Менин ар бир айымга жазган катым
Өзүңүздү сүйүңүз! Башкалардын идеалдуу делген сулуулугуна өзүңүздү салыштырууну токтотуңуз. Сиз өзүңүзгө жагышыңыз керек.
Үйүңүздү эс алуучу жай катары көрүп, дүйнөдөгү баардык нерсени унутуп, эс алыңыз. Кооз шейшептерди, идиштерди, шамдарды жана дагы өзүңүзгө жаккан буюмдарды сатып алыңыз.
Өзүңүзгө кам көрүүгө, өнүгүүгө, сыйынууга, китеп окууга, музыкага, медитацияларга убакыт бөлүңүз. Бул жашооңузга чоң таасир берет.
Өзүңүзгө себепсиз эле белек бериңиз. Гүл, атыр, жакшы көргөн жерде кечки тамак. Сизге башка адамдар деле керек эмес, өзүңүз гана эс алыңыз.
Кечки жаратылышка сейилдөөгө чыгыңыз, сизди башкача көргүсү келген адамдардан алыс болуңуз.
Эч качан өзүңүздү алдабаңыз. Бул дүйнөдө бир да адам сиздин бактыңыздан өйдө турбайт. Өзүңүздү ар бир секунд сайын сүйүңүз!
"Азия Ньюс" гезити