Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Курулушка 12 пайыз НДС киргизгенде болбойт”

-- Марлен Абдырахманович, курулушка НДС салыгын киргизүү боюнча көз карашыңыз кандай?
-- Курулушка НДС салыгын киргизгенде, анын терс таасири көп. Анткени, карапайым жарандар турак жай алганда кымбат болуп кетет. Ишкер эч качан 12 пайызды жанынан төлөбөйт да, турак жайдын наркына кошуп коёт. Анан анын таасирин сатып алган адам сезет. Албетте, курулуш фирмалары көп киреше табат, кирешени жашырган учурлар бар, бирок андай көрүнүштөрдү НДС эмес, башка ыкма менен жоюш керек.
-- Салык кызматынын маалыматы боюнча, турак жайдын бир чарчы метринин өзүнө турган наркы 500-700 доллар болсо, курулуш фирмаларды аларды 1500-1700 доллардан сатышат экен. “Эки эсе кымбат сатып аткан соң, НДС төлөшсүн” деген аргументти келтирип жатышат.
-- Кымбат сатып атышкандары чын, шаардын борбордук бөлүгүндө үч эсе көтөргөндөр кездешет. Бирок, кирешеден алынган салык, айдандыруудан алынган салык деген бар да. Аларды ошону менен “согуш” керек. Айтор, механизмдери бар, бирок 12 пайыз НДС киргизгенге болбойт. Жогоруда айткандай, курулуш компаниясы аны өзүнөн турган наркка кошот, анан карапайым жарандарга кыйын да...
"Азия Ньюс" гезити