Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Япон айымдарынын сулуулугунун бир сырын окуп пайдаланыңыздар!

Япон айымдарынын сулуулугунун бир сырын окуп пайдаланыңыздар!

02-май, 13:03
996 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Көрсө, анын сыры алардын күрүчтү байма-бай колдонгондугунда жана анын суусу менен беттерин тазалагандыгында болуп саналат.

Күрүчтүн суусу түрдүү витаминдерге жана минералдарга бай. Ошондуктан, аны колдонуу аркылуу сиз бетке бырыш түшүүнүн алдын ала аласыз жана бет териңиз агарып, андагы безеткилер кетип, сонун жылмакай болуп калат.

Күрүчтүн суусу кантип даярдалат?

Алгач бир аз өлчөмдө күрүчтү бир идишке салып аласыз.

Кийин аны үч жолу тазалап жууйсуз.

Андан соң күрүчтү бышырып кайнатып аласыз.

Кайнап бүткөн соң, суусу жылуу кезинде күрүчтү өзүнчө бөлүп аласыз.

Бөлүп алган күрүчтүн суусун бетке пайдалануу керек.

Күрүчтүн суусу кантип пайдаланылат?

Жанагы даяр кылып алган күрүчтүн суусу жылуу кезде, ага кебезди салып суулап, ал менен бетти тазалоо керек. Ошентип бетиңизге сүртүлгөн күрүчтүн суусун беш мүнөт коюп коёсуз. Андан соң жылуу суу менен чайкап салуу керек. Бул тууралуу Zaman сайты жазып бөлүштү.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер