Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эч нерсеге ишенбеген киши баардык нерседен корко берет

Эч нерсеге ишенбеген киши баардык нерседен корко берет

23-май, 00:54
1 011 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кудай үчүн өлүк жан болбойт.

(Анна Ахматова)


Адам тиги дүйнөдө ырдай турган ырды бул дүйнөдө үйрөнөт.

(Виктор Гюго)


Кичинекей, алсыз кишини сындырыш оңой эле, бирок жандүйнөсү Кудайдан күч-кубат алып турган учурда ал жеңилгис.

(Дейл Карнеги)


Эгер биз Кудайдын амири менен жаралган болсок, Кудайдын алдына барабыз. А эгер адам акылы тыянак чыгаргандай кокусунан жаралган болсок, анда барар жагыбыз туңгуюк. Келечектен коркконубуздун себеби да ошондон.

(Лири Т)


Адам Кудай жөнүндө ойлоно баштаганда акыл кирет, Кудайга ишенген кезде даанышманга айланат.

(Валерий Денисов)


Мен Кудай деп туулгам, Кудай деп өлөм.

(Петр Квятковский)


Эч качан баардык маселени өзүң чечкенге аракет кылба. Жеңил, колуңан келе турган көйгөйлөрдү чеч, ал эми кыйындарын болсо Кудайга тапшырып кой. Ал сага караганда жакшыраак чечет.

(Паисий Святогорец)


Атүгүл Кудайга ишенбегендер да Садом менен Гомора окуясы болгонун моюнга алышат.

(Алим Азиз)


Эгер сага Кудайдын кереги жок болсо, Кудайга сенин эмне керегиң бар?

(Олег Сергеевич)


Кудай биз сүйлөгөн тилде сүйлөбөйт. Ал жарыктын, жымжырттыктын, бийиктиктин, тереңдиктин тили менен сүйлөйт.

(Зинаида Миркина)


Ыйман – бул Кудайга эч кандай далили жок эле ишенүү.

(С.Булгаков)


Дин, ишеним үчүн адамдар өз жанын кыйышат. Идеология үчүн болсо бири-бирин өлтүрүшөт.

(Анатолий Бенн)


Мен ишенбейм, мен анык билем.

(Карл Юнгдун “Кудайга ишенесизби?” деген суроого берген жообунан)


Билимди бирөөлөр мажбурлап берет, динди болсо өз эркиң менен кабыл аласың.

(Николай Бердяев)


Диндин маңызы көккө көтөрүлүү эмес, асманды көкүрөгүңө алып келүү.

(Томас Харди)


Эч нерсеге ишенбеген киши баардык нерседен корко берет.

(Барнард Шоу)


Ыйман – бул эрк менен абийирдин шайкеш келиши.

(Лев Толстой)


Ооруга кабылган коомдо ыйман жандүйнө үчүн табылгыс дары.

(Ж.Пети-Сан)


Өзүнүн ыйманы алсыз киши башкаларды ыйманга чакыра албайт.

(Лао Цзы)


Кудайга ишенбөө акылсыздык болсо, ага жарым-жартылай ишенүү андан бетер акылсыздык.

(Владимир Соловьев)


Биз Кудайга ал эмне кылыш керек экенин айтыш үчүн эмес, ал биз эмне кылышыбыз керек экенин айтсын үчүн сыйынабыз.

(Августин Аврелий)


Башына кайгы түшүп, азап тарптаган кишинин Кудай менен деле иши жок.

(Василий Розанов)


Ар бир адам акыйкатты издейт, бирок, аны ким тапканын Кудай гана билет.

(Филип Честерфильд)


Сыйынганга үйрөнгөндөн мурда ыраазычылык билдиргенге үйрөнүш керек.

Менин билимим пессимист, бирок, ыйманым оптимист.

Биз Кудайга сүйүү менен гана жетебиз.

(Алберт Швейцер)


Мамат Сабыров 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер