Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Караңгылык менен күрөшүүнүн кереги жок. Жарыкты коё берсең, ал өзү эле жоголот

Караңгылык менен күрөшүүнүн кереги жок. Жарыкты коё берсең, ал өзү эле жоголот

07-август, 08:00
318 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өлүм – күндүн өчкөнү эмес, таң шооласы чачыраганда шамдын нурунун жоголуп кеткени.

(Рабиндранат Тагор)


Жашоо – бул жөн гана караңгылыкта “жарк” эткен жарык.

(Хаяо Миядзаки)


Бул дүйнө түбөлүк караңгылыкка чулганган. Жарык нур чачыраса экен.

(Исаак Ньютон)


Жылмаюу электрди аз талап кылганы менен жарыкты көп берет.

(Анри Антуан Груэ)


Адамдын ичинде эки адам бар: бири караңгылыкта ойгоо отурса, бири жарыкта уктап отурат.

(Халиль Джебран)


Мен эч кимге эч нерсе үйрөтпөйм. Мен болгону чырак кармап турам, силер болсо жарыкка келесиңер.

(Джидду Кришнамурти)


Жарык канчалык күчтүү болсо, көлөкө да ошончолук коюу болот.

(Гете)


Сүйүү – бул тузак. Биз анын жарыгын көрүп, көлөкөсүн көрбөйбүз.

(Пауло Коэльо)


Күнөө караңгылыкта эмес, жарыкты каалабагандыкта.

(Марина Цветаева)


Караңгылыкка кабылгандардын баары жарыкты издешет. Бирок, аны тапкан соң, жарыктан көздөрү карыга түшүшөт. Ачуу чындык ушундай.

(Эрго Прокси)


Эгер сен жарык издесең, акыр аягында аны табасың. А эгер караңгылык издечү болсоң, баардык жерден караңгылыкты гана табасың.

("Аватар" тасмасынан)


Биздин жарыгыбыз жандүйнөбүздө.

(Нацу Драгнил)


Караңгылыкка наалыба. Кичинекей болсо да өзүң жарыктын учкуну бол.

(Бернар Вербер)


Жандүйнөң караңгылыкка чулганып турганда жарык жарк этсе кана...

(Уильям Шекспир)


Көлөкөдөн коркпо. Көлөкө жакын жерде жарык бар экенин билдирет.

("Шаардык аңчы" тасмасынан)


Айланаңдагы караңгылыкты жоготконго караганда, өзүңдөгү жарыкты жандырган оңой.

("Түнкү дозор" тасмасынан)


Караңгылыкта көрүп, жымжырттыкты тыңшаганды үйрөн. Ошондо караңгыдан жарыкты көрүп, жымжырттыктан гармонияны угасың.

(Чжуан-Цзы)


Эгер анда жарык жашынып жаткан болсо, караңгылык деле керемет көрүнөт.

(Сергей Лукьяненко)


Жарык берип турган лампочканы эч ким ыргытып салбайт.

("Көпүрөдө турган кыз" тасмасынан)


Жарат – бул сага жарык кире турган бир жылчык.

(Жалалиддин Руми)


Сүйүү жалын эмес, жарык болушу керек.

(Генри Девид Торо)


Сен мендеги жарыкты көрүп атасың, бирок бул сенин өзүңдүн жарыгың.

(Сергей Калугин)


Балдар кубаныч менен жарыкка бат көнүшөт. Себеби, алар өздөрү кубаныч менен жарык.

(Виктор Гюго)


Жашоо катаал, бирок түбөлүктүүлүктүн нуру аны жарык кылып турат.

(Сальвадор Дали)


Сен жарык чачсаң, караңгылык өзүнөн өзү жоголот.

(Эразм Роттердамский)


Жарык жарыкты чакырат.

(Йегуда Берг)


Сулуулук адамдын жүзүндө эмес. Сулуулук – жүрөктүн жарыгы.

(Халил Джебран)


Жарык тийген кезде капкара булуттар асмандагы кооз гүлгө айланат.

(Рабиндранат Тагор)


Караңгылыксыз жарык да болбойт.

(Ненси Бильо)


Көлөкө жарыкта гана болот.

(Жюль Ренар)


Жарык караңгылык менен күрөшкүсү келсе, ташбоор болушу керек.

(Сергей Лукьяненко)


Дүйнө жалаң караңгылыктан турат деп ойлобо. Тек, адамдар жарык чачкылары келбей жатпайбы...

(Фукуси Кодзиро)


Караңгылыкта жарык бар, жарыкта караңгылык бар.

(Анхель де Куатье)


Жарык бар жерде сөзсүз караңгылык болот.

(Чарльз де Линт)


Сүйүү бар жерде караңгылык болбойт.

(Кристи Уотсон)


Жарык деле бир күнү кайра кайтып келиш үчүн караңгылыкка орун бошотот.

(Дженифер Линч)


Караңгылык менен күрөшүүнүн кереги жок. Жарыкты коё берсең, караңгылык өзү эле жоголот.

(Махариши Йоги)


Бир чырак эки үйдү жарык кылбайт.

(Кытай накылы)


Караңгылык байкатпай, тымызын өлтүрсө, жарык ызы-чуу салып, көпчүлүктүн көзүнчө өлтүрөт.

(Сергей Рощин)


Кеткен кезде мендеги жарыкты өчүрүп кеткенди унутпа.

(Аль Квотион)


Өзүндө жарык бар киши караңгылыктан коркпосо деле болот.

(Ирвин Ялом)


Биз баарыбыз жарык менен караңгылыктын чегинде жүрөбүз.

(Икабод Крейн)


Кейибе, жароокерим – жандүйнөм. Булуттун артында дайыма жарык бар.

(Луиза Мей Олкотт)


Жандүйнөдөн чачыраган жарыкты эч ким өчүрө албайт.

(Майя Энджелоу)


Эгер көлөкө өтө көп болсо, дүйнө тоңуп калат. Эгер жарык өтө көп болсо, дүйнө өрттөнүп кетет.

(Рихард Дюбель)


Өзүңдүн жарыгыңды изде. Бир күнү аны табасың.

(Рейна Бауэр)


Космостун түбү жок караңгылыгы бир шамдын жарыгын өчүрө албайт.

(Фенни Флегг)


Жылдыздар көлчүктө деле жаркырай беришет.

(Валентин Рычков)


Жарык караңгылыкта жаралат.

(Түрк накылы)


Жарык болгон соң, көлөкө да болушу керек.

(Олег Рой)


Өзүңдөгү жарыктын өчүп калуусуна жол бербе.

(Сара Дж.Маас)


 Мамат Сабыров 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер