“Баардыгын коё берсең, эң жакшысы сага өзү келет”
Шри Шри Рави Шанкар – индиялык гуру жана коомдук ишмер, “Жашоо санаты” эл аралык уюмунун негиздөөчүсү.
2004-2006-жылдары Нобель комитети тарабынан Нобель Тынчтык сыйлыгына көрсөтүлгөн, 2009-жылы Forbes India журналынын версиясы боюнча Индиядагы эң таасирдүү 5 адамдын тизмесине кирген. Жыл сайын Европарламентте өткөрүлүүчү “Бизнестеги этика үчүн” эл аралык форумунун идеялык дем берүүчүсү болуп саналат.
Шри Шанкардан оптимизмге толтурган 7 кеңеши
1. Эч жакка шашылуунун кереги жок. Бирок сен өзүңдү жакшы сезген жерде болушуң керек. Эгер сен ал жерде жок экениңди сезсең, анда туруп, ички үнүң чакырган жакка бар. Бир нерсени табуу үчүн алыстарга баруунун кереги жок экенин унутпа. Бул абдан ичке сызык, ачкычы дайыма жаныңда болот.
2. Адамдарды жана окуяларды башкарууга умтулба. Пландаба, күтпө, көп нерсени каалабастан колуңду бошот. Тыныгууга туруштук бере алсаң, эч нерсе болбойт. Адамдар сага келишине, окуялардын өзүнөн өзү болуусуна жол ач. Алардын сен аркылуу болуусу да кокустан эмес.
3. Өзүң менен өзүң болууга жана башкалардын башка болушуна эркиндик бер. Ар кимдин өз жолу жана өз турмуш сабактары бар экенин унутпа. Эгер силердин жолдор кайчылашса, бул абдан жакшы. Бирок алар эки жакка бөлүнүп кетсе да жакшы, анткени баардыгынын аягы жакшылык үчүн болот.
4. Баардыгына бир убакта жана дароо ээ болууга умтулба. Эч нерсе жоктой сезилгенде да дайыма бир нерсе бар. Эмне жетишпейт – досуңдун, агаңдын, эжеңдин, кокусунан өтүп бара жаткан адамдын да колу созулат. Баардык нерсеге ишен.
5. Ар бир адамды жана баардыгын жылмайып, сүйүү, урмат менен тосуп ал. Бирок эч качан коштошпо, анткени эч качан акыркы нерсе болбойт. "Рахмат, дагы көрүшкөнчө" деп айт.
6. Адамдарга, мейкиндикке, Кудайга ачык бол – муну каалагандай ата. Жашооңдогу баардык нерсе сен үчүн эң жакшы жол менен калыптанууда, буга ишен. Керек болсо эч айла жок учурда да, бир нерсе бар... Кайдан жоготоруңду, кайдан табарыңды билбейсиң.
7. Таза көйнөк кийүү үчүн эскисин таштоо керек. Эски, далилсиз, бош нерселер жана ишенимдерге такалып калсаң, жаңы нерселерди үйрөнүү же өзгөртүү мүмкүн эмес. Акылыңды ийкемдүү кыл!
"Азия Ньюс" гезити