Акыркы кабарлар
» Кеменгер кеп » Ар бир күнү кезиккен кыйынчылыктарга кантип туруштук берсе болот?
Ар бир күнү кезиккен кыйынчылыктарга кантип туруштук берсе болот?
22-март, 22:55


Стресс, жеңил ойлуулук, атаандаштык жана түрдүү кырдаалдарга байланыштуу адамдар дагы ар кандай сыноолорго кабылат. Мына ушундай тагдырдын сыноосунда сынып калбаш үчүн өзүңүздү колго алып, төмөнкү эрежелерди сактасаңыз, ар дайым сергек жүрөсүз.
· Күнүгө он мүнөт тынч ойлонууну өзүңүзгө арнаңыз.
· Күнүгө жыйырма мүнөт жөө басыңыз.
· Жети сааттан ашыкча уктабаңыз.
· Китеп көп окуңуз.
· Мүмкүн болсо, күнүңүздү улгайган, тажрыйбалуу, билимдүү адамдар менен баарлашууга убакыт бөлүңүз.
· Күнүнө жок дегенде үч адамга күлкү тартуулаңыз.
· Өткөндү унутуңуз. Бүгүнкү күн менен жашаңыз. Анткени, мурунку жагымсыз окуялар эртеңки күнгө таасирин тийгизбей койбойт.
· Жагымсыз ойлордон арылыңыз. Жалаң жакшы нерселерге көңүл бөлүңүз.
"Азия Ньюс" гезити











