Кубанычбек Жумалиевди кайрадан “кустурууга” негиз барбы?

Экс-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев 1 миллиард сом “кусуп”, эркиндикке чыкканы эсибизде. Бул таризде мамлекетти алдап кеткенби? Атайын эксперттер тарабынан коңгуроо кагылууда. Ал 1 миллиард сомго Жалал-Абаддагы заводун баалап, ошону “белек” кылуу менен “камырдан кыл сууругандай” жол тааптыр. Аталган имараты талкаланган, шыбагасыз калдыктар катары бааланууда. Аныгында Кубанычбек Жумалиев шылуундугуна салып, күч органдарын сызга отургузуп кеткени ушулбу? Эмне үчүн “Гоин”, “Таатан” сыяктуу миллиарддарды чапчыган дүнүйө-мүлктөрүн сактап калат да, талаадагы “завод” аты бар жерди өкмөткө өткөрүп койгон? Олуттуу суроо бекен? Же эмне, бийликтегилерди келесоо ойлогонубу? Калыс карайлы да. Натыйжада, аксынган Кубанычбек Мырзабековичти кайрадан кармап, мамлекеттен тоноп алган чыныгы байлыктарын “кустуруш” керекпи? Төбөлдөрдүн эрки жетеби?..
"Азия Ньюс" гезити