Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бактыбек Чойбеков, ЖК депутаты: “1,6 миллион автоунаанын 4-5 эле пайызы камсыздандыруудан өттү”

Бактыбек Чойбеков, ЖК депутаты: “1,6 миллион автоунаанын 4-5 эле пайызы камсыздандыруудан өттү”

07-декабрь, 12:00
1 073 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-Бактыбек мырза, баягүнү комитетте автожарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча мыйзам долбоору аябай кызуу талкууну пайда кылды. Бул боюнча сиздин көз крашыңыз кандай?

-- Жети нерсени булар милдеттүү түрдө камсыздандырууну сунуштап жатышат. Мисалы, турак жайды, автоунааларды. Бул мамлекет үчүн керектүү нерсе. Бирок, кечээки мыйзамды биз кабыл алсак, айып пулдар 2025-жылы 1-январдан күчүнө кирет. ОСАГОнун полисин албаган жарандарга 3 миң сомдон айып пул салынат. Мен ошого каршы болдум. Себеби, бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 1,6 миллион автоунаа болсо, ошонун 4-5 эле пайызы камсыздандыруудан өттү. 1-январдан тарта айып пул салына баштаса, бул социалдык жарылууга алып келбейби (?) деген кооптонуумду айттым. Бул үчүн убакыт керек. Өкмөт тарабынан дагы элибизге жетиштүү деңгээлде түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн жок.

-- Анда сиз камсыздандырууга эмес, айып пул салуу жагына каршы турбайсызбы?

-Жана айтканымдай, түшүндүрүү иштери жетишерлик жүргүзүлгөн жок да. Жаңы жылга чейин бир айга жетпеген убакыт калды. Автоунаа ээлеринин баары полис алып үлгүрбөйт. Мен комитетте айттым го, компьютерлериңер, серверлериңер өрттөнүп кетет деп... Буга чейин “укташты” да. Ошон үчүн иш жүргүзбөгөн кызматкерлерди да жоопко тартыш керек.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер