Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аликбек Жекшенкулов: Кыргызстан – сүйүктүү мекеним

Аликбек Жекшенкулов: Кыргызстан – сүйүктүү мекеним

14-январь, 21:05
747 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Башы өткөн сандарда)

Чыңгыз Айтматовдун музейи 

Талас районунун Шекер айылында заманыбыздын залкар жазуучусу, гуманист Чыңгыз Айтматов туулган. Ал айылында 20 жылга жакын жашап, 14 жашында айылдык кеңештин катчысы болгон. Кыргыз элинин сыймыктуу уулунун балалыгы өткөн эски үйүндө 1978-жылы жазуучунун өмүр жолун, чыгармачылыгын камтыган музейи ачылат. Музейде 1000ден ашык экспонаттар, айрым кол жазмалар, макалалардын түп нускалары, сүйүктүү китептери, ошондой эле көптөгөн сүрөттөр коюлган. Анда Айтматовдордун үй-бүлөсүнүн жана жазуучунун ата-энесинин тарыхына арналган өзүнчө экспозициялар да бар. 

Ал жерде, ачык асман астында Чыңгыз Төрөкуловичтин чыгармаларындагы каармандардын скульптураларынын музейи жайгашкан. Баарыбыз билгендей, көпчүлүк окурмандар Чыңгыз Айтматовду чыгармаларынын каармандары аркылуу кабыл алышат. Адатта сүрөтчүлөр анын каармандарын тартышып, аларга эстеликтерди жасап келишет. 

Чыңгыз Төрөкуловичтин ойчул жана адам катары феномени, анын эл менен руханий тууганчылыктагы байланышы, эркиндикке, адилеттүүлүккө болгон арманы, тилеги болгон. 

Талас жергесинде Улуу Манастын касиеттүү күчү, энергиясы бар жана ал бүгүнкү күндө да бүтүндөй кыргыз элине оң таасирин тийгизип келет. Бул айрыкча Талас өрөөнүнүн тургундарынан сезилет. Алардын көбү ачык, эмгекчил, эр жүрөк, демилгелүү, сабырдуу адамдар. Бүгүнкү күндө таластыктар Кыргызстандын саясый, экономикалык жана маданий өнүгүшүнө татыктуу салым кошууда.


Нарын – керемет тоолуу аймак!

Кыргызстандын так ортосунда Нарын облусу жайгашкан, ал эң чоң аймак, жаратылышы бай, өлкөнүн төрттөн бир бөлүгүн түзөт.

Менин балалыгым ушул жерде өттү. Кайсы жерде болсом да, анын кооздугун, ак кар баскан аскалуу тоолорун, жыпар жыттуу гүлдүү өрөөндөрүн, жайлоодогу түтүндөрүн, үйүр-үйүр жылкыларын жана буркан-шаркан түшкөн мөңгү дарыялары жөнүндө кыялданам.

Өзүнүн атын ал облустук борбордун атынан алган. Шаардын аталышынын келип чыгышы толук изилдене элек. Балким, ал монгол тилиндеги «күн» же кытайча «тар» деген сөздөн келип чыккандыр, алар кыргызча «Нарын» дегенге абдан окшош.

Республикадагы гидроэнергетикалык ресурстардын үчтөн бир бөлүгүн Нарын облусунун суулары түзөт. Нарын дарыясы суу энергиясынын запастары боюнча Волгадан кем эмес.


Орто кылымдагы Таш-Рабат чеби жана анын уламыштары

Байыркы доорлордон бери бул аймак аркылуу Фергана өрөөнүн Ысык-Көлдүн жээги жана Кашкар оазистери менен байланыштырган Жибек Жолунун негизги кербен чыйырынын бири өткөн. Ал эми бүгүнкү күндө өлкөнү Кытайга байланыштырган эл аралык маанидеги жол өтөт. Аталган аймакта орто кылымга таандык болгон Таш-Рабат чеби азыркыга чейин Борбор Азиянын тарыхынын сыры бойдон калууда. Чеп алыскы Кара-Каюн капчыгайында, 3600 метр бийиктикте, Кытай менен чек арадан анча алыс эмес жерде, карлуу чокуларга, адам барууга мүмкүн болбогон кырка тоолорго курчалган. Борбор Азиядагы орто кылымдарга таандык архитектуралык эстеликтердин арасында Таш-Рабат кербен сарайындай табышмактуу жай жок.

Чептин имараты симметриялуу, капталдары 35,7х33,7 метр болгон кадимки тик бурчтук формасында жана залдын айланасында жайгашкан 31 бөлмөдөн турат, алар 20 күмбөз, 11 күмбөз (купол) менен кооздолгон. Эң кызыгы, имараттын чатыры жок. Бул тууралуу уламыш бар: Таш-Рабатты атасы менен баласы курган. Чатырга акыркы кирпичти куюш керек болгондо уулу алыстан кербен көрүп, ал жактан кимдер өтүп баратканын билгиси келет. Баласы атасынын “адегенде ишти бүтүрүп, анан кербенди көргөнү бар” деген сөзүнө моюн сунбай, соодагерлерге жолугууга кетип, ошол бойдон кайра кайтып келген эмес. Көрсө, кербен менен бир сулуу кыз баратыптыр, уулу аны ээрчип кеткени жоромолдонот. Ошондуктан, жумуш бүтпөй калганы айтылып калган... 

Таш-Рабаттан анча алыс эмес жерде VII-X кылымдарга таандык Кошой-Коргон конушунун урандылары бар. Уламыштарга ылайык, ал Манастын устаты Кошойдун ысымына байланыштуу. Легендарлуу Кошой бул жерге кыргыздарды байыркы кытайлардын жортуулдарынан коргогон сепил тургузган. 29 жылдан ашык убакыт бою, баатырды чыккынчылык менен жок кылганга чейин чеп душмандардын жолунда аларды коргоп келгени айтылып келет.


Соң-Көл көлү жана анын уламыштары

Аймактын бермети болуп, Соң-Көл көлү эсептелет. Ал Кыргызстандагы экинчи чоң табигый суу сактагыч. Соң-Көл деңиз деңгээлинен 3016 метр бийиктикте жайгашып, октябрдан июнь айына чейин калың муз менен курчалып турат.

Ушул күнгө чейин сакталып келген элдик уламыш боюнча, бийик тоонун так ортосуна алыскы өлкөлөрдөн келген күчтүү жана катаал өкүмдар өзүнүн баш кеңсесин түптөгөн. Анын айланасындагы көчмөн тоолук урууларга адам чыдагыс салык салып, алардын эң сулуу кыздарын гаремине алып турат. Каардуу хандын куралданган аскерлери таасирдүү эле, элди коргоого аракет кылган көптөгөн баатырлар аларга каршы салгылашууларда курман болушкан. Мындан тышкары, ал өзүнүн каршылаштарын сыйкырчылык менен да кыйнаган.

Акыры табияттын күчүн башкара билген жергиликтүү молдолор зөөкүргө каршы чыгышат. Алар баардык күчтөрүн бириктирип, катуу жер титирөөнү жаратышат, анан жер ачылып, хан сарайы, аскерлери менен түпсүз туңгуюктун түбүнө кулап, дароо жер бетине кордолгон байкуштардын, алардын энелеринин жылдар бою ырайымсыздык үчүн төгүлгөн жаштары агымдарга толуп кетет. Көз жашындай туптунук көл ушинтип пайда болгон. 

Көлдүн түштүк-чыгыш жээгинде уникалдуу таштардан тургузулган «таш-тулга» эстеликтери – тагыраагы, 8 таштан жасалган таш очок (таган-треног) бар. Орточо диаметри 1-1,3 метр болгон бул сегиз таштын тогузу түндүк-түштүк багытында 140 метр узундукта тизилген, алар болжол менен биздин доорго чейинки I кылымга таандык. 

Уламыш боюнча алсак, булар Манастын 40 чилтени эт бышырган чоң казандардын очоктору. Очокторду Алтайдан Көкөтөйдү акыркы сапарга узатуу зыйнатына келген тууган-уруктары орнотушкан. «Манас» эпосунда бул улуу жаназа туурасында айтылган эмеспи. Ал эми баатыр өзү да ушул жерге суктанып, атактуу Ак-Кула атын эки метрдей чоң төрт бурчтуу таш мамыга байлап коюп, өргүү алганы айтылат...


Шаар шаркыратмасы

Ошондой эле облустагы Баш-Кайыңды капчыгайында Борбор Азиядагы эң чоң Шаар шаркыратмасы жайгашкан. Бийиктиги 300 метрге жакын шаркыратма деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте турат. Шаар шаркыратмасы ушунчалык улуу (величественный) болгондуктан, ага алып баруучу жолду 45 чакырым алыстыктан көрүүгө болот.


Кел-Суу көлү

Кытай менен чектешкен, жетүүгө кыйын болгон Көк-Кыя өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 3500-3600 метр бийиктикте, суусунун өңү көгүлтүр жашыл болгон өзгөчө түстөгү уникалдуу Кел-Суу көлү бар. Көлдөгү суунун деңгээли жыл сайын өзгөрүп турат. Жайкысын көл дээрлик эки эсеге кыскарса, сентябрга чейин кайра толот. Көл ар дайым кооз, өзгөчө күн тийген учурда көркүнө чыгат. Көгүлтүр жашыл суусу – ондогон шаркыратмалардын, мөңгү сууларынын, жүздөгөн метр бийиктиктеги аскалардын жыйындысынан келген байлык.

Нарын облусу укмуштуудай туристтик потенциалга ээ, анткени жергиликтүү аймактын дээрлик 70%ын тоолор түзөт. Мындан улам, кооз ашуулар, жапайы тоо дарыялары, терең капчыгайлар, түбөлүк кар жана мөңгүлөр, укмуштуудай кооз көлдөр, шаркыратмалар бар. Ошондой эле байыркы маданияты бул жерлердин уникалдуу экенин далилдеп турат. Бирок аймактын эң негизги байлыгы – анын намыскөй, эркиндикти сүйгөн, эмгекчил, боорукер эли.


Кыргызстандын фаунасы жана флорасы

Кыргызстандын жаратылышы планетанын ар кайсы бурчунан келген көптөгөн туристтерди дайыма суктандырат. Тоолордо, көлдөрдө, өрөөндөрдө же талааларда жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жомоктогудай көп түрдүүлүгү көз жоосун алат. Кыргызстанда чөл, талаа, шалбаалуу талаа, токой, альп шалбаалары жана тундра жаратылыш комплекстери бар. 

Өлкөнүн аймагында өсүмдүктөрдүн үч миңден ашык түрлөрү өсөт. 200дөн ашык жапайы жана дары чөптөр бар. Өлкөнүн Кызыл китебине жогорку өсүмдүктөрдүн 89 түрү, ошондой эле козукарындардын 6 түрү киргизилген.

Кыргызстандын токойлорунда дарактардын 120дан ашык түрү, көптөгөн экзотикалык бадалдар бар. Көбүнчө карагай, арча, жаңгак токойлору, өзгөчө жайылма токойлор арбын. Альп өрөөндөрүндө дан эгиндери, мамык чөп, бетеге жана башка чөптөр өскөн атактуу бийик тоолуу жайлоолор кездешет. Биздин шалбаалар өзгөчө, алар гүлдөп жатканда өсүмдүктөрдүн кооздугу, ар түрдүүлүгү менен таңкалтырат.

Биздеги көптөгөн өсүмдүктөр бал берүүчү болуп саналат жана экологиялык жактан таза шарттарда өсөт. Ошондуктан Кыргызстандын тоо гүлүнүн балы дүйнөгө белгилүү.

Өлкөнүн фаунасы да өзүнүн көп түрдүүлүгү менен айырмаланат. Кыргызстанда 1,5 миңге жакын омурткасыздар, канаттуулардын дээрлик 400дөй түрү, сүт эмүүчүлөрдүн 83 түрү, балыктын 75 түрү, курт-кумурскалардын жана бир клеткалуу жандыктардын 10 миңден ашык түрү бар. Өзгөчө мамлекет тарабынан корголуп, Кызыл китепке киргизилген сүт эмүүчүлөрдүн 26 түрү, канаттуулардын 53 түрү, ошондой эле балыктын 7 түрү бар. 

Кыргызстандын фаунасынын кооздугун ак илбирс, Марко Поло тоо текелери, бугу, аюу, кирпи, кар тоо үндүгү, тоо казы, ак куу жана башка көптөгөн жаныбарлар, канаттуулар түзөт.


Эпилог

Кыргызстандын эгемендүүлүккө ээ болушунан бери мени өлкөнүн, элдин, жаратылыштын келечеги тууралуу маселелер көп ойлонтту. Айрыкча дипломатиялык иштерге келишим менен чет мамлекеттерге барып, алардын өнүгүү тажрыйбасын үйрөнүүдө...

Кыргызстан өзүнүн географиялык жайгашуусу боюнча Борбор Азиянын чок ортосунда турат, мындан улам байыркы убакта Улуу Жибек Жолунун кесилишинде туруп, өнүгүүгө мүмкүнчүлүк алган. Учурда бул фактор өлкөбүз үчүн чоң потенциалга айланышы керек. Биздин көз алдыбызда «Москва-Пекин огу» түзүлүүдө, биз чындыгында анын борборунда турабыз, бул дүйнөнү калыптандырууда көп полярдуу шарттарды камтыйт. Мунун өзү Борбор Азия өлкөлөрүнүн, ошого катар бүткүл евразиялык мейкиндиктин экономикалык өнүгүүсүнө кубаттуу түрткү бермекчи.

Бул жагынан алганда Кыргызстан адамдык жана жаратылыш ресурстарын пайдаланууда өнүккөн мамлекетке айланууга толук мүмкүнчүлүгү бар.

Совет доорунда «Күнөстүү Кыргызстан» (Солнечный Кыргызстан) деген ат менен белгилүү болгон. Ал кезде бул аталыш электр энергиясын өндүрүүчү булак катары мүнөздөлгөн эмес. Азыр дүйнөлүк энергетикалык кризис маалында биздин акылдуу адамдарыбыз күндүн энергиясын Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн пайдаланууну айта башташты. Бул мени абдан кубандырат.

Мындан он жыл мурун кээ бир эл аралык энергетикалык эксперттер “мөңгүлөр тез эрип, азайып баратат, ГЭСке таянган экономикаңар эмне болот?” деп айткан учурлар болгон. Ырас, алар бизге альтернатива катары шамал энергиясын колдонууну сунуш кылышкан, бирок күн энергиясын пайдалануу туурасында үстүртөдөн гана айтып өтүшчү. Бүгүнкү күндө бул эксперттер Кыргызстан үчүн күн энергиясы келечектүү экенин айтып жатышат. Ал эми кытайлык, орусиялык ишкерлер бизге күндүн энергиясын пайдалануу боюнча долбоорлорду сунушташууда.

Кыргызстандын туристтик потенциалын эбегейсиз чоң деп эсептейм, ал өлкөнүн, жарандардын гүлдөп-өнүгүүсүндөгү негизги тармак болууга тийиш. Бүгүнкү күндө бир эле Ысык-Көл миллиондогон туристтерди өзүнө тартпастан, экологиялык, альпинизм, гастрономиялык турлар өнүгүп, жыл сайын чет элдиктер арасында популярдуулукка ээ болууда.

Ата-бабаларыбыз биздин муунга көптөгөн мурас калтырышкан, алар табият менен дайыма биримдикте жашаган. Мени бүгүнкү күндөгү эң көп түйшөлткөн суроо – биз урпактарыбызга учурдагы кооздуктардан, жаратылыш байлыктарыбыздан эмнени мурас катары калтыра алабыз?..


Автор жөнүндө 

Жекшенкулов Аликбек Жекшенкулович 1957-жылы 25-майда Нарын облусунун Чолпон айылында туулган. 1980-жылы Украинанын айыл чарба академиясын, 1996-жылы Казак мамлекеттик университетин, 1999-жылы Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын бүтүргөн. Саясый илимдердин доктору.

1982-жылдан тартып комсомол иштеринде жүргөн: комсомолдун Аламүдүн райондук комитетинин катчысы, биринчи катчысы, 1986-1988-жылдары Кыргызстан комсомолунун Борбордук Комитетинин катчысы, 1988-1990-жылдары Ош комсомолдук обкомунун биринчи катчысы болгон. 

1990-1992-жылдары Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары. 1992-1994-жылдары Жогорку Кеңештин Эл аралык жана парламенттер аралык байланыштар боюнча комиссиясынын төрагасы.

1994-жылдан тартып дипломатиялык иште: Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары, биринчи орун басары. 2000-2004-жылдары Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, ошондой эле Венгрия, Израиль, Словакия, Чехиядагы элчилик кызматты айкалыштырып иштеп турган. Кыргыз Республикасынын Вена шаарындагы эл аралык уюмдардын, анын ичинде ЕККУдагы туруктуу жана ыйгарым укуктуу өкүлү.

2004-жылы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы жана Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары.

2005-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри.

2019-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, бир эле убакта Армения, Греция жана Черногориядагы элчилик ишти айкалыштырып аткарган. 

2022-жылдан тарта Кыргыз-Орус Славян университетинин профессору, ошого катар 2023-жылдан Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын профессору.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер