Дастан Жумабеков, ЖК депутаты: “Талас облусуна интернат аба менен суудай зарыл”

-- Дастан Артисбекович, Бакай-Ата районунда билим берүү боюнча бир көйгөй болуп жатканын айттыңыз. Ал эмне маселе?
-- Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылында Чалдывар мектеп-интернаты жайгашкан. Мурда ал жерде малчылардын, жакыр жашаган, мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөрдүн балдары мамлекеттин эсебинен билим алышчу. Бул Талас облусундагы жападан-жалгыз жатак мектеп эле. Бүт шарты бар болчу, билимди өтө жогору берчү. Ал жерди бүтүргөн биздин көп агаларыбыз, ини-карандаштарыбыз чоң ийгиликтерге жетишкен. Бирок, эки жылдан бери билим берүү министрлигинин токтому менен анын интернат статусу жоюлуп, “Манас” атындагы лицей болуп калды. Эми ал жерде балдар коммерциялык негизде акы төлөп окушат. Мурдагыдай малчылардын, жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары окуй албай калышты. Ошондон улам, ата-энелер комитет түзүп, “балдарыбызды каякка окутабыз, интернатты кайра калыбына келтирүүгө жардам бериңиз” деп мага кат аркылуу кайрылышты. Мен өз кезегимде президенттин, министрлер кабинетинен парламенттеги өкүлүнө кайрылып, ата-энелердин суранычын жеткиздим. Анткени, интернат Талас облусуна аба менен суудай керек болуп турат.
-- Интернат статусу жоюлса, анда бюджеттен каржыланбай калдыбы?
-- Мага жеткен маалыматтар боюнча, эми мамлекеттик бюджеттен да акча сурап атышыптыр. Коммерциялык лицей болгондон кийин жеке менчик сыяктуу да. Бирок ошого карабастан, мамлекеттик имаратта отурушат. Анан ушунун негизинде мыйзамга дагы бир өзгөртүү киргизейин деп жатам. Балдар жөнүндөгү кодексти карап көрсөм, жакыр жашаган үй-бүлөнүн баласы андай мектепке окушу үчүн соттун чечими керек экен. Соттун эмне кереги бар? Үй-бүлөлөрдүн материалдык абалын аныктаган мамлекеттик орган – социалдык камсыздоо бөлүмдөрү бар да. Ошолордун справкасынын, анан жергиликтүү райондук администрация башчысынын чечими менен кабыл алынса, процесс тез бүтөт. Сот аркылуу кабыл алынганда убаракерчилик көбөйгөндүктөн, ата-энелердин көбү барышпайт экен. Кабыл алуу процедурасын жеңилдетип берсек, интернатка окуган балдардын саны арбып, татыктуу билим алышмак.
"Азия Ньюс" гезити