Акыркы кабарлар
» Кеменгер кеп » Адам бул жашоого эмнеге келгенин түшүнүү керек
Адам бул жашоого эмнеге келгенин түшүнүү керек
28-февраль, 19:39


Ар бир адамдын жашоосунда эки жакшы күн бар. Өзүнүн бул жашоого келген күнү жана эмнеге келгенин түшүнгөн күнү.
Ххх
Сени баалабаган адамдар тууралуу ойлонуп, көп кайгыга бата бербе. Чыныгы алтындын баасын зергер гана билет. Ар ким өз деңгээлине жараша түшүнөт, сүйлөйт, сүйөт, сүйүлөт жана жашайт. Ар ким өз деңгээлине жараша иш жасайт.
Ххх
Ийгиликтин сыры аз болсо да күн сайын кайталап туруу керек.
Ххх
Сени укпаган чөйрөдө кыйкырып сүйлөгүчө, сени уккан чөйрөдө шыбырап сүйлөгөн жакшы!











