Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Оорулууга үмүттүн бир тал чөбүн берсеңиз, ал чөптөн устун, устундан үй жасап алат

Оорулууга үмүттүн бир тал чөбүн берсеңиз, ал чөптөн устун, устундан үй жасап алат

22-март, 23:16
1 182 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бирөөлөрдүн ден соолугу үчүн ичип жүрүп, өзүм ооруп калдым.

(Еврей накылы)


Жаш врач бир ооруга жыйырма дары жазып берсе, тажрыйбалуу врач жыйырма ооруга бир дары жазып берет.

(Уильям Остер)


Сүйүү ушундай катуу оору, ал бир учурда эки адамды төшөккө жаткырып коёт.

(Роберт Лембке)


Үйүндөгү гүлдөрү соолуп турган врачка эч качан жардам сурап барбагыла.

(Эрма Бомбек)


Жандүйнө ооруган кезде акыл-эс соо калышы кыйын.

(Эмиль Мишель Чоран)


Улуу актёрлор оорудан да, картайгандан да өлүшпөйт. Алардын жашоосу эч ким кол чаппай калганда бүтөт.

(Альфонс Доде)


Сүйүү менен чуманын симптомдору окшош.

(Габриэль Гарсиа Маркес)


Сексуалдык революция вирустардын толук жеңиши менен бүттү.

(Патрик О'Рурк)


Мекенди унутууга болбойт. Ата журтуңду сагынгандан өткөн жакшы оору барбы?

(Иоганн Георг Гаман)


Мен оорулуу эмесмин. Тек гана октябрь айында ичимди кандайдыр бир жырткыч айбандар жулкуп тиштеп жаткандай сезем.

(Габриэль Гарсиа Маркес)


Үмүтү үзүлгөн бейтап өз өлүмүн өзү жакындатат.

Кээ бир бейтаптар врачтын кыйындыгына ишенген үчүн эле айыгып кетишет.

(Гиппократ)


Оорулууга үмүттүн бир тал чөбүн эле берсеңиз, ал чөптөн устун, устундан үй жасап алат.

(Стефан Цвейг)


Эгер коомдо балдарга караганда ит менен мышык көбүрөөк болсо, анда ал коом оорулуу экен.

(Вильгельм Швебель)


Кайсы бир оору тууралуу гезитке жазар замат окурмандардын көбү өзүнөн анын симптомдорун издей баштайт.

(Карел Чапек)


Акча ооруну айыктырбайт, анын симптомдорун гана өзгөртөт.

(Джон Стейнбек)


Жакшы врач оорудан куткара албаса да жаман врачтан куткарат.

(Жан Поль Рихтер)


Согуш – бул эрдик эмес. Согуш – оору. Тиф сыяктуу оору.

(Антуан де Сент-Экзюпери)


Денең – сенин досуң. Ага душманыңа кылгандай мамиле кылба.

(Эрик Берн)


Биздин он бактыбыздын тогузу ден соолугубузга байланыштуу.

(Артур Шопенгауэр)


Врачтын репутациясы анын колунан атактуу кишилердин канчоосу өлгөнү менен бааланат.

Биз бейтаптарды дарыга ишендирип койгонбуз, ошон үчүн алар азыр врачка эмес, аптекага барышат.

(Бернард Шоу)


Бүгүн врачтар ооруну кантип айыктырганга караганда, аны айыктыруу канча турарын жакшыраак билишет. 

(Гарри  Симанович)


Айыкпас оорунун дарысы – мүрзө, айыкпас оорунун врачы – өлүм.

Оору чуркап келип, жай адымдап кетет.

(Армян макалы)


Карызыңды жашырсаң – билинет, ооруңду жашырсаң – азабын тартасың.

(Түрк макалы)


Көп учурда оору адамга ал дагы бир катачылыкка жол берүүсүнө жолтоо болуш үчүн келет.

(Лууле Виилма)


Япондор оору пайда болордон үч жыл мурда эле дарылана баштаса, океңдер өлөрүнө үч күн калганда дарыланат.

(Ренди Гейджи)


Ушак уккан – оору, укпай койгон – анын дарысы.

(Чечен макалы)


Китеп окуу азыркы доордун эң коркунучтуу оорусу – түркөйлүктөн айыктырат.

(Лиза Лукашина)


Оорудан айыкса болот, бирок, өлүмдөн айыга албайсың.

(Кытай накылы)


Иш менен алек болгон кишиге оору деле келбейт.

(Жапон макалы)


Оору дары менен айыкпайт, алтындарым. Туура жашап, түз жүрүш 

керек.

(Михаил Веллер)  


Мамат Сабыров 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер