Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күнтуулуктардын кызыкчылыгын коргоодо Садыр Жапаров чечкиндүүлүгүн көрсөтө алды

Күнтуулуктардын кызыкчылыгын коргоодо Садыр Жапаров чечкиндүүлүгүн көрсөтө алды

28-октябрь, 18:30
553 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Күнтуу айылында жашаган абдан жакын таанышым “Көчмөн сити” курулуш компаниясы тууралуу бир нече жолу айтып берген. Алгач мактап эле жүргөн. Кийинчерээк бул компанияга болгон көз карашы түп-тамырынан өзгөрүлүп, бир беткей жамандай баштады. Анын бирден-бир себеби – курулуш компания Күнтуу айыл өкмөтүнө караштуу 31 гектар жерди аларын алып, эки жылдан бери курулушу бир орундан жылбай туруп калганы... 

Ишемби күнү ал жерге эртең мененки саат ондор чамасында үч жүздөй жергиликтүү эл чогулду. “Өйдө жактан киши келип, эл менен жолугушат экен” дешти. Кызыгы, коргондун ичине кирген ар бир адамды бейтааныш жигиттер темир издегич аппарат менен текшерип, анан “телефон менен сүрөткө тартмай жок, сураныч” деп атты. Бир эже элге кайрылды. “Аты-жөнүңөрдү айтып сүйлөгүлө. Чогулуштун протоколу болуш керек. Тартип ушундай” деп стол үстүндөгү кагаздарын иреттегенсиди. Сааттын жебеси он бир болгондо эл котурап калды. Көз айнекчен жигиттердин коштоосунда Садыр Жапаров менен президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев экөө тизилген элдин алдына келип учурашып калышты. “Биз силердин арызыңардын негизинде келдик. Кандай көйгөй бар экенин толугу менен билем” деп “Көчмөн Сити” ТЖК директору Нуралы Досалиевге кайрылды. “Эки жылдан бери курган курулушуң ушубу? Чынын айт, акчаң барбы?” деди. Президенттин сүрүнөнбү же толкундандыбы, эки бети кызарып, мукактана “инвесторлорум бар” деп үлгүрдү. “Билесизби, мага ушу кезге чейин 3000ден ашуун инвесторлор кайрылган. Алардын үчөөндө тең акча жок экенине ынандым. Бул жомогуңузду токтотуңуз. Биз сизди түшүндүк. Бул жер мамлекеттин менчигине өтөт. Мындан кийин ипотекалык негизде үйлөр курулат. Сиздин ушу кезге чейинки кетирген чыгымдарыңыз мамлекет тарабынан кайтарылат” деп маселени кабыргадан коюп, 7 мүнөткө жетпеген убакытта чийелешкен маселени чечип салды. Ошол жердеги элдин баары шатыра-шатман кол чаап жиберишти.

Албетте, чогулган эл ажого кошумча бир-эки суроолорун берип, жообун алышты. Бири “Күнтуу айылына автобус каттабайт” десе, дагы бири кезекте тургандан бери беш балалуу болгонун айтып, канча бөлмөлүү үй ала аларын сурады. Ажо жарым сааттан ашык эл менен жолугуп, болушунча элдин маанайын көтөрдү.

А мен “Көчмөн сити” ТЖК директору Нуралы Досалиевге “Нуралы мырза, президенттин чечими сизди ынандырдыбы же ичиңиз ооруп калдыбы?” дедим. “Биздин курулуш компанияны соттор жүдөтүп койду. Болбосо, өзүбүз деле ушу кезге чейин далайын куруп коймокпуз. Ал эми ажонун чечими мени ынандырды. Президент кандай гана чечим чыгарбасын, биз сыйлашыбыз керек, анан эч кынтыксыз аткаруубуз абзел!” деди.


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер