Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жамандыкты оңдосо болот, бирок аны жакшылыкка айлантуу мүмкүн эмес

Жамандыкты оңдосо болот, бирок аны жакшылыкка айлантуу мүмкүн эмес

23-август, 19:30
625 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Боорукерлик – бул эч качан эскирбеген жападан-жалгыз кийим.

(Н.Шамфор)


Эгер чечимди жүрөгүңдүн айтканы боюнча кабыл алсаң, бул жүрөк ооруга алып келет.

(Харви Маккей)


Келесоо адам боорукер боло албайт, боорукерликке анын мээси аздык кылат.

(Франсуа Ларошфуко)


Сулуулуктан көрө боорукерлик өйдө.

(Генрих Гейне)


“Боорукерлик кылсам” деп ыңгайлуу учурду күтүп жүргөн кишинин колунан эч качан жакшылык келбейт.

(Сэмюэл Джонсон)


Боорукерлиги жок сулуулук пайдаланылбаган бойдон жок болот.

(Сэмюэл Джонсон)


Жамандык оору сымал уурданып келет. Жакшылык врач сымал энтигип, чуркап келет.

(Гилберт Честертон)


Таарынычты унут, бирок жакшылыкты эч качан унутпа.

(Конфуций)


Ар жолу мен жакшы бир иш кылган сайын денемдин бир жери айыгып жатканын байкайм.

(Лупи Нгкаиса)


Жакшылык жакшылыкты пайда кылат.

(Софокл)


Өзүмчүл адам жакырчылыкта жашайт. Боорукер адам бай жашайт.

(Максим Лагасе)


Боорукерлик менен мээримдүүлүк биздин үйдү жер бетиндеги бейишке айлантат.

(К.Бартол)


Жаш кезде мен акылдуу кишилерге суктанчу элем. Азыр эми картайганда  боорукер кишилерге суктанчу болдум.

(Авраам Джошуа Хешель)


Боорукер адамды дайыма кубаныч коштоп жүрөт.

(Борис Васильев)


Атак-даңкың, акчаң болгону көп деле маанилүү эмес. Эгер боорукер жүрөгүң болбосо, сен түккө да арзыбайсың.

(Луи де Фюнес)


Боорукер кишини көп учурда келесоо экен деп ойлошот.

(Еврей накылы)


Боорукерлик билинет, эки жүздүүлүк ашкереленет.

(Фэн Цзицай)


Сага көз каранды болгондорго карата дайыма боорукер бол.

(Кей-Кавус)


Жамандык убактылуу, боорукерлик түбөлүктүү.

(Шота Руставели)


Мен “тозокто деле боорукер адамдарды жолуктурса болот окшойт” деп ойлоно баштадым.

(Мигель де Сервантес)


Менин жүрөгүм айкөл, абийирим таза, ошон үчүн семирип, толуп баратпаймынбы...

(Александр Николаевич Островский)


Жамандыкты оңдосо болот, бирок аны жакшылыкка айлантуу мүмкүн эмес.

(Клайв Стейплз Льюис)


Эгер амандык жеңчү болсо, анын атын “Жакшылык” деп жар салышат. 

(Аркадий Давидович)


Мамат Сабыров 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер