Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Китеп окуунун организмге кандай пайдасы бар?

Китеп окуунун организмге кандай пайдасы бар?

02-июнь, 19:06
449 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

      Китеп окуу өмүрдү эки жылга узартат. Бул Йель университетинин окумуштуулары далилдеген факт. Китеп окуганда мээ клеткаларынын арасындагы байланыш күчөйт. Бул өз кезегинде нейродегенеративдүү оорулардын пайда болуусунан сактайт. Китеп окуу эске сактоо жөндөмүн жакшыртып, депрессия менен күрөшүүнүн жакшы ыкмасы болуп саналат.

      Стрессти төмөндөтүүнүн жакшы ыкмасы

      Окумуштуулар менен дарыгерлер стресс адам организминдеги оорулардын 60 пайызынын себепчиси болорун айтып келишет. Узак убакытка созулган стресс инсультту 50 пайызга, жүрөк кан тамыр ооруларынын пайда болуусун 40 пайызга жогорулатат. Ал эми китеп окуу стресстин деңгээлин 68 пайызга төмөндөтө алат экен. Болгону 6 мүнөт китеп окуу жүрөктүн согушун жакшыртып, булчуң эт кычышканын басат. Бирок, бул монитордон карап окуу деген эмес.

      Окумал болуу уйкусуздукту дарылайт

      Көптөгөн адамдар жатар алдында планшет менен телефонду карап жатышат. Алардан чыккан көк түстүү жарык организмдеги мелатонин (уйку гормону) гормонунун бөлүнүүсүн алсыратат. Ал эми китеп окуу жатар алдында уйкуну чакырат экен.

      Китеп окуу кыйын учурлардан чыгууга жардам берет

      Кээ бир адамдар китепти чындыктан качуу катары эсептешет. Бирок, илимий изилдөөлөр көрсөткөндөй, китеп окуу коомдогу жөндөмдөрдү жогорулатарын көрсөткөн. Китепти көп окуган адамдар башкалар менен тил табышып, кыйын учурлардан чыгуусуна, керек болсо жакшы көргөн адамын түшүнүүгө да акыл калчай алышат

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер