Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жашооңуздун баары эртең менен эрте туруудан көз каранды

Жашооңуздун баары эртең менен эрте туруудан көз каранды

27-сентябрь, 19:30
526 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эрте ойгонуӊуз! Дүйнөлүк статистикага көз чаптырсак, эрте ойгонгон адамдын дене түзүлүшү идеалдууга жакын жана мүнөзү жайдары болот. Бул сизге шык берсин.

***                     

Төшөктөн туруп эле терезеӊизди ачып, үйгө күндүн нурун киргизиӊиз. Бул сиздин уйкусурабай дароо жанданышыӊызга жардам берет.

***

Ачкарын бир стакан суу ичиӊиз. Сууну кечинде даярдап коюуну унутпаӊыз. Жакшысы, кайнатылган сууну муздатып ичсеӊиз, сизди сергитип, организмдеги зат алмашууга өбөлгө болот. Кошумча таӊкы көнүгүүлөрдү дагы ачкарын жасоого өтүӊүз.

***

Ойгонгон соӊ эки сааттын аралыгында бир нерсе жешиӊиз керек. Тамак жасоого убакыт коротпой, таӊдын камын кечинде көрүп, каалаган нерсеӊизди бышырып коюӊуз. Канчалык шашылып жатсаӊыз да 10 мүнөт тынч отуруп тамак жегенге көнүӊүз. Эгер эч жакка барбасаӊыз, өзүңүздү иретке келтирип, таза, тыкан кийинип алып дасторконго отуруӊуз.  

***

Таӊкы медитация. Бул учурда өзүӊүз менен өзүӊүз сүйлөшпөй, жаман нерселерди ойлонбоӊуз. Таза аба менен дем алып, тоодо эс алып жүргөнүӊүздү элестетип, башыӊыздан өткөн жагымдуу көз ирмемдерди эстеӊиз. 

Медитация учурундагы позитивдүү ойлор ашыкча салмактан арылууга да жардамчы экени эсиӊизде болсун.

***

Ашыкча салмактан арылууга көк чай жардамга келет. Ал организмдеги зат алмашууну тездетип, жыйынтыгында майлардын эришине себепкер болот.

Телефонуӊузга «мен сергек жашоону тандайм, зыяндуу адаттарга алданбайм» деген сыяктуу эскертүүчү коӊгуроону коюп коюӊуз. Бул айланадагы азгырыктарга алдырбоого жакшы өбөлгө болот.

***

10 мүнөт тамашалуу видео көрүӊүз же анекдот окуӊуз. Өзүӊүздү кармабай каалаганча каткырып, эс алып алыӊыз. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер