Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкек шаары ыш, түтүндөн канткенде арылат? Көйгөй курч...

Бишкек шаары ыш, түтүндөн канткенде арылат? Көйгөй курч...

02-декабрь, 19:00
1 273 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Борбор калаабыз кыш келгиче эле ыш, түтүнгө чулганууда. Бул көйгөйдөн арылууга, элдин саламаттыгын ойлоого өкмөт, мэрия канчалык деңгээлде кызыкдар?

Расул Умбеталиев, эксперт:

-- Быйыл көп жолу министрлер кабинети, энергетика министри, Бишкек мэриясы бизге какшап, “шаарда эч кандай ыш, смог болбойт” дешкени менен кескин түрдө иш-чаралар алпарылган жок. Биринчиден, ким, кайсы ишканалар экологияга чоң зыян келтирип жатканы иликтенген жок. Ышты азайтуу үчүн шамал түтүндү каякка үйлөгөнү боюнча атайын программа, стратегия иштелип чыгып, бекитилиши керек эле. Андай ишке жооптуу адамдарыбыз “машинелерден, жаңы конуштардан чыккан түтүн абаны бузуп жатат” деген шылтоону айтышууда.

Жаз, жай, күз мезгилинде деле ушундай эле машинелер жүрөт, бирок эмне үчүн ыш кыш келгенде пайда болот? Анткени, Бишкек ЖЭБге жыл сайын күз-кыш мезгилинде 1-1,2 миллион тонна көмүр жагылат. Анын ичинде 250 миң тонна казак көмүрү, анын учуу заты 48-49 пайызды түзөт. Мында зыяндуу зат болгон үчүн көмүр толугу менен күйбөйт, күл, ыш, түтүн пайда болууда. Ыш, түтүн 150-250 метр бийиктикте чогулат, ал эми ЖЭБдин мору 150-250 метрди түзөт. Бишкектин тегеринде жайгашкан конуштар 500-600 миң тонна көмүр жагышары маалым. Алардын морунун бийиктиги 15-20 метр. Андан чыккан түтүн бийик учпайт, ошол эле тегерекке тарап кетет.

Чынында ыш, түтүн, күл – адамдардын ден соолугуна эң зыяндуу. Акыркы 10-15 жылда Бишкек жана Чүй аймагындагы жашоочулардын арасында өпкө, рак оорулары 10-15 пайызга өсүп кетти. Ошон үчүн мамлекеттик деңгээлдеги программа түзүп, бул маселеге олуттуу мамиле кылуусу шарт. Бишкектин төрт тарабына атайын автоунаа токтотуучу жай куруш керек, сырттан келген машинелерди ошол жерде калтыргыдай кылып. Машинелерди техникалык көзөмөлдөн өткөрүп, көп түтүн чыгарганын шаарга киргизбөө талапка ылайык. ЖЭБди жаап, анын ордуна ар бир районго модульный чакан заманбап төрт ЖЭБ куруу зарыл. Ошондой эле энергетикада жаңы ири ГЭСтерди ишке киргизүү абзел. Электр энергиянын кубаттуулугу, көлөмү көбөйсө, элге, ишканаларда лимитти алып салып, чексиз пайдаланууга уруксат берип, ЖЭБди жабыш керек. Темир жолду Бишкектин түндүк тарабына куруп, бийик имараттарды, үйлөрдү каналдардын жээгине салууну токтотуу зарыл.

Меңди Мамазаирова, акын:

-- Шаардын абасын бузуп, айрыкча кары-картаңдардын ден соолугуна залал кылган ыш, түтүн, көө кыйла жылдан бери чечилбеген көйгөйгө айланды. Калктын ден соолугу, жаштардын келечеги өкмөт менен мэрияны катуу ойлондурушу керек эле. Анткени алардын бузулган саламаттыгына кеткен чыгымдар, дары-дармек, ооруканаларда дарылоо да оңой эмес. Коомдо адам фактору биринчи орунда туруп, ириде камкордукка бөлөнүшү талапка ылайык.

Шаарды ыш, түтүн, көөдөн тазалоо боюнча кошуна мамлекеттерде кандай иштер аткарылып жаткананына жана алардын иш тажрыйбасына таянып, кыш келе электе аракет кылуу абзел. Дагы эле биз өкмөт менен мэриядан бул боюнча жакшылап ойлонуп, чындап кызыкдар болушун, аны ишке ашырышын күтөбүз.

Бакыт Бакетаев, саясат талдоочу:

-- Чүй регионун эң көп түтөткөн бул – Кант цемент заводу, экинчи орунда көмүр жаккан менчик үйлөр, үчүнчү орунда автоунаалар, төртүнчү орунда Бишкек ЖЭБ турат.

Чүйдөгү түтүндү азайтыш үчүн адегенде Кант цемент заводун токтотуш керек. Экинчиден, менчик үйлөрдү электр жылыткычтарга өткөрүү зарыл. Үчүнчүдөн, автоунаалардын бардыгын техникалык көзөмөлдөн өткөрүп, төртүнчүдөн, Бишкек ЖЭБди газга өткөрүш керек же атомдук электростанция куруу шарт. Андан сырткары, КамбартаI ГЭСин жана башка ГЭСтерди тез арада куруп бүтүү зарыл. Жалпы Кыргызстандагы ГЭСтердин күч кубаттуулугун 10-20 гигаваттка жеткирүүгө аракет кылуу керек. Жалпы бул иш-чараларды жүргүзүүгө жүз миллиард доллардын тегерегиндеги каражат керек жана 10-20 жыл кетет. Мына ушул маселелер чечилгенде гана ыш, түтүн дегенден кутулабыз.

Эсенгул Исаков, экс-депутат

-- Ыш маселеси айтылып атып кулак кызарды, чечилбей жатып үмүт бүлбүлдөп өчкөнү калды. Себеби, 2012-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Жогорку Кеңештен көтөрүлүп, өкмөт, мэрия убада берип, жаңы конуштарды газдаштырганы менен ал жетиштүү натыйжа берген жок. Бишкек жаңы конуштардан тышкары, батыш, чыгыш, түндүк, түштүк жактарында дээрлик бүт көмүр жаккан айылдар менен курчалганы белгилүү да. Демек, биринчи Сокулук, Аламүдүн райондорунун жаңы конуштарынын баардыгын газдаштырууну президентибиздин көзөмөлүнүн астында ылдамдатуу зарыл. Албетте, газдаштыруу тез боло калбайт, андыктан, үй печкалардын моруна ышты кармоочу фильтрлерди атайын долбоор менен алгачкы бир-эки жылга бекер орнотуунун жолун табуу керек.

Экинчи орчундуу маселе – автоунаалар. Бишкекте статданныйлардан сырткары кирди-чыкты унааларды эсептегенде, жол тыгындар көбөйүп, алардан чыккан уулуу заттар катастрофалык нормага жетүүдө. Буга байланыштуу автоунаалардын көлөмү шаарда нормадан ашпай жүрүп туруусун тескеп турган механизм табуу керек. Мисалы, так сандагы, жуп сандагы номурлуу автоунааларга тийешелүү күндөрдү белгилөө, жөө жүргүнчүлөрдүн күнү, таза аба күнү ж.б. дагы ушул сыяктуу механизмдерди шаардык кеңеш менен иштеп чыгып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзсө, мен ойлойм, “ышка бөлөнүп, ооруга чалдыккандан көрө” деп элдин баардыгы түшүнмөк.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер