөшөрлөп күмөн бүгүн….
Акын Бакыт Орозбаев табияттын көрүнүшүнө өзүнүн азаптуу махабатынын боёгун кошо сүртүп, окурманды да ойго салганы утуш эмей эмне? Сүйүү менен табигаттын кубулушун сезе билүү, ырга салуу – бул бакыт. Ал эми махабат жөнүндө ырларды кеп кылып жатып, дүйнөлүк адабиятта өз орду бар Расул Гамзатовдун жаш жигитке айткан кеңеши эске түшөт. Авар акыны Р.Гамзатовго ыр жазып жүргөн жаш жигит келип, кеңеш сурайт экен. «Дайыма сүйүү жөнүндө ыр жазарда үйүмдүн үстүнө чыгып, жылдыздарды карап, изденип ыр жазам, кыйналып да кеттим» дейт. Анда Расул Гамзатов “Жаш жигит, жубайың барбы?” деп сурайт. “Ооба, жакында үйлөнгөм” дейт. “Сүйүү ырлары үйдүн үстүндө эмес, жаныңда экен. Ойлон жакшылап, сен жазчу ырларды алыстан издебе” дептир.
Ооба, лирикалык ыр жаратуу бул назик, аны сезе, туя билүү керемет. Акын Бакыттын «Көз ирмемдеги» аттуу жыйнагындагы бир ыры эске түшөт.
Сүлкүлдөгөн жарыма
Бирдемени салгансып жүрөгүмө,
Бир заматта айланып чүрөгүмө.
Азгырасың, анан мен азгырылып,
Аргасыздан арбалам илебиңе.
Сүзүлөсүң сүрөттөй сүйкүм менен
Сүйүүңдү арнап, үлбүрөк, үлпүлдөгөн.
Сабыр кылып жашадың мага чыдап,
Садагам ай, сүйкүмдүүм, сүлкүлдөгөн…
Арзып алган жубайын бир чети жүрөк толкутуп сүйө билет. Анан да анын сүлкүлдөгөн тулку боюна суктануу менен дале көзү тойбой, жашоосуна ыраазы болуп, ичинен кубанычын да билдирип турат.
Бул «Көз ирмемдеги» ырлар жыйнагы тоо суусундай шылдыр агып, окуган сайын чаңкооңду кандырат. Поэзия майданындагы сапарың арыштуу болуп, жашоого курма кылган ырлардын ээси боло бер. Ак-Буура дайрасы элди, жерди байытса, сенин ырларың окурмандын рухий дүйнөсүн ого бетер жаз күнүндөй жашарта берсин!
Байыш Төлөнов, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Ош шаарынын ардактуу атуулу
"Азия Ньюс" гезити











