Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Жолборс терисин кийген баатырдын» Алыкул Осмоновдун акындык тагдырында ойногон ролу

«Жолборс терисин кийген баатырдын» Алыкул Осмоновдун акындык тагдырында ойногон ролу

22-январь, 19:12
960 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Алыкул Осмонов Шота Руставели, анын «Жолборс терисин кийген баатыр» поэмасы менен алгач жолу качан, кандайча кездешкен? XII кылымдагы грузин классикасы алыскы Тянь-Шань тоолорунун арасында 30-жылдарда жаңыдан отурукташып жаткан кыргыз аймагына, жаңыдан торолуп жаткан кыргыз адабий чөйрөсүнө кандайча келип калган, о.э. бул чөкөмдө кандайча актуалдуу болуп чыга келген? Бүгүнкү күндө калың окурмандар журту, мектеп мугалимдери, атүгүл кээ бир адабиятчылар да Алыкул Осмоновдун «Жолборс терисин кийген баатырга» бет келип, аны которууга киришүү себебин 1938-жылы акындын жеке турмушунда болуп өткөн махабат драмасы менен тикеден-тике байланыштырып түшүнүп келишет. Мындай түшүнүккө Алыкул Осмоновдун «Жазуучулук баяным» аттуу эскерүүсүндө «1938-жылдын май айынан баштап, ушул улуу поэманы которууга кириштим. Ушул айда мен өмүрүмдө биринчи сүйгөн Айдай Жигиталиева деген кыз менен ажырашкан болчумун. Өз ичимден «бул күйүттү ыр менен басып, өзүмдү таанытуум керек» деп коём да, баардык намысым менен иштейм» деп жазганы себеп болгон. Бирок Алыкулдун «Жолборс терисин кийген баатыр» менен кездешүү убагы 1938-жыл эле эмес, которууга отурушунун себеби алгачкы сүйүүсүнөн айрылуу күйүтүндө гана эмес. А.Осмоновдун Шота Руставелиге жолугушунун буга чейинки өзүнчө тарыхы, которууга киришүүнүн бөлөк да мотивдери бар. Кеп мында.

1937-жылы грузин элинин улуу поэмасы «Жолборс терисин кийген баатырдын» жаралышынын 750 жылдык мааракеси бүткүл Советтер союзу боюнча салтанаттуу түрдө белгиленет. Ошол 1937-жылда советтик басма сөздө жарыяланган мааракелик макалалардын, материалдардын негизги мазмунун жана пафосун бүйүрмөлөп, жалпылап айтса, төмөндөгүдөй тыянак келип чыгат: Улуу Октябрь революциясы грузин элинин XII кылымда жашаган улуу акыны Шота Руставелинин «Жолборс терисин кийген баатыр» сыяктуу гениалдуу тарыхый көркөм мурасын советтик грузин калкына кайрадан кайтарып берди. Достукту, сүйүүнү, эрдикти, адилеттүүлүктү даңазалаган Ш.Руставелинин бул классикалык чыгармасы биздин СССР өлкөбүздө коммунизмди курууга, бир тууган советтик элдердин достугун жана биримдигин чыңдоого кызмат кылат. Айрыкча советтик жаштарды бийик нравалык идеалдардын духунда тарбиялоого жардам берет. Улуттук чек ара дегенди билбеген каармандары менен интернационалдык духка каныккан бул маданий мурас дээрлик советтик элдердин энчисине айланууга тийиш.

Дал ушундай юбилейлик, маданий-идеологиялык концепциядан улам Советтер союзунун баардык республикаларында Шота Руставелиге жана анын атактуу дастанына чоң көңүл бурулуп, көптөгөн иш-чаралар өткөн. Дастандын 750 жылдыгынын Кыргызстандагы мааракесинин учурунда мен калемгермин деген кыргыздын ар бир акын, жазуучусу «Жолборс терисин кийген баатырдын» орусча котормолору менен таанышууга, окуп чыгууга аракет кылган. «Биз кубаныч менен Руставелинин көркөм дүйнөсүн араладык» деп жазган Өмүркул Жакишев маараке учурунда («Советская Киргизия». 1937, 26-декабрь).

Жоомарт Бөкөнбаев «Жолборс терисин кийген баатырдын», «Нестан-Даражандын сүйгөнүнө жазган каты», «Нестан-Даражандын сүйгөнүнө жазган экинчи каты», «Тариэлдин сүйгөнүнө жазган биринчи каты» деген бөлүмдөрүн кыргызчага которуп, элге тааныштырат. Башка акындар, сынчылар бир катар маараке макалаларын жазышат. Дал ушул маараке күндөрү жаш акын Алыкул Осмонов да Шота Руставели менен биринчи жолу жакындан таанышып, чыгармасын окуп, атүгүл «Шота» аттуу ырын да жаратып, «Кызыл Кыргызстан» гезитине жарыялаган. Алыкул Осмоновдун Шота Руставели менен алгачы таанышуусуна жана ага кызыгып калышына мына ушинтип грузин классикасынын 750 жылдык мааракеси жана бүтүндөй союз бийик баалаган «Жолборс терисин кийген баатырдын» адабий даңкы себеп болгон. Алыкул Осмонов «Жазуучулук баянымда» минтип жазып отурат: «1937-жылы Москвага бара жатып, келе жатып да Шота Руставелинин «Жолборс терисин кийген баатырынын» подстрочный котормосун, ал жөнүндөгү кээ бир макалаларды окуп жана ошону которууну ойлодум. Бул санаа мени көп уйкулардан калтырды». Демек, 1938-жылга чейин эле, Айдай Жигиталиева менен болгон сүйүү драмасына дейре эле Алыкул Осмонов «Жолборс терисин кийген баатыр» менен “ооруп”, өзү жазгандай, ага аябай кызыгып, бул укмуштуу поэманы которууга бел байлап, мындан улам жүрөксүп да, күн-түн санааркап да, уйкусу качып, азап чегип жүргөн.

30-жылдарда Чыгыштын улуу классикасын котором деп дымактанган жаш акын Алыкул менен Шота Руставелини сыртынан салыштыра караганда, образдуу айтканда, «Тоодой болгон Отор жана томуктай болгон Омор» бет келип, күч сынашууга чыгып жаткандай. Чүкөдөй кишинин дөө-шаага алы жетеби? Дегеле, чын-чынында ошол Руставелинин жана анын дастанынын тоодой бийииктиги, анан дүйнөлүк маани-маңызы, улуулугу эмнеде болгон? Которуунун кыйындыгы эмнеде эле? Ушуга кыскача токтолуп өтөлү.

Шота Руставелинин «Жолборс терисин кийген баатыр» поэмасы XI-XVI кылымдарда жаралган Фирдоусинин «Шах-наме», Гурнанинин «Вис жана Рамин», Низаминин «Лайли менен Мажнун», «Хосров жана Ширин», Навоинин «Фархад менен Ширин», Тассонун «Бошотулган Йерусалим» сыяктуу дүйнөлүк классикалык чыгармалардын катарында турат. Дүйнөлүк маданият тарыхынын билермандарынын бүтүмү ушундай. «Жолборс терисин кийген баатыр» орто кылымдардагы Чыгыш ренессансынын, Чыгыш романтизминин символу, грузин рухунун эмблемасы катары эсептелет. Шота Руставели орто кылымдагы адамдын буту-колун тушаган, жандүйнөсүн чырмаган «чынжырларга», кишинин асыл башына эрк бербеген «ноктолорго», диндик схоластикага, фанатизмге, догмаларга карама-каршы эркин духту алып жүргөн, караңгы түндө айланага чырак болуп жанган, бунтардык мүнөздөгү ренессанстык гениалдуу личность эле. Ошого жараша «Жолборс терисин кийген баатырга» да автордун инсандык өзгөчөлүгүнүн мөөрү басылган. Ш.Руставелинин бул чыгармасынын дүйнөлүк мааниси анын жалпы адамзаттык мазмундагы моралдык-этикалык нарктарды камтыгандыгында, сүйүүгө туруктуу, достукка, антка-шертке бекем, адилеттүүлүк үчүн тикесинен тик турган, жамандыкка, зордукка, чыккынчылыкка каршылык көрсөткөн, тагдырга, фатумга баш ийбей, жеңип чыгуунун философиясын көтөрүп жүргөн баатыр каармандарды даңазалагандыгында, адам баласынын потенциалына жана рухий күч кубатына болгон ишенимди бекемдегендигинде. Чыгарманын маңызы адамдын трагикалык кыйрашын эмес, аягы той менен бүткөн анын адеп-ахлактык жеңишин көрсөткөн социалдык оптимизиминде жатат. Адабий-эстетикалык жагынан караганда, «Жолборс терисин кийген баатыр» поэтикалык кооздукка ширелген, метафораларга, акылман афоризмдерге бай, сюжети, строфалары, саптары чебер сомдолгон, мазмуну менен формасы гармониялуу айкалышкан көркөм шедевр. Каармандары жалпыланган типтер, ошону менен бирге жандуу иш-аракеттердеги, динамикалуу, ийкемдүү конкреттүү мүнөздөр катары жашайт. Кыскасын айтканда, «Жолборс терисин кийген баатырдын», Алыкул жазгандай «укмуштуулугу» дал ушунда. Ш.Руставелинин бул поэмасынын мына ушундай көркөм гигант экенин сезип, өйдөкү 750 жылдык маараке учурунда Кубанычбек Маликов минтип жазган: «Грузиндин даанышман поэмасын кыргыз окуучуларына улуу акындын эң жогорку көркөм каражаттары менен жеткириш үчүн алдыда бүткүл чыгармачылык коллектив иштей турган чоң жумуш турат. Кыргыздын акындары мындай максатка жетиш үчүн Шота Руставелинин жогорку чеберчилигине ээ болушу зарыл, кыргыз тилинин өзгөчөлүгүнө жараша, котормонун кыйынчылыгын жеңе турган чыгармачылык методдор издөөсү зарыл» («Советская Киргизия». 1937, 26-декабрь).

Мына ушинтип, Кубанычбек Маликов коллективдин күчүнөн гана үмүт кылып, грузиндин бул атактуу поэмасын кыргызчага которууга жалгыз өзү жарай турган чыгармачыл күч азырынча арабызда жок дегендей ишенимде болгон экен. Бирок мындай күдүктөнүүгө карабай, грузин классикасын жеке өзү которууга атаан кылган калемгер табылган. 23 жаштагы Алыкул Осмонов даңктуу поэмадагы Автандил сыяктуу жолго жалгыз чыгып, калемин «оозуна тиштеп», өзүнүн адабий бактысын сынап көрүүнү чечиптир. Ушул жерден мобу нерсе жөнүндө айткыбыз келет. Биздин замандын IX кылымынан Октябрь революциясына чейинки узакка созулган кыргыздын көчмөн феодализми менен Руставели жашаган грузиндин XII кылымдагы феодалдык заманынын ортосунда жалпы окшоштук бар. Ушул орто кылымдык доор кыргыздар үчүн да, грузиндер үчүн да жалпысынан жоокердик-рыцардык доор болуп саналат. Ошол мезгилдерде жаралган кыргыз элинин «Манас» (IX кылым) эпосунун жана «Жолборс терисин кийген баатыр» (XII кылым) поэмасынын каармандары да бири-бирине түспөлдөш, типологиялык жалпылыктары бар. Тариэл, Автандил, Фридон сыяктуу эле Манас, Бакай, Кошой, Чубак, Алмамбет да баатырлар, шерлер, акылман дагы, достукка, антка-шертке бекем, адилеттүүлүк, эркиндик, чындык үчүн күрөшкөн, бийик этикага эгедер каармандар. «Кыргыз жаштары Сагымбайдын «Манасын» окуу менен баатырлыкка, эр жүрөктүүлүккө, болочокко жайдары кароого, доордун сонун иштерине ак ниет кызмат кылууга үйрөнүшөт» деп жазган А.Осмонов «Сагымбай Орозбаков» аттуу макаласында. Ал эми махабат периштелери Тинатин менен Нестан-Даражан ак жоолуктун улугу, аялзаттын тунугу Каныкей менен Айчүрөктүн сиңдилери сыяктуу. Мына ушундай жагдайдан улам «Жолборс терисин кийген баатыр» Манастын урпагы Алыкулга «боордош» чыгармадай жакын сезилген. 30-жылдарда кыргыздар кечээки көчмөндүк-жоокердик кыртышынан алыстап кете элек эле. (1920-жылдар «Советтик курулуштун балалык доору эле. Кыргыз феодализминин такыр жоюлуп кете элек учуру болучу» – Алыкул Осмонов). Бир буту көчмөндүк кыртышта, экинчи буту жаңы цивилизацияда турган ак калпакчан тоолуктардын өкүлү жаш акын Алыкул XII кылымдын туундусу «Жолборс терисин кийген баатырга» психологиялык жана тарыхый жактан жакын турган дешке болот. Бул чыгарманын Алыкулга «ыманы ысык» көрүнүшү жана аны которууга акындын ышкыланышынын бир учугу ушул жагдайда жаткандыгын туюнуп коюшубуз абзел. 

Айтмакчы, «Манас» менен «Жолборс терисин кийген баатырдын» окшоштугун баамдап, адабиятчы Өмүркул Жакишев маараке маалында «Эки баатыр» деген чакан макала жазып, «Советская Киргизия» гезитинин 1937-жылкы 26-декабрындагы санына жарыялаптыр. Ал макаланын үзүндү-чордонун Камбаралы Бобулов «Фольклор жана адабият» деген китебинде пайдаланган. Анда Өмүркул Жакишевге да кулак төшөп коёлу: «Биз аны окуп отуруп, кыргыз элинин баатыры Манас жөнүндөгү эпосту эске түшүрөбүз: эки баатыр биздин аң-сезимибизде орун алып, алар кезигишти. Дайыма “арстан”, “жолборс” деп аталган Манас жана Жолборс терисин кийген баатыр Тариэл. Сыягы, алар ырдын ыргагы, рифма менен салыштыруулардын молдуулугу менен атаандашкансыйт. Шота Руставелинин темирдей так канаттуу сөздөрү кыргыз эпосунун таамай макал- лакаптарына жарашкансыйт. Мындай улуу мурастын ээси грузин калкын кубанычтуулук менен куттуктап, аны чоң ыраазылык менен өзүбүздүн маданиятка кабыл алып, биз «Манастын» ачкычы башка элдерге бериле электигин унутпашыбыз керек. Ал дагы «Жолборс терисин кийген баатырдын» замандашы. Анын да жаралганына сегиз кылым деп биз эсептеп жүрөбүз. Аны революция кайрадан жаратты. Ал кийинки жылдары гана жазылып алынды. «Манас» экинчи өмүрүн баштан өткөрүүдө» (К.Бобуловдун «Фольклор жана адабият» китебинен, 8-бет). Географиялык жактан бири-биринен алыс турган эки дастандын поэтикасынан окшош касиеттерди аңдай билген Өмүркул Жакишевдин көрөгөчтүгүнө баа бербей койбойсуң.

Мына ушинтип «Жолборс терисин кийген баатырдын» котормосунун ийгиликтүү чыгуу мүмкүнчүлүгү үчүн 1938-жылы Алыкул Осмоновдо кандай көрөңгөлөр, камылгалар, шарт-жагдайлар бар эле? 

Биринчиден, Алыкул Осмонов Ишеналы Арабаев жазгандай, «миң жылдан бери сүйлөнүп келе жаткан» байыркы кыргыз тилинин ээси эле. Ал балапан кезинен эне сүтү сыяктуу боюна сиңген эне тилин улуу «Манас» эпосунун тили менен байыткан. А.Осмонов кол жазмалар фондусундагы «Манастын» бир гана вариантын эмес, бир катар варианттары менен таанышып, окуп чыккан. Ал «Сагымбай Орозбаков» аттуу макаласында минтип жазат: «Мен түздөн-түз муну айта алам. Эгер ушунун ичинде Сагымбай Орозбаковдун варианты болбосо, анда калгандары бизди «Манас» эпосунун күчүнө мынчалык таңкалтыра албас эле. Сагымбайдын сөздөрү башкалардыкынан бөлүнүп турат. Сагымбайды окуп туруп, башкаларыныкына келгенде төрт катар үйдөн бир катар үйгө түшкөндөй ылдыйлайсың. Биздин кыргыз акындары айткандай, «Сагымбайдын бир сөзү бир аттык». Бул тарыхый макала-документтен акындын «Манастын» сөз өрнөктөрүнөн, лексикалык-фразеологиялык байлыгынан жетишинче үлгү алып, өздөштүргөндүгүн ишаралап турат. Демек, метафорага, афоризмдерге бай «Жолборс терисин кийген баатырды» ширелүү, ийкемдүү, учкул, бай тил менен которууга Алыкулда лингвистикалык мүмкүнчүлүк бар болгон.

Экинчиден, Алыкул Осмоновдун буга дейре бир кыйла эле каймактаган котормочулук тажрыйбасы бар эле. «Жолборс терисин кийген баатырга» чейинки котормочулук өнөрү жөнүндө акын «Жазуучулук баянымда» мындай деп маалымдайт: «Бул жылдарда мен көбүнчө которуу ишине киришип, Пушкиндин лирикаларын, 1937-жылы «Балдасын» жана Лермонтовдун лирикаларын, кийинчерээк «Качкын» деген поэмасын, 1936-жылы Иван Крыловдун тамсилдерин котордум.

Мындан мурунку жыл араларында Перронун «Жомоктору», С.Маршактын «Пожары», Чуковскийдин «Федорина гореси», «Төрт түс» деген китеп, В.В.Вересаевдин «Пушкин турмушу» дегени ж.б. мен тараптан которулган болчу». Бул биографиялык маалыматтан улам А.Осмоновдун котормочулук жагынан бир топ эле мээнет кылып, кыйла эле бышыккандыгын, образдуу айтканда, котормочу катары «текөөрү» чыгып калгандыгын байкоого болот. Мына ушул көрөңгө-тажрыйбасы акынды жаңы чыгарманы которууга белсенткен тирек-түрткүлөрдөн болгон.

Үчүнчүдөн, Руставелини которуш үчүн дагы бир шарт керек болчу. Жогоруда «Жолборс терисин кийген баатыр» Чыгыш ренессасынын, Чыгыш романтизминин чыгармасы деп айтылбадыбы. Бул дастан күчтүү эмоциялардын, эркин духтун, учкул фантазиянын, курч драмалардын, майтарылбас эрктин, каармандыктын, оптимисттик дүйнө туюмдун, канаттуу поэзиянын чыгармасы. Шота Руставели бул поэмасын жалындап күйүп, өрттөнүп, ыйлап отуруп жазган. Поэмасынын баш жагында да, аягында да: «Мен акын Руставели күйүп-жандым. Мындагы шыктардын дартын ээрчип, өзүм да мажнун болуп эстен тандым. Арманын Тариэлде арстандын, энтигип, көлдөй төгүп көздүн жашын, мен Шота Руставели ырга салдым» деп гениалдуу акын өзү да күбөлөп жатпайбы. Мына ошондуктан поэма эмоцияга карк болуп жаралган. «Жолборс терисин кийген баатыр» котормочудан романтикага, фантазияга, учкул кыялдарга бай жаштык курактын жалындаган күчүн, оргуган энергияны, сүйүүгө, көбүрүп-жабырган сезимдерге толгон жүрөктү, адеп-ахлактык максимализмди, талантты талап кылып турган. Ушунун баары ошо кезде 23-24 гана жаштагы Алыкул Осмоновдо бар эле. Анүстүнө Айдай Жигиталиевадан айрылып, жаш акындын күйүттөн өрттөнүп турган чагы эле. Буга кошумча ал ошондо катуу намысына келип, өзүнүн ким экендигин далилдөөнү чечип, адабиятта бар болоюн же жок болоюн деп ортого «кыл чайнап» чыккан болчу. «Чоңойдум эр жеттим, эми бир зор иш кылбасам менин Алыкул атым кайсы?» дейм. «Эгер бул иш менин колуман келбесе, анда мен чабал акынмын, колумдан эчтеке келбегени» деп ойлойм. Буга кошумча бул укмуштуу поэма мени аябай кызыктырды». («Жазуучулук баяным» макаласынан). Мына ушул жагдайлар дагы грузин дастанынын котормосунун ийгиликтүү чыгуу мүмкүнчүлүгүн чынга чыгарчу шарттардан эле.

Төртүнчүдөн, Алыкулдун алдында Кубанычбек Маликов өйдөдө жазгандай, которуунун туура методун табуу зарылчылыгы турган. Котормочулук иште чыгарманын татыгын кармабай, тамгасын ээрчиген педанттык тактык, пунктуалдуулук, автордун артынан жөрмөлөп ээрчүү, бир сөз менен айтканда, буквалдуу оодаруу көп учурда түп нусканын мазмунун жардылантууга, тайкылантууга, кээде поэтикалык идеяны бурмалоого алып келерин котормонун дүйнөлүк практикасы көп жолу ырастаган. Поэзияны которуу прозаны которгондой эмес. Поэтикалык котормо өтө бир кылдаттыкты талап кылган назик жана татаал нерсе. Бул жерде түзмө-түз көчүрмө милдеттүү эмес. Бул жерде боортоктоп сойлоо эмес, куш болуп көккө учуу керек. Поэзия табияты ушундай да. Оригиналдын автору менен бир траэкторияда жанаша жарышып учуу абзел. Түп нусканын өзөк-жүрөгүн, мазмундук чордонун, идеялык уңгусун кармап, ошону башка тилдин боёктору, поэтикалык каражаттары менен эгиздин түгөйүндөй кылып кайра жаратуу керек. Мындай чыгармачылык методду колдонуу көркөм котормо практикасында далай жолу эң сонун түшүмдөрдү берген. Алыкул Осмонов да дал ушул усулдун жолуна түшүүнү чечкен. Алыкул колдонгон эркин котормо методун Камбаралы Бобулов: «Котормо бул өрттөн калган күлдөн кайра тирилген феникс куштай бөлөк топуракта кайрадан төрөлүү» деп образдуу сөз менен таамай атаган. Ал эми котормочу, окумуштуу Зайыр Мамытбеков мындайча жазат: «Котормочу он беш муундан турган грузиндин ырын сокурлук менен ээрчүүдөн баш тарткан, анткени ал кыргыздарга бейтааныш эле, ошон үчүн окурмандар кабыл алмак эмес, аны кыргыздын он бир муундуу ыры менен которот. Көркөм котормонун принциптеринде Алыкул Осмонов оригиналды чыгармачылык менен кайрадан түзүү методунда турган». «Бул эң жогорку кадам, ойлоп табуунун кадамы» деген Пушкиндин оюн карманган» («Советская Киргизия» гезити, 1966, 28-сентябрь). «Поэма эң эркин которулду. Маанисин алып туруп, өзүмчө кеттим. Бирок ошондой болсо да мааниси өзгөрбөй сакталат» (Алыкул Осмонов).

Бешинчиден, баса айта турган нерсе, «Жолборс терисин кийген баатырдын» котормосунун жемиштүү, жеңиштүү ишке ашырылышы үчүн эң орчундуу, башкы шарт, эң күчтүү фактор зарыл болчу. Мейли, котормочу эне тилин эң сонун билсин, сөзгө бай болсун, котормочулук жана акындык тажрыйбасы арбысын, жалындаган жаштык оту, махабат мажнуну болсун, кайра жанбас эрки, намысы, кумар-каалоосу жаралсын, котормодо туура усулду тутунсун, бирок, эгер котормо ээсинде эң чечүүчү нерсе – табият эне берген нукура талант, акындын тубаса күлүктүгү, буга тутумдаш тереңден оргуган өткүр акыл-эс, даанышмандык кудурет, кубаттуу рух потенциалы болбосо, дүйнөнүн татаал карама-каршылыгын камтыган, этикасы менен эстетикасы бийик гениалдуу чыгарманы ойдогудай оодарууга чама-чаркы жетпей, акын алсыздык кылып, «ара төрөп» салмак. Бир акын туура ырдаган:

Даанышман даанышманга сырын ачар,

Чоң жылдыз чоң жылдызга нурун чачар.

Чабал жан оодарам деп эрдемсинсе,

Бозоруп, түп нусканын куту качар.

Алыкул Осмонов «Жолборс терисин кийген баатырды» которууга киришкенге чейин поэзияда анча көрүнө алган эмес. «Ошол жылдары чыккан «Жылдыздуу жаштык» деген китебим эң начар колго алгыс китеп болду» деп акын өзү «Жазуучулук баянымда» жазып жатпайбы. Калемдеш замандаштары которсо которор, бирок Руставелинин өзүндөгүдөй көкөлөгөн көркөм сапатты, кайталангыс касиеттерин бериш кайда дегендей, Алыкулга ишенкиребей карашса керек. Кээ бирөөлөр астыртан мурутунан жылмайган болушу да мүмкүн. Бирок жаш кыргыз котормо өнөрүндө, бүтүндөй кыргыз адабиятында коомчулукту айраң калтырган күтүүсүз окуя болуп өттү. Котормодо сенсация деп айтарлык “жарк” эткен жаңылык жаралды. Шота Руставели XII кылымдан суурулуп чыгып, Ала-Тоого келип, кыргыз тилинде «Жолборс терисин кийген баатыр» жөнүндө өзү дастан айтып жаткандай элес жаралды.

Алыкул Осмонов Шота Руставелинин улуу чыгармасына атаандаш, теңдеш, теңата, конгениалдуу котормону жаратып таштаган. 1940-жылы китеп болуп басылып чыккан бул «дүңк» эткен жаңылыкты биринчи болуп кучак жайып тосуп алган Аалы Токомбаев болду. 1937-жылы партиялык «Кызыл Кыргызстан» гезитинде жарыяланган «Адабияттагы зыяндуулуктун түп тамырын сууруп таштайлы» деген макаласында А.Осмоновдун Аалы Токомбаевди жана ал башкарган Жазуучулар союзун катуу сындаганына карабастан, Аалы Токомбаев жаш котормочунун ийгилигине кадимкидей сүйүнүп, моминтип алакан чапкан: «Бул китептин жарыкка чыгышы кыргыз элинин жаш адабияты үчүн чоң жеңиш. «Жолборс терисин кийген баатыр» поэмасын ушунчалык сүйкүмдүү которгондугу акындын чын дили менен иштегендигин көрсөтөт. Осмоновдун азыркы котормосу элибизди чоң кубанычка ээ кылды”. («Кызыл Кыргызстан». 1941, 16-апрель). Көрсө, «Тоодой болгон Оторду, томуктай Омор которду» дегендей, 23-24 жаштагы Алыкул Осмоновдо «тоону томкоро» турган күч бугуп жаткан экен. Жогоруда саналган, аталган 5 шарт, 5 фактор баары чогулуп келип «бир муштумга түйүлүп», бир максатка чегилгенде, «ушунчалык сүйкүмдүү» (Аалы Токомбаев) котормо жарыкка келип отурат. Кыргызчаланган поэманын кай жагын гана караба, көркөм тулкусу бүтүндөй поэзия. Сөз гүлдөрү, ой гүлдөрү, поэтикалуу саптар, эмоциясы күч строфалар, күтүүсүз уйкаштар, чеберчилик менен табылган сөз айкаштары, көркүнө чыгара сүртүлгөн боёктор жыш кездешип жүрүп отурат. Бүт котормо ырдап турат. Башкасын айтпаган күндө да, Нестан-Даражан сулуунун келбети кыргыз сөздөрү менен кандай укмуш тартылган! Сөз гүлдөрүнөн бүткөн периштенин портрети. Кирпиктерин калем кылып, жүрөк канын сыя кылып ашыктардын бири-бирине жазган каттары кандай таасирдүү чыккан. Мисалы, Нестан-Даражандын сүйгөнү Тариэлге жазган катынын бир эле строфасын окуп көрөлү: 

Жараткан неге бизди ажыратты,

Кошулчу кош жүрөктү алыстатты. 

Сендеги терең баткан жаанын огун 

Мендеги бек мыкчыган уу тырмакты

Кандай жан сууруп алып, сооп алмак? 

Кор кылбай күнөөсү жок махабатты.

Бул үзүндүдөн кооз сөздөрдүн үймөгүн эмес, махабатка өрттөнгөн армандуу жүрөктүн өзүн көрүп турабыз. «Жаанын огу», «уу тырмак» деген метафоралык маанидеги туюнтмалар эки ашыктын сүйүүсүнүн күчүн жана ага болгон тагдырдын кыянаттыгын жетер жерине жеткире айтып жатат. Дал ушундай көркөмдүк-поэтикалык касиет бүтүндөй котормонун ажарына негизинен мүнөздүү. Анан кантип Аалы Токомбаевчесинен Алыкул Осмоновдун котормосун «ушунчалык сүйкүмдүү» деп атпай коёсуң!


(Уландысы кийинки санда)

Советбек Байгазиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер