Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Зайтун майынын дарылык касиеттерин билесизби?

Зайтун майынын дарылык касиеттерин билесизби?

07-август, 20:12
541 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул майды үзгүлтүксүз колдонуу менен жүрөк, кан тамыр ооруларынын алдын алууга болот жана ал тамырларды чыңдап, ийкемдүү кылат. Себеби, зайтун майы канда айланып жүрүүчү зыяндуу холестериндин санын азайтып, пайдалуу холестериндин өлчөмүн көбөйтөт.

Андан тышкары, жогорку кан басымына каршы колдонулат. Учурда кан басымын түшүрүүчү дары-дармектердин көпчүлүгү зайтун дарагынын жалбырагына негизделип жасалат. Анын эң маанилүү касиети кээ бир рак ооруларынын алдын алууда коргоочу сапатка ээ. Алсак, Оксфорд университетининин докторлору жүргүзгөн изилдөөлөрдө зайтун майынын ичегинин рак оорусунан коргоочу өзгөчөлүгү бар экендиги табылган.

Андан тышкары, зайтун майы сөөк ткандарындагы кальцийге пайдалуу. Айрыкча зайтун майынын курамындагы E, A, D жана K витаминдери жаш балдардын, өспүрүмдөрдүн сөөктөрүнүн жакшы өсүшүнө жана бекем болушуна жардам берет.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер