Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ширин Айматованын жолдошунан жабыркаган ишкер маалымат жыйынды токтотту

Ширин Айматованын жолдошунан жабыркаган ишкер маалымат жыйынды токтотту

20-декабрь, 13:08
1 673 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн, Ширин Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаевге карата козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат жыйын болду. 

Жыйын жаңы гана башталганда жабырлануучу, кытайлык ишкер Мотайлифу Маймайтяни Сыргак Кенжебаев Ширин Айтматованын жолдошу экенин билбегинин айтты. 

Кытай жаранынын жактоочусу Жанара Аскар кызы журналисттерге бул окуя тууралуу билбегенин айтты. Ал Ширин Айтматова менен тааныш экенин да кошумчалады. Юрист маалымат жыйыны баштала электе эле аны жыйынтыктап, түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Маалыматка караганда, Мотайлифу Маймайтяни Кыргызстанга 2018-жылы келип, Сыргак Кенжебаев менен «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында таанышкан.

«Бизде баардык документтер бар. Анда байланыш тууралуу келишимге ылайык, менин кардарым 85 пайызын, Сыргак Кенжебаев жана дагы бир өнөктөш-Түркиянын жараны Аскар 15 пайызын алышмак. Баса, Аскар менин кардарым менен Сыргак Кенжебаевди тааныштарган киши», — деп юрист сүйлөөгө жетишти. Ал Кенжебаев кытайлык жарандан алдап 350 миң долларын жана паспортун алып алганын кошумчалады да, жыйын аяктай электе эле токтотуп, башка пикир берүүдөн баш тартты. 

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер