Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмне себептен ар бир күнгө план түзгөн жакшы?

Эмне себептен ар бир күнгө план түзгөн жакшы?

24-сентябрь, 12:40
744 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Эгерде сиз муну аткарбасаңыз өмүрүңүздүн аягына чейин бир жерди айланып жүрө бересиз”,-дейт психолог адис.

Байкасаңыз, мугалимдер жана менеджерлер атайын план түзүп алышып, атайын анын тегерегинде иш алып барышат. Ошентип алар бир жылдык, бир айлык жана бир жумалык отчетунун жыйынтыгын көрүшөт. “Ал эми сиз ар бир күнгө план түзсөңүз, өзүңүздүн максатыңызга жете аласыз” деп айтат Брайан Трейси.

Анын айтымында, ар бир күнгө план түзүп аткаруу – алты айда сонун жыйынтыкка ээ боло ала турганыңызды эскертип өтөт.

Брайан Трейси: “Мен сага жүз миң доллар камтылган кызыл конвертти бир үйдөгү дивандын алдына таштап коём. Ал адам ошол үйгө жетүү үчүн, албетте, ал үй кайсы жерде жайгашкандыгын алгач сурайт. Андан соң, жайгашкан үйдүн тегерегинде эмнелер бар экендигине, карта аркылуу кантип барса боло тургандыгына көңүл бөлөт...” Эми ойлоп көрүңүз, дал ошол үйдү табуу үчүн сизге канчалаган убакыт керектелет? Албетте өмүр бою.

“Демек, план түзбөгөн адам өзунүн максаттарына жетиши кыйын болот. Күнүнө план түзбөгөн адам, максатын дагы пландабайт” деген экен адис.

Эгерде сиздин чоң, белгилүү максатыңыз болсо дагы, ага жетиш үчүн атайын план түзүш керек. Ал эми планды күнүгө түзүүнү үйрөнүү керектигине Брайан токтолот.


“Заман” 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер