Балдар – биздин эң башкы табигый ресурсубуз
Биздин балдар бизде калышат. Биз болсо балдарыбызда калабыз.
(Михаил Гуцериев)
Балдар – биздин карылыгыбыз.
(Александр Пушкин)
Бул дүйнөдө баардык нерсени алмаштырса болот, бирок балдарды эч нерсеге алмаштыра албайсың.
(Пабло Эскобар)
Эгер балаңыз акылдуу болсун десеңиз, ага жомок окуп бериңиз. Андан да акылдуу болсун десеңиз, дагы көп-көп жомок окуп бериңиз.
(Альберт Эйнштейн)
Балдар бирөө тууралуу сүйлөшүп жатканда аябай кунт коюп, кызыгып угушат.
(Элеонора Рузвельт)
Эгер адамдар балдарыңды жамандап жатышкан болсо, демек, алар сени жамандап жатышат.
(Василий Сухомлинский)
Чыныгы джентльмен эч качан аялдын жашын сурабайт, “балдарың канчага чыкты?” деп сурайт.
(Константин Мелихан)
Балдар бат чоңоюшат. Бир күнү карасаң эле уядан учуп кеткен болот. Ошондуктан, аларга убакытты көп бөлүңүз.
(Лиам Нисон)
Балдар – үй-бүлөнүн күзгүсү. Күзгүдөн күн кантип чагылса, балдардан да ата-эненин адептик тазалыгы чагылышып турат.
(Василий Сухомлинский)
Балдар канчалык чоңойгон сайын алар сага көбүрөөк керек болуп, сен болсо аларга азыраак керек боло баштайсың.
(Тим Рот)
Үйдө пианино болгону биздин пианист экенибизди билдирбеген сыяктуу, балдарыбыздын болгону да али биздин ата-эне экенибизди билдирбейт.
(Майкл Ливайн)
Ата-энеси жок бала бөлтүрүк болуп чоңоёт.
(Роберт Фишер)
Балдарга бут кийим менен нан сатып алганга президенттик креслодо отуруп мамлекетти башкарганга караганда да көбүрөөк эрдик керек.
(Мухтар Гусенгаджиев)
Балдар сенин айткан сөзүңдү эмес, кылган ишиңди эстеп калышат. Эгер ага бир саат лекция окуп, анан анын көзүнчө чимкирсең, балаң чимкиргениңди гана эстеп калат.
(Армен Джигарханян)
Балдарга насаат эмес, үлгү керек.
(Жозеф Жубер)
Күчүгүн жоготкон бала сүйүү эмне экенин өмүр бою сүйүшкөн кишилерге караганда да жакшыраак билет.
(Билли Уайлдер)
Жер шарын балдарга берели.
(Назым Хикмет)
Балдар ата-энесинен алган карызын өз балдарына беришет.
(Илья Шевелев)
Аялдар бизди акын кылса, балдар философ кылышат.
(Малькольм де Шазаль)
Балдар – биздин эң башкы табигый ресурсубуз.
(Герберт Кларк Гувер)
Балдар – биздин эртеңки күнкү судьяларыбыз.
(Максим Горький)
Биз түндөн балдарга караганда да көбүрөөк коркобуз.
(Жюль Ренар)
Ушундай өмүр сүр: балдарың адилеттик жана чынчылдык жөнүндө ойлонгондо сени эстегендей болушсун.
(Кенже Джексон Браун)
Актёрлор да бала сыяктуу. Аларга оюн эле керек.
(Борис Крутиер)
Дүйнөдөгү балдардын баары бир тилде ыйлашат.
(Леонид Леонов)
Ийилип иштегендердин балдары бүкүр болуп туулушат.
(Виктор Шендерович)
Балдарым трибунадан карап турган учурда мен колдон келбегенди да жасаганга даярмын.
(Робин Ван Перси)
Биз баарыбыз балабыз.
(Вероника Степанова)
Балдар сүт жана мактоо менен азыктанышат.
(Мэри Лэм)
Балдар күн сайын чоңоюшат. Күн сайын өзгөрүп, ар бир таңда жаңы адам болуп ойгонушат.
(Александр Куприн)
Дүйнөгө баланын көзү менен карап көргүлө, ошондо дүйнөгө баладай таңкаласыңар.
(Тим Селдин)
Балдар – бул бейиштин ачкычы.
(Эрик Хоффер)
Мамат Сабыров
"Азия Ньюс" гезити