Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Деңиз болууну кааласаң, адамдардын сөзүнө маани бербе”

“Деңиз болууну кааласаң, адамдардын сөзүнө маани бербе”

07-февраль, 09:00
763 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бир бала деңиз жээгинде жүрүп, бут кийимин түшүрүп алып, таппай калды. Ал жээктеги кумга келип, “Бул деңиз – ууру” деп жазып койду.

Бир балыкчы ошол деңизге тор таштап, бир топ балык кармады. Анан кумга “Бул деңиз – мээримдүү деп жазып кетти.

Бир жаш жигит ошол деңизге чөгүп кетти. Апасы азап тартып, жээкке “Бул деңиз – жан алгыч деп жазып калтырды.

Бир кары адам ушул деңизден өтө баалуу таш таап алды. Ал да кумга келип, “Бул деңиз – жоомарт деп жазып кетти.

Соңунда жээкке улуу толкун келип, жазуулардын баарын өчүрүп кетти. Ошондо деңизден мындай добуш угулду: “Деңиз болууну кааласаң, адамдардын сөзүнө маани бербе...”.  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер